28-январь күнү Жогорку Кеӊеш башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин 104 депутаттын макулдугу менен жактырды. 29-январда президенттин жарлыгы менен ал башкы прокурор болуп дайындалды. Жолдубаеванын талапкерлиги каралып жаткан учурда Аида Салянова кызматка оор мезгилде келгенин жана чоӊ жумуш жасаганын билдирди. «Бирок менин өз жолум бар. Коррупцияга каршы күрөш улантылат, күчөтүлөт. Мен буга сөз бере алам»,- деди.
Аида Салянованын кызматтан кетүүсүнө жолдошуна карата козголгон кылмыш иши себеп болгондугу айтылганына байланыштуу Индира Жолдубаеванын билими, иш тажрыйбасынан да анын үй-бүлөлүк абалы эӊ көп талкууларды жаратып, депутаттар тарабынан да ушундай суроолор берилип жатты. Жаӊы башкы прокурор турмушка чыга электигин, балдары да жок экендигин айтты. «Күйөөсү жок, балдары жок, демек, үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу тузакка да илинбейт» деген маанидеги пикирлер абдан көп айтылды.
Эл өкүлдөрү тарабынан узатылган соболдорго орус тилинде жооп берип жаткандыгы үчүн Индира Жолдубаевага кыргыз тилин өздөштүрүү керектиги эскертилди. Буга чейин Президенттик аппаратта Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгын аркалап келген жаӊы башкы прокурор 35 жашта. 2002-жылдан тартып юрист катары эмгек жолун баштап, 2008-жылы Президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн эксперти болуп жумушка орношкон. Соӊку үч жыл бою соттук систем, прокуратура, тергөө органдарына реформа жүргүзүү маселелери боюнча алектенип келген. Аида Салянова сыяктуу эле Жолдубаева дагы прокуратурада бир да күн иштеген эмес.
Индира Жолдубаева менен катар эле кызматтан бошогон Аида Салянованын азыр кайда экендиги, кайсы партиянын катарында парламенттик шайлоого катышып калышы мүмкүндүгү же ага кандай кызмат сунушталып жаткандыгы бир жума бою талкууланды. «Күйөөсүнүн кайсы бир иши үчүн өзүн күнөөлүү сезип, акыйкаттыкты туу туткан, коррупция менен аёосуз күрөшкөн адам болуп көрүнүп, кызматтан кетүүгө арыз жазды. Муну менен Саляновага абдан жакшы, жеӊиштүү имидж түзүлдү. Эми бул адамды акырындап дайындап президенттикке алып чыгышат». Анан да «Чет өлкөгө качып кетиптир» деген сөздөр айтылып жатты. «Качып кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарып, 28-январь күнү Аида Салянова: «Эмгек өргүүсүнө чыккандан бери Кыргызстанда элемин. Жаӊы жылда гана Ат-Башыга 3 күнгө барып келип, калган күндөрү Бишкекте болдум. Мен мажбур түрүндө тыныгуу алдым. Кызматта калуу үчүн көп ишти аткарууну сунушташты, алардан баш тарттым. Белгилүү бир окуяларды айтпоо үчүн өзүмдү күчтөп болсо да кармайм. Жакын арада болуп өткөн окуяларга байланыштуу баамды жана келечектеги пландарымды айтып чыгам»,- деп «Акипресс» маалымат агенттигине билдирди.
Күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу жубайынын жооптуу кызматтан кетиши Кыргызстанда чанда жолуга турган окуя. Түздөн-түз күнөөсү болбосо да моралдык жактан айыбын сезүү чиновниктерди жакшы жолго салмак. Бирок Салянованын «акыры бир күнү айтам» дегенине караганда аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылышты.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg