26-январь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев «Зарыл ишиӊ болбосо, Зардалыда эмне бар?» фильминин авторлорун кабыл алды. Режиссёр Абдулалим Мамадалиев, идеянын автору Молдосеит Мамбетакунов жана режиссёр-монтаждоочу Ракыя Шершеновага Баткен облусунун Баткен районундагы шарты катаал алыскы Зардалы айылынын тургундарынын жашоо-шартын чагылдырган тасма жараткандыгы үчүн президент ыраазычылык билдирди.
«Бул туулуп-өскөн айылды, мекенди сүйүү тууралуу жакшы фильм. Алыскы, тоолуу, чек арага канатташ айылда жашаган кыргызстандыктардын эмгекчилдиги жана кайратмандыгы жөнүндө. Тасма жылуу маанайга жана жакшылыкка үндөп, көрөрмандарга дем берип турат. Кыргызстанда тартылган кинофильмдер жаратмандыкка, билим берүүгө чакырып, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүп, элге үмүт тартуулоого тийиш»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчы Зардалы айылынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү көзөмөлгө алуу, анын ичинде айылдын статусун аныктоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди. Ошону менен бирге президенттик фонддон Зардалы айылынын мектебин электр энергиясын иштеп чыгуучу жабдуу, компьютерлер, окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн көмөк көрсөтүлөрү айтылды.
2013-жылы биздин гезит да кароосуз калып кеткен Зардалы кыштагы тууралуу кеӊири макала жарыялаган. Кары кишилер шарты канчалык катаал болбосун, ата-бабасы жашап өткөн жерди таштап кете алышпасын билдиришкен эле. Кыштакты район менен Данги деп аталган тоо боорундагы бир таман чыйыр жол байланыштырып турат. Тургундар эгинин орок менен оруп, буудайын суу тегирменден тарттырып, таштан салынган үйлөрдө турушат. Айыл тургундары тамашалай «шаардыктар эски заманды сагынышса, Зардалыга келип кетсин» дешет.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg