Айымдарды азапка салган ЭМЧЕК РАГЫ

Мезгил үнү

2008-жылы Кыргызстанда 451 аял эмчектин рак оорусу менен катталган. Алардын ичинен 244ү дүйнө менен кош айтышып, калганы учурда дарыланууда. Бул илдеттен жабыр тарткандардын саны дүйнө жүзүндө, Кыргызстанда да күн санап көбөйүүдө.

КЕЗЕК КҮТКӨН АДАМ КӨП
Эмчектин рагы – ооруган айымдын гана эмес, анын жакындарынын, балдарынын да кайгысы. “Бул дартка чалдыкпаш үчүн аялзаты алдын-ала эмне кылуу керек?” деген суроого жооп алуу максатында Улуттук онкология борборун көздөй бет алдык. Врач-маммологдун кабинетине жете бергенибизде эшик алдында кезек күткөн бир нече айымды көрдүк. Бир күндө эле ушунча айым текшерүүдөн өтөбү? Мунун баары ооруга чалдыккандар болсо керек деген ойго жетелендик. Кезекке тургандардын баары жаш-кары дебей колдорунда кагаз кармап терең ойго чөмүлүшөт. Ошондой эле бул жерден жубайынын сумкасын, пальтосун кармай күтүп турган мырзаларга да көзүң урунбай кой­бойт.
Кезегим келип врач, онколог-мам­молог, хирург Мамаджанов Закир Курбановичтин кабылдамасына кирип, эмчек рагы жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды алдык.

ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?
Эмчектин рагы организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдөн пайда болот. Буга ар кандай стресс, жаракат алуу (травма), сексуалдык жашоонун туруксуздугу, төрөгөндөн кийин мастит оорусу, организмдеги ар кандай өзгөрүүлөр себеп болот. Ошондой эле эмчек рагы тукум куучулук касиетке да ээ. Муну энеси ооругандын кызы да ооруйт деп түшүнбөш керек. Мындай кырдаал сейрек кездешет. Мындан тышкары айымдар дайым таза ич кийим кийип жүрүш керек. Ич кийим аркылуу инфекция кирип, козголо албай жаткан дартты козгошу мүмкүн.

АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
Эң жаманы – эмчек рагынын баштапкы стадияларында такыр байкалбаганы. Оорутуу да билинбейт. Билинбей отуруп эле ракка айланып кетет. Ошондуктан ар бир айым жылына эки жолу атайын текшерүүдөн өтүп туруусу зарыл. Ал эми айыл жергесинде маммологдор болбогондуктан, гинекологдорго текшерилип турушу керек. Гинекологдор эмчектеги шишикти кармап көрүп эле билишет.
Мындан тышкары ар бир айым күн тийген бөлмөгө кирип чечинип, күзгүдөн эки эмчектин түзүлүшүнүн бирдей болушун байкап турушу шарт. Шишик болсо бир тарабы чоңураак болуп калат. Эгер шишик пайда болуп, үрпүнөн суюктук чыга баштаса, анда сөзсүз маммологдорго кайрылуу керек. Маммологдор маммограмма, ультраүн аппараттарынын жана гисталогия, цисталогия лабораторияларында текшеришип, диагноз коюшат. Андан соң дарылоо жүргүзүшөт.

РАК КЛЕТКАСЫ КАЙСЫ УЧУРЛАРДА ӨӨРЧҮЙТ?
«Узловая мастопатия», «фиброаденома» «киста» деген диагноз коюлгандарга мончого, саунага барууга жана күнгө күйүүгө болбойт! Себеби радиация көп болгондуктан, оору күчөп, рак клеткаларын өстүрүп жиберет.

ДАРЫЛОО
Дарылоо комплекстүү жана аралаш (комбинированное) болуп экиге бөлүнөт. Химия терапиясын алгысы келбегендерге сунушталат. Негизинен, дарылоо жалаң операция жолу менен гана эмес, нур, химиотерапия жолдору менен да жүргүзүлөт. Ал шишиктин залалсыз же залалдуулугуна байланыштуу болот. Эмчек рагын нур, химиотерапия жолдору менен дарылоо көп учурда ийгиликтүү болуп, узак жашоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аталган оорунун 3-4-стадиясы менен ооруп келгендер деле ушул жол аркылуу дарыланып жакшы болуп кетишет. Бирок онкологияда таптакыр айыгуу деген түшүнүк жок. Жакшылап дарылангандардын арасынан 25 жылдан ашык жашагандарды кездештирүүгө болот. Азыр илгеркидей “кокуй, рак оорусу менен ооруйт экен! Болду жашабайт” деген түшүнүк жок. Азыр залалдуу шишикке каршы күрөшүүчү жакшы дарылар, мыкты дарыгерлер бар. Эң башкысы, оорулуу оптимист болуп, жакшы тилек кылып, жашоо үчүн күрөшүшү керек.

ӨТҮШҮП КЕТСЕ ЭМЧЕК АЛЫНЫП САЛЫНАТ
Эгер эмчек рагы өтүшүп кетсе, анда оор операция жасалып, колтуктун, акыректин, далынын астындагы бездердин баары тазаланып алып салынат. Тагыраак айтканда, эмчекти орду-түбү менен кесип салышат. Анан үч жумадан кийин жиби алынып, кандай өзгөрүүлөр бар экендиги аныкталат. Оорулуу химиотерапиядан, дарылоонун 3-6 курсунан өтүп, токко какталат. Дарыгердин каттоосуна туруп, башында бир айда бир жолу, кийин алты ай сайын текшерилип турушу керек. Рактын 1-2-стадиясында чоң операция жасоонун кереги жок. Мындай учурда жеңил операция жасалып, шишик гана алынат да, токко кактап, дарылоо жүргүзүлөт.

ТАБЫПТАРГА КАЙРЫЛУУ ТУУРА ЭМЕС!
Учурда көпчүлүк айымдар “эмчегим сезгенип калыптыр” деп табыптарга кайрылышат. Бул таптакыр туура эмес. Муну менен оорулуу өмүрүн кыскартышы мүмкүн. Убакытты созуп жүрө беришет да, күчөгөндө гана дарыгерлерге кайрылышат. Эч кандай табып эмес, медициналык жол менен гана дарылануу керек.

“ӨТҮШҮП КЕТИШИНЕ ДОКТУРЛАР КҮНӨӨЛҮҮ”
Закир Курбанович менен баарлашкан соң операция жасатканбейтаптардын палатасына баш бактык. Ал жакта онтолоп жаткандарды көрүп зээниң кейийт. Гезиттенбиз деп айтсак, палатадагы алты айымдын бешөө өздөрү тууралуу айтып берүүдөн баш тартышты. Алардын арасындагы Салима (аты өзгөртүлдү) эже гана “сү­рөткө түшпөйм жана атымды өзгөртүп бересиңер” деген шарт менен төмөнкүлөрдү айтып берди:
43 жаштамын. Аксы районунан болом. Мен 3 баланын энесимин. Бала эмгизип жүргөндө эмчегимдин бир каналында сүт чогулуп калып калган экен, оорум ошондон башталыптыр. Ошко барып доктурларга көрүнсөм туура эмес диагноз коюшуп, дарылоону да туура эмес жазып берип коюшкан. Ош-Бишкек деп ары-бери сүйрөлүп жүрө берип, мына 3-4-стадияга өтүп кетти. Менин оорумдун күчөшүнө дарыгерлер күнөөлүү. Операция жасалганына 20 күн болду. Сол эмчегимди толугу менен кесип ташташты. Чачым болсо түшүп, калбай калды. Эми анализдеримдин жыйынтыгы жакшы чыкса экен деп жатам”,- деп бет аарчысы менен көз жашын аарчып жатты. Сүйлөшүп бүткөн соң эжеге тезирээк сакайып, бул күндөрдү унутта калтырып балдарынын жакшылыгын көрүшүн тилеп чыга бердик.

Жашоонун айбатына, жандын кайраты туруштук берет дейт эмеспи. Бул татаал күндөр да өтөт. Келечекте рак оорусун жеңген дары-дармек чыгарына толук ишенебиз. Ага чейин ден соолугубузга өзүбүз кам көрүп, эч кандай дартка моюн сунбайлы.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ilgez
2009-12-10 08:51:27
Эльмира эже тезирээк сакайып кетиниз , балдарыныз сизди чыдамсыздык менен кутушуп жатышат..
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан