КЫЛМЫШ КЫЛГАН ДЕПУТАТ УЯЛБАЙ, КООМЧУЛУК УЯЛЫШЫ КЕРЕК ЭКЕН...

28-январь күнү Жогорку Кеӊеш «Ар-намыс» фракциясынан Нурлан Төрөбековду депутаттык кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербей койду. 7 гана депутат Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүн колдогон добуш берген. Төрөбековго карата Башкы прокуратура былтыркы жылы 24-сентябрда "мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси" деген класстык чинди жасалма дипломду пайдаланып алган" деп кылмыш ишин козгогон болчу. Бул ишке байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында Нурлан Төрөбековдун Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алган диплому жасалма экендиги тастыкталган.
Депутаттарга кылмыш иши козголгондо парламенттеги бир топ эл өкүлдөрүнүн жактоочуга айланышы көнүмүш иш болуп калды. Бул сапар «Ата Журт» фракциясынан Курмантай Абдиев өзгөчөлөндү. «Нурлан Төрөбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу суроону киргизүү – бул уят иш. Дипломду пайдалануу менен класстык чин үчүн алган 15 миӊ сомду 2 киши ресторанда түштөнүүгө коротуп коё алат. 15 миӊ сом бул эмне, мамлекет үчүн чоӊ жоготуубу? Нурлан Төрөбеков ал акчаны деле кайтарып бериптир. Өзүӊөр деле салыштырып көрсөӊөр, 15 миӊ сом жана депутат. Анда бизнес-класс менен учкан адамдарды да жоопкерчиликке тарткыла»,- деди Абдиев.
Депутаттар үчүн 15 миӊ сом, балким, чоӊ акча эместир. Маселе анда да эмес. Маселе мамлекеттик саясий кызматкердин болбогон акча жана чин үчүн мыйзамсыз ишке, кылмышка барышында. Бул окуя көз жаздымда калып кете турган болсо, анда Нурлан Төрөбеков жасалма диплому менен бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен дагы канча жолу 15 миӊ сомдон алып жүрмөк?! Мамлекеттен чин алыш үчүн диплом жасатып жатышса, башка жеӊилдиктерге, пайдага ээ болуш үчүн чиновниктер дагы кандай документтерди жасатып, мыйзам бузуп жатышат? Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат болуп, кылмыш кылган депутат уялбай, анын жоопкерчиликке тартылышы керегин талап кылган прокуратура, коомчулук уялышы керекпи? Коррупциялык иштери үчүн кылмыш ишине тартылгандардын саны боюнча да, коррупционер кесиптештерин уят-сыйытты, мыйзамды сыйлоону жыйыштырып салып коргоо боюнча да Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышы тарыхта кала турган болду.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Kalin466
2015-02-02 11:29:41
Уят бети жоктор,элдин кусуру урсун силерди,депутаттар
+1
admin_superstan
2015-02-02 12:02:31
citizen, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 3 күн БАН!
0
vangolu
2015-02-02 12:10:04
15мин сомум болгондо эт алып бир ай жемекмин.жаны сапожка алып,бутумду жылуулап журмокмун.кышында ушубой устумо жылуу пальто алмакмын.а булар 2киши ресторанга отурат имиш.
0
uulay
2015-02-02 13:00:32
Бул депутат романо-гер.факультетте окугам дейт.Менин билишимче инфак да.немец же француз тилин уйротсо кк.анан кантип сырттан окуган?себеби инфак мн медфактын сырттан окуу болуму жок да?
0
asel.bahtierova
2015-02-02 14:23:53
Мына сага депутаат, чондор ушунтип карупценер болуп жатса карапайым калк эмне болот, дагы карупцияны жойобуз деп койушат, айланайын депутаттар биринчи озунорду тазалап анан коомду тазалагылачы.
0
Erniet
2015-02-02 15:45:54
Депутаттардын баарын иштен айдаш керек

0
s9zen098
2015-02-02 15:46:08
Мугалимдер ошо силер бир ресторанга кирип чыккан 15мин сомунарды уч айда таап атат. А силер кайсы кыйраткан жумушунарга анча акчаны алып атасынар
0
mirlan15
2015-02-02 17:14:37
Азыр элдер кыйналып суукта базарда эптеп 1 айда 8мин сом таап журушсо булар бир эле тамактанышана 15 сом кетсе! Негизи бизди карапайым калкты эч кимиси билишпейт кандай абалда элдер жашап жатканын!
0
Sadyrov_n93
2015-02-02 21:48:54
Кандай бети жок бул депутаттын,керели кечке суукта отуруп айына 5-6мин алышса бул манкурттун суйлогонун кара,жоопко тартылышы керек 50тыйын жесе дагы,уялбай кантип депутат болуп журду экен бул тугот.
0
Nurzada-5
2015-02-02 22:50:11
Оооууу биз 15 минди эки айлап эртен менен саат 8ден кечки 6 га чейин отуруп иштеп атып алабыз.
Эгерде карапайым бир киши жасалма диплом менен кармалса соттолуп кетмек. Эгер бир мугалим оз мээнети менен дипломдук иш жазып сатса аны да соттошмок. Жогорку кенеш - элита деп коюшат, уят, абдан уят.
0
zamir0506
2015-02-02 23:39:42
Арам тамак аш болбойт дегендей. Арамдап тапсан 15 000 эмес 15 сом тапсан да уялыш керек. Биздин депутаттарга 15 000 акча эмес болсо. Бир жакыр уй-булого 150 сом берер бекен. Андайда 150 сом деле акча болуп калса керек. Жегени келгенде 15000 да акчабы деп кантип уялбай айтты экен. Ошол бир отуруп жегендери карынынан эмес тизелеринен тешип чыктат окшойт.
0
ALIK-BRO
2015-02-03 00:44:25
Ушундай жанылык уксам ичип еле кетким келет да. Э аз калды кетесинер кеткенде да укмуш салтанат менен да опшый мурункудай бирден кетип болду бовойт.
0
samiev.nurbek.
2015-02-05 00:26:42
бизге качан Мырзакматов президент болгондо кыргызстан онолот
0
bakyt_2015
2015-02-06 14:23:28
Курмантай Абдиев денгээлин ото эле томон адам экенсин, озундун дипломун деле сатып алынганы суйлогонундон билинип турат. Ушундай адамдарга тагдырын тапшырган кыргыздын шору!
0
ooki8888
2015-02-12 13:50:43
7 депутаттан ким болду экен? Ушулар калып калганын кетип эле калсанар кана, атаганат.
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан