22-январь күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы тынчын алган жаранды атып салганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу 27-январда Нарын ОИИБинин жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчысы Надырбек Бийсеевдин үйүнө буга чейин 2 жолу соттолгон М.С. аттуу жергиликтүү тургун кирип келип, коркутуп-үркүтүп акча талап кылгандыгы үчүн аны үй ээси мылтык менен атып салган. Оор жаракат алган жаран аймактык ооруканадан каза болгон. Маркум буга чейин айылдаштарынын жүрөгүнүн үшүн алып келгендиги айтылууда. Учурда ок чыгарган айыл өкмөтү камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg