БИР БҮРКҮМ

  • КСДП фракциясына депутат Гүлнара Жамгырчиеванын бошогон ордуна САМАТБЕК ИБРАЕВ, ал эми «Ата Журт» фракциясына Нариман Түлеевдин ордуна ТААЛАЙБЕК ИБРАЕВ келди. Жамгырчиева акыйкатчынын орун басары болуп шайланса, Түлеев сот өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу мандатынан ажыраган.
  • Өлкө боюнча былтыр жаш балдарга карата 909 кылмыш жасалгандыгы катталган. Ал эми акыркы 9 жылда ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАН 92 жашы жете элек бала каза болгон. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
  • Борбордук шайлоо комиссиясы 23-январдагы жыйынында «Республика» фракциясынан депутат УРМАТ АМАНБАЕВАНЫ жеке ишкердик менен алектенгени үчүн мандатынан ажыратты.
  • Азыркы тапта согуш жүрүп жаткан СИРИЯ жана башка мамлекеттерде 200гө чукул кыргызстандык жүрөт. Алардын 30га жакыны каза болушкан, арасында аялдар да бар.
  • Ишкер РАЙКАН АЛКАНОВГО кол салуу боюнча иликтөө иштери аяктады. Талас ОИИБинин башчысынын орун басары Талант Омуралиевдин айтымында, зордуктоо боюнча факт тастыкталган жок.
  • Парламент Кыргызстанга Оӊ РУЛДУУ автоунааларды ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду кабыл алды. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
  • 28-январда Башкы прокуратура САДЫР ЖАПАРОВДУН «Саясатка аралашкан 10 жыл» китебинде жазылган маалыматтардын бири да тастыкталбаганы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тартты.
  • Соӊку бир жылдын ичинде ДОЛЛАР 10 сомго кымбаттап, РУБЛЬ 56 тыйынга арзандады. 2014-жылдын январында 1 доллардын баасы 50 сом, 1 рублдун баасы 1 сом 45 тыйындын тегерегинде болчу.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан