Абдылда Иманкулов, куудул: «ДЕПУТАТТЫККА БАРБАЙМ. АКЫЛ ЭМЕС, АКЧА ЖЕТПЕГЕНДИКТЕН»

«Кайсы жерге барып концерт койбойлу, жок дегенде залдын жарымы толот, кээ бирөөлөрдөй мажбурлап билет сатып эл чогултпайм» дейт куудул Абдылда Иманкулов. Ичтеги арманы, ызасы, күйүтү, сүйүнүчү менен бөлүшкөн куудул бир каткырып, бир кабагын түйүп отуруп кызыктуу маек куруп берди.

– Куш келипсиз маек төрүбүзгө, Абдылда мырза! Алгачкы суроом, «Ар бир айдын алтысы» долбоору эмне себептен жабылып калды?
– Саламатсыздарбы? Ал долбоор беш жыл өмүр сүрдү, андай болду, мындай болду дей албайм, кандай болгонуна эл күбө. Биринчиден, бир концерт берип артынан кайра концертке даярдануу азаптын азабынан, экинчиден, куудул балдарды кармап турган рычаг жок калганынан токтоп калды. Алар тойлор менен жанын багышат да, түнү менен тойдо жүрүшүп, эртеси репетицияга келишпейт. Бир айда жакшы даярдансак, экинчисинде даярдана албай калабыз. Ошондой боло бергендиктен уят болбоюн деп бир жыл мурун долбоордон чыгып кеткем. Эми таптакыр жабылды.
– Чыгармачылык казанында кайнап жатканыӊызга канча жыл болду?
– Аскерден келгенден кийин эле Токтогул театрында актёр катары жумушка орношуп, ошол жерде спектаклдерде өзөктүү ролдорду аткара баштадым. Спектакль бүткөндөн кийин бир саат элге концерт берчүбүз, ошондо алып баруучулук кылып, эки ырдын ортосунда куудулданып да койчумун. Ал жерден анан Оштогу филармонияга жумушка кирдим. Ошол күндөрдөн бери 35 жыл өтүптүр.
– Сиздин атаандашыӊыз деп Рахман Разыковду билсек болобу? Мисалга, экөөӊөр окшош машина минет экенсиздер дегендей...
– Биз эми атаандашчу мезгилден өтүп кеттик. Жаш кезде деле ортобузда атаандашуу болгон жок. Экөөбүз теӊ бири-бирибизден калышпайбыз. Машинага келсем, биздин муун, мисалы, Күмөндөр, Рахман, мен, Жаныбек рулга кеч отурдук. Ошондуктан чоӊ трассадан, анда да байкабай калганда, саатына 120 чакырым ылдамдыкта айдап алып коркуп кетем. Негизи унаамды бир жарым, эки жылда алмаштырып турам. Техниканы билбеген жаным бузулуп калабы деп тез-тез сата берем.
– Кесиптештериӊиздин айрымдары 2-3 аял алышты, сиздин бир жеӊебиз менен жашашыӊызды сүйүүдө туруктуу деп билелиби же эч ким карабай койду деп түшүнөлүбү?
– Карабай жатат дейин десем, мени эмес, Жамбылды деле карап жатышпайбы. Бирөөнүн 2-3 аял алганына, 2-3 күйөөгө тийгенине сын тагып да, талкуулап да болбойт. Үй-бүлөнүн ички мыйзамдарына эркек менен аял көнүп жашаса, анан түтүн уланат. Бир катаӊды дагы кайталап алган учурлар кездешиши мүмкүн, бычактын кырында жүргөн мезгилдер да болот, жаштыкка алдырасыӊ, пенде болгондон кийин көп каталарды кетиресиӊ. Моюнга алыш керек, акмакчылык көбүрөөк эркектерден кетет. Бирок ошонун баарын көтөргөн аял акыры жеӊип чыгат, ушунча жүрүп аялдын утулганын көрө элекмин.
– Жеӊебиздин жеӊишке жеткенине канча болду?
– Утканына 4-5 жыл болуп калды. Куда күтүп, небере көргөндө эле менден сурап отурбай желек аялыма өтүп кеткен.
– Аялыӊыз капа кылса кантип жазалайсыз?
– Чогуу жашаганыбызга 33 жыл болду, бир жолу кызуулуктан колум тийип кеткен. Кээде жинге тийгенде чорт гана «тигини, муну бер» дегеним болбосо, 2-3 күн сүйлөбөй коём. Анан конок келип калат же дагы бир нерсе чыгат, кантип сүйлөшүп кеткенимди деле байкабай калам.
– Ала жипти аттаган учуруӊуз болду беле?
– Аттадым дейин десем үйдө аялым отурат, аттаган жокмун дейин десем көпчүлүк «эркек эмес экен» дешет. Мындай суроолорду Тынар (ред. Курбаналиев), Рыспек (ред. Жантөрөев) дегендерге берчи, ошолор жакшы жооп берет.
– А балдарыӊызды кантип тарбиялайсыз?
– Артист атаны баласы жөн эле алдап коюшу мүмкүн. Талаалап эле жүрсөм, балам «үйдөн чыкпай сабак окуп отурдум» десе ишене берем да. Ошондуктан балдарды тарбиялоо энесинин милдети. Атанын орду баарынан өйдө, өзгөчө, сырдуу болуш керек деп ойлойм. Эгер маселе жаралса мага түз жеткирбей, апасынан айттырышат. Анан чакырып алып кеп-кеӊешимди берем.
– Эӊ жакын досуӊуз жана касыӊыз барбы?
– Жакын достор көп, бирин айтсам, экинчиси таарынат. Элдешкис касым жок. Анткени мен жаман-жакшы айтышкыдай мамлекеттик кызматтарда иштеген жокмун да. Жоро-жолдоштор арасында таарынышуулар болуп калат, убакыттын өтүшү менен кайра эле чечишип алабыз. Мисалы, Рахман экөөбүздүн ортобузда ачык айтылбаган капачылыктар болуп калганын байкап калам. Сүйлөшүп калганда ошол теманы экөөбүз теӊ козгобойбуз.
– Саясатчыларга көп тийишесиз, эмнеге?
– Бүгүнкү турмушту ошолор түзүп берип жатышса, биз, куудулдар, саясатчыларды айтпаганда кимди айтабыз?!
– Эмнеге өзүӊүз депутат болом деп чыкпайсыз?
– Мен депутаттыка барбайм, акылымдын эмес, акчамдын жетпегенинен. Сен азыр акчасы жок депутат болгон адамдын атын атачы. Бирөөнү да таппайсыӊ. Бир жолу депутаттардын бири "сен депутат болушуӊ керек экен" дейт, "ооба, мен болушум керек. Элдин көӊүлүнө жаккан көп нерсе айтасыӊ, эч нерсеге жооп бербейсиӊ, "как раз" менин ишим" дедим.
– Депутаттарга нааразы болуп жатып эле шайлоодо үгүт иштери менен чуркап каласыз го...
– Адам үмүт менен жашайт экенбиз. Ошол үмүт, ишенич менен кайсы бир партияга добушумду берем. Мени менен жакшы мамиледе жүргөн инилерим бар, ошолордун жанында жүрүшүм мүмкүн.
– Сынды кандай кабыл аласыз?
– Эгер орундуу болсо эмнеге кабыл албашым керек? «Ар бир айдын алтысында» баш-аягы 150 интермедия ойноптурбуз, ошонун 130уна мен аралашыптырмын. Бул билген кишиге чоӊ эмгек. Бир жолу Келдибек Ниязов телевизордон бизди сындап «халтура» деп сөз сүйлөдү. Сен уктуӊ беле Келдибек байкенин бир жолу жеке концертин бергенин? Мен ыраазы болот элем, эгер ар бир айдын алтысында эмес, беш жылда да эмес, он жылда бир жеке концертин өткөрсө.
– Кейиген учурларыӊыз болобу?
– Менин кейигеним, көзү тирүүсүндө ал адам тууралуу жакшы сөзүбүздү айтпаганыбыз. Өткөндө Алтымыш Кадыровду эскерүү концерти болду. Кара-Суу районунун кыйындары бүт келишиптир. Алтымыш жөнүндө сүйлөгөндөн кийин «жакшы сөзүбүздү айтыш үчүн адам сөзсүз өлүш керек экен. Жакында Рахман Разыков алтымыш жылдыгын берет, ушул жерде отурган кыйын чыкмалар, алтымыш жылдыкка келбесеӊер, эскерүү кечесине киргизбейм» дедим.
– Бактылуусузбу?
– Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт экен. Кээ бир тойлордо тамадалар "кол чапкыла, чапкандардын балдары министр, чаппагандардын балдары ошол министрдин шоопуру болсун" деп калышат. Адамдын бактысы министрликте, депутаттыкта, жадакалса президенттикте да эмес. Муну Кыргызстандын тарыхы кайра-кайра далилдеп жатат. Мен бактылуумун.
– Жакынкы пландарыӊыз...
– Февралдын ортосунда борбордо концерт берейин деп даярдануудамын.
– Маегиӊизге рахмат, ден соолукта болуӊуз!

"Аялымдын биздин үйдүн туусун алганына 4-5 жыл болду".

"Чыгармачылыктын арты менен көп эле өлкөнү көрдүм".

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Oazis89
2015-02-04 15:51:28
Азаматсыз ишинизге игилик сиз эл артиси эмес эмгек синирген кудулсуз
+1
zaika.tvo9.1990
2015-02-04 17:06:30
Сүйлөп баштаганда эле күлө баштайм
0
Positive
2015-02-04 23:49:05
мага бул куудул абдан жагат соонун маэк бериптир. Уй-булобуз менен сыйлап талантын баалайбыз. Турмуштан алынган таамай тамашалары коптон коп жагат. концертинизге албан-албан ийгиликтер болсун
0
makwell
2015-02-05 01:01:01
чын эле козу кор болгон ХХХ министирлери ушундай адамдарга наам бербегенине аларды ХХХ ХХХ ХХХ.
0
admin_superstan
2015-02-05 10:50:42
makwell, провокацияга жол жок! Эскертүү!
0
alina79
2015-02-05 01:24:50
Абдылда сиз,унунузду кырылдатып алып,укмуш аткарасыз, жолдошум экообузго абдан жагасыз.ишинизге чон ийгилик,уй булонузго бакыт каалайбыз.Сыйлык бербесе коюшсун чондор...
0
assem
2015-02-05 02:30:25
Men en syilagan insan jana suiup korgon kuudul.Kop jawanyz!!!
0
Kuzya-ss
2015-02-05 15:53:32
эн жакшы куудул,сыйлайм.басканын коруп эле кулкум келет.


0
ernist007
2015-02-05 17:56:48
супер инфо азыркы министрден сурап корбойсторбу Абдылдага эмне учун ушул мезгилге чейин эл артисти деген наам берилген эмес.
0
admin_superstan
2015-02-05 18:08:12
ernist007, саламатсызбы!
Ал тууралуу репортаж жасалган:
http://www.super.kg/media/stv/129951/
0
Bakulya79
2015-02-05 19:15:47
Cилер суйлогондо кулсонор,мен озу сахнаны аттап келе жатканда эле кулом.талантынызга таазим.сизге соз жок.
0
Pazyl
2015-02-05 19:46:25
Соз жок бул братка
0
muradil1987
2015-02-06 21:51:12
Абдылда байке сизге соз жок талантынызга бар болун ардайым сизди чоон чоон сахнада концерттерди берин кутобуз чыгармачылык ийгилик

0
tolik
2015-02-07 01:22:18
Салам Абдылда байке же

admin_superstan мен сизге ылайык келген интермедияларды жазган элем бул учун сиз менен кантип байланыша алам?
0
admin_superstan
2015-02-09 14:49:56
tolik, саламатсызбы!
Тилекке каршы, интермедиялар гезит бетине жарыяланбайт. Рахмат!
0
orhidea83
2015-02-07 10:28:04
Талантынызга таазим, супер куудул да .
0
zolotiwka
2015-02-07 11:30:37
Абдылда Иманкулов озу эле, турган турпаты эле кулку

0
eliza5566
2015-03-16 14:18:41
абдылданын талантын баалайм ар бир образы элге жеткиликтуу
0
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан