24-январь күнү ырчы мырзанын үй-бүлөсүн дагы бир мүчөгө көбөйтүп, жубайы уул төрөп берди. 3 килограмм салмакта жарыкка келген перзенттин атын Кайрат мырза Ариет деп атаптыр.
– Жубайым 18 саат толгоо тартып, уулубузду жарыкка алып келди. Башында төрөттөн кыйналганы үчүн «экинчи төрөбөйм» деп эркелеп жаткан. Азыр көӊүлүн алып отуруп ал оюнан кайтардым. Учурда Эльвира менен уулумдун абалы жакшы. Биринчи күнү уулумдун жанына жатып уктаган элем, азыр тумоолоп калып жанына жолой албай, жаман болуп жатам,- деп ырчы кубанычын жашырган жок.