12-январда Сочиде башталган «КиВиН-2015» 16-эл аралык фестивалына кыргызстандык «Азия Микс» КВН курама командасы да катышты. Фестивалдын жыйынтыгында алар 20 мыкты команданын катарына кирип, Жогорку Лигада ойноого жолдомо алышты. Эми оюн 25-февралда старт алмакчы.
Эске салсак, 2014-жылы өткөн КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалында «Азия Микс» курама командасы 4-орунду ээлеп, жарым финалга өтпөй калган эле. Бул жылы ийгилик мекендештерибиз тарапта болот деген ишенимдебиз.