Диктор Чынар Капарова Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучулук кесипти аркалай баштады. Ал келечекте журналист болуп иштеп, телерадиодо алып баруучулук менен алектенем деген жаштарга сүйлөө техникасын окутуп жатканын айтат. «Мен мурун студенттерге кантип туура сүйлөө, туура дем алуу керек деген темалардын тегерегинде тренинг өтчүмүн. Жакындан бери ал жакта расмий түрдө мугалим болуп эмгектенип баштадым»,- дейт диктор.