Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Кечке маал ылганган өӊкөй билермандардын алдында отуруп Абил бий чакырткан жөнүн айтты. Анын эки ата өтүшкөн Жаманкул аттуу тууганы болгон. Таанышка да, чоочунга да, улууга да, кичүүгө да ылжайып учурашып жүргөн, шаа мүйүз өгүз минип, бада баккандан башканы билбеген, чөптөн башкага зыяны жок бир бечара момун болчу ал. Абил бий тиягы Алай, Өзгөн, Анжиян, Маргалаӊ, биягы Аксы, Чаткал багытындагы аттуу-баштуу элди мүлдө жыйып, ошол агасына аш бермекчи оюн ортого салды.
Домбу саал мукактана «эгер мындай чоӊ салтанат болсо, анда ханды да чакыртыш керек го» деп калды.
– Эсте бар, эсте бар, Домбу, кантсек да алтын такка кулдук кылып турган соӊ кеп-кеӊеш салып, жол сурап, алдынан өтүш зарыл...
«Оо, мына,- деди Бекназар өзүнчө, – эми чыкты го баятан берки узун кептин кыска теги?!»
Кымызга кызыган Абил бийдин жумшак тилине эриген эл дуулдай беришти:
– А мейли! Жаман да болсо, момун да болсо Жаманкул өз тууганыбыз эле, мейли, ариетине тик туралы!
– Журтчулук, колубузда камчы калганча бирге көтөрөлү чыгымын!
Абил бий максатына жетти. Эми ким чеки дейт ойлугун? Аштын качан, кайда өтөрүн, кайсы топ канча үй көтөрүп, канча союш менен конок аларын жана да аттын байгеси, эрөөлгө чыкчу баатырдын, күрөшкө түшчү балбандын акысын кесип, бүгүнтөн баштап камылга көрө берүүнү билермандарга катуу буйруп, кеӊешти бүтүрдү.
Кыраан бүркүтү эки көзүн оюп салгандан бери Сарыбай үйдөн чыкпай калган. Отурат. Көп отурат. Буту уюйт. Моюну уюйт. Тура калып башына чүмкөлүп турган түндү тытып чыккысы келет. Кайра тагдыры жеӊип, акылы жеӊип үшкүрүп отуруп калат. Андайда жалгыз комузу гана эрмек. Азыр да ал комуз чертип, жанында зайыбы Сүйүмкан көзүнөн жаш төгүлө, көзүн жеӊи менен басып, демин ичине алып отуруп укту.
– Йе, Сүйүмкан... Дагы ыйлап отурасыӊбы?
– Жок, Кундуздун атасы!
– Калп айтпа, көзү жок кишиге калп айта берсе болот бекен?.. Мен сени эстүү жан дедим эле. Өзүм моюн сунуп калдым. Тагдырым ушул экен... А сен али моюн сунбайсыӊ... Сен ыйлаган сайын көзүмдүн кадырын эстетесиӊ...
– Койдум, койдум, Кундуздун атасы... Карап отуруп эч чыдай албайм, түтө албайм...
– Түтөбүз. Түтпөй кайда барабыз? Менин алым бул болсо, сен шөмтүрөп көзүӊдүн жашын тыя албай жүрсөӊ... Жалгыз кыздын күнү эмне болот? Ошону кара. Менин көзүм да, жүзүм да ошол. Йе, карыпты карып дей берсе, карыптын алы не болот? Карып болсом да карыпмын дегим келбей калды. Багыма силер барсыӊар али.
Тору кашка ат күлүк жылкы эле. Сарыбай аны табына келтирип, майда мааракеге чаап, чыгып кетсе анча сүйүнбөй, экилеп, үчтөп калса анча кайгырбай, сый аты кылып гана жылтылдатып минип жүрчү. Көзүнөн айрылган соӊ ат менен иши болбой, тору кашканы иниси Мадыл көр оокатка минип калган.
Көз алдына маӊдайында тумарча кашкасы бар, чымкый тору келип ордунан тура баштады. Сүйүмкан колтугунан сүйөй берди.
– Күн батып баратабы? Табы кайтып баратыптыр... Тору кашка кайда байланып турат?..
Сүйүмкан жетелеп, аты байланып турган казыкка алпарды.
Көр тириликке көп минилип, таш токум болуп арыктап калган эле.
Аттын куйругунан кош колдоп тартып көрдү.
– Аа, кубаттуу эле экен. Мен байгеге чапсамбы деп ой кылып турам. Мадыл, тапташын мага кой, эӊ оболу жемге байла, жакшылап семирт, күзгө чейин далай күн бар. Жаманкулдун ашына бар тобокел деп чаап көрөбүз, тору кашкам чыга жүргөн мал!..
Толук бир айдан кийин багуусу келишкен тору кашка ойноп калды. Сарыбай сыйпалап көрүп үч ирет таӊ ашырып, майын тер менен тү­шүрүп, кайра бир ай багасыӊ деди инисине. Мүнүшкөр бул күндөрү көз кайгысын унутуп, күндүзү да, түнкүсүн да аты менен алек. Агасы­нын минтип турмуш күрөшүнө кир­генине ыраазы Мадыл ат багуунун бар машакатына кайыл. Ошол күн­дөрдүн бир түнүндө Сарыбай туштан бирөө дүпүрөтө ат бастырып өтүп кетти. Сарыбайдын жүрөгү болк эте кыйкырып тура калды.
– Ой! Мадыл, кайдасыӊ?! Көзүӊ кашайгыр, тур, атты кара!..
– Турат да...- кыӊкылдай сүй­лө­нүп үйүнөн чыккан Мадыл атканада тору кашка турган жер бош турганын көрүп алдастай түштү.
– Ой! Ат жок го? Бошонуп кетиптир...
Сарыбай жер муштап отура калды.
– Кол жуудук аттан!.. Бирөө минип кетти, кокуй, ушундан ары... Ошонун басыгы болчу!..
– Токто-о!.. Ой, кимсиӊ, токто-о!
Мадылдын үнүнөн чочуп ойгонгон туугандар чогула калышты.
– Ой, эмне болуп кетти?
– Тору кашка атты ууру мине качты дейт го...
«Кокуй, көзүм кашайды. Ыя, ушинтип эле алдырып жиберебизби тору кашканы?!» Мадыл алдастап, эмне кыларын билбей отура калып, кайра тура калып...
Сарыбай акыл токтотуп калган эле:
– Кой эми, өкүргөндө кайра ууру алып келип береби? Бир гана аттын дүбүртү кетти. Жөө келип аӊдыган ууру окшойт. Тору кашка айтылуу күлүк мал. Ууру акылы болсо союп жебейт. Тиги Таласты ашырып, казакка өткөрүп жибербесе, чыгат бир күнү. Куру бакырганды коюп эртеӊ бийге бар, айт болгон ишти. Суроо салып кел...
Абил бий чын кейиди:
– Атаны жолдо өлгүр ай, ким колдуу болду экен? Сарыбай өзү тигинтип жатканда. Өз боюӊа сак бол, коӊшуӊду ууру тутпа дейт, кимден көрөбүз? Болуптур. Сарыбайга дуба деп кой, кейибесин, буйруктуу мал болсо табылып калар. Өзүм алдыртан издетем. Шеги чыкса Кудайдын бергени...
Кеч күздө Жаманкулдун ашына деп Кудаяр хандын тун баласы Насирдин бек жанына Мусулманкул миӊбашынын уулу Абдырахманды кошуп, жоон топ атчан келди. Алар жакындай бергенде таасындап көрүнүп калган үйлөрдөн бир топ атчан бөлүнүп чыгып, түз эле бери ат коюшуп жиберди. Эки азоо атчан алга озду.
– Мырзам, бул түп тагаларыӊ. Улук даражалуу, мырза Насирдин бек жээндеринин урматы үчүн көк­бөрү алып чыкты! Бул улук сыйдын, кадырдын белгиси!
Көк бөрүнү алып, чаап келе жат­кан караан дал Насирдин бектин алдына келип, атынын башын чорт тарта, ал кош аяктап тура бергенде алдындагы торпокту буурул жоргонун бут алдына ыргытты. Көк бөрүчү бүктөй кармаган камчысын көкүрөгүнө ала берип таазим кылды.
– Ыракмат, үкем, ыракмат!- деп алкады Абдырахман. Насирдин бек белиндеги кара болот дамашки кылычты чечти:
– Баатыр, мына ушул курал менден сыйлык болсун.
Аӊгыча Абил бий өзү баштаган топ тосуп чыгышты.
Домбу баштаган билермандар колдорун бооруна ала атайы Насирдин бектин урматына тигилген ак өргөөнүн алдында саламга келишти. Дүбүрөп жапырт айтылган саламды Насирдин бек эрин кымтып, суз туруп укту, акырын эрин кыбырата суз алик алды.
Жаманкулдун ашы айтымга калыш үчүн күн сайын тамаша, күн сайын санжырга жүрүп отуруп, эр чабышка кезек жетти. Ким өлүмгө тике чыгат? Тээ байыркы замандан бери келаткан, тамашанын эӊ кызыгы, жүрөк солкулдаткан, муун титиреткен кубанычы да, коркунучу да ушул.
Эки канат болуп тизилген элеттин «баатырлары» бир дөӊдө, ортосунда Бекназар. Ал былк этпейт. Эки көзү маӊдайкы дөӊдөгү ханзааданын тобунда. Эрөөлгө чыга турган эр жигитти ал ошол жактан күткөндөй.
«Ие, ушунча көпчүлүктүн ичинен бирөө ат сопоӊдотуп ортого чыгып койбосо «эл» деген атыбыз кайда калат?!» деп оолугуп турат Бекназардын көӊүлү. Эки канатын кыя карады. Баары жаш... каныгыша элек... «Кой, бирин ынтылтып бөөдө...» Кош үзөӊгү кыбыр эткенде кара кашка аргымак алдыга чыга түшүп, эки колун бийик көтөрө бата тиленип жиберди Бекназар.
– Ай... Ай, баатырым!.. Жубайы Каныш темине келип, тизгинине жабышканча дуу бата берилип, кара кашка аргымак эрөөл майданга жөнөдү.
– О-о!.. Ким чыгат буга!..
– О тигилерди көрдүӊбү? Ханзаада өӊкөй көйкашкадан кырк жигит ээрчитип келип отурат... Чыгат да эне төрөгөн эр!..
– А ошону айтсаӊ...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 639, 30-январь-5-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан