Өлүмдөн аман калган – 50 CENT

Бул инсанды күйөрмандары Кёртис Жексон деп эмес, 50 Cent деп таанышат. Бир кезде көчөдө тентип, кылмыш дүйнөсүнө аралашып жүргөн 50 Cent эми популярдуу жылдыз.

50 CENT ТУУРАЛУУ

  • Бул лакап атын Бруклиндеги 50 Cent аттуу кримавторитеттин атынан коюп алган.
  • “Балалыгы” менен 12 жашында кош­тошкон.
  • Жубайы Шаникуа Томпкинс менен ажырашканда байлыгынын жарымын бөлүп берген.
  • Уулу учурда энесинин колунда. Ага айына 10 000 доллар алимент төлөп турат.
  • 50 Cent ырдоодон тышкары “G-Unit” үлгүсүндө кийим чыгарат, медиабизнеси бар, сахнага жаңы аттанган таланттарга продюсерлик кылат.
  • Хоббиси – үйдө отуруп чоң экран алдында фильм көрүү. Кээде кызыктуу сунуш болсо, тасмага тартылып коёт. Анын алгачкы тартылган тасмасы “Байып кет же жок бол” деп аталат.
  • Уулу Маркизди музыка дүйнөсүнө аралашып, өз ардун тапса дейт.
  • Кедаларды коллекциялайт. Учурда 500 түгөй кедасы бар.

Толук аты-жөнү – Кёртис Жеймс Жексон
Сахнадагы ысымы – 50 Cent
Туулган жылы – 1975-жыл, 6-июль
Туулган жери – АКШ,
Нью-Йорк шаары
Учурда – Рэп ырчы,
актёр, жеке ишкер
Ажырашып кеткен, 1 уулдун атасы

50 CENT – ЭҢ БАЙ ЫРЧЫ
“Forbes” журналынын жыйынтыгы боюнча 2008-жылдын эң бай рэп ырчысы – 50 Cent. Өз мезгилинин атактуу жана эң көп акча тапкан бай ырчысы болуп саналган Jay-Z аттуу ырчыны басып өтүп, жылына 150 миллион доллар киреше тапкан деп аныкталган. Анын жараткан, аткарган ырлары угармандардын көңүлүнө арзып, ыр жыйнактары сатыкка чыгары менен таланып кетет. Бул анын жашоосундагы эң жарык, жакшы ийгиликтеринин бири. Мындай күнгө жеткиче 50 Cent далай азапты тартып, өмүрү кылдын учунда турган учурлары да болгон.

НУРДАН БҮТКӨН БАЛА
Кёртис Жеймстин апасы Сабрина Жексон 15 жашында ырчыны жарык дүйнөгө алып келип, 23 жаш жаркын курагында бул дүйнө менен коштошуп кете берген. Энеси баңгизат жана кылмыш дүйнөсү менен байланышы болгондуктан, эрте эле каза болуп калган. Маалыматтарга караганда, кримдостору баңгизатын көбүрөөк берип туруп, эси ооп уктап жатканда үйүн өрттөп кетишкен. Бактыга жараша, ошол маалда Кёртис үйүндө болгон эмес. Ал эми ырчы атасын өмүрүндө көрбөптүр. Апасынан: “Менин атам ким, ал каякта?”- деп сураганында, “сен нурдан бүткөн өзгөчө баласың” деп жооп берип койчу экен.
Энесинен ажыраган соң таене-таятасынын колунда тарбияланат. Кёртис Жеймстен башка үй-бүлөдө 8 бала болгон. Таятасы мынча баланы багууга каражаты жете бербегендиктен, болочок рэп ырчы жетишпеген турмушта чоңойгон.

КЫЛМЫШ ЧӨЙРӨСҮНДӨ
“Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, Кёртис Жеймс 12 жашында апасы аралашкан кылмыш дүйнөсүнө арбалат. Курал-жарак, баңгизат алып сатуу анын күнүмдүк жумушуна айланат. Күндөр өтүп, жылдар айланып бул иштин жыйынтыгы абак менен аяктайт. Үйүнөн баңгизаты табылып, соттолуп кетет. Бирок белгисиз бир жол менен жарым жылдан кийин бошонуп чыгат.
Абактан чыккандан кийин деле баягы ишин уланта берет. Ал чөйрөдөн кол үзүүсүнө уулу Маркиздин төрөлүшү себеп болгон. Уулдуу болгон соң анын энеси Шаникуа Томпкинске үйлөнөт. “Мен көргөн балалыкты уулума каалабайм. Баламды эң керектүү болгон жакындарынан ажыраткым келбейт”,- деп кримчөйрөдөн кетүүгө аракет кыла баштайт. Ошондо шоу-бизнес дүйнөсүнө кызыгып, ушул жактан акча табууну көздөйт. Ырчы учурда: “Музыка мен үчүн башында акча табуу болсо, кийинчерээк жан дүйнөмдү ээлеп алды”,- дейт. Кылмыш дүйнөсүндө тааныштары жетиштүү болгондуктан, шоу-бизнеске аралашуусу өтө деле кыйынчылыкты туудурган эмес. Ошентсе да «анын атактуулукка жетишүүсүнө Эминем көмөктөшкөн» дешет.

КАЙРА ЖАРАЛУУ
50 Cent кылмыш чөйрөсүнөн кол үздүм дегени менен, ал чөйрөнүн адамдары оңойлук менен коё берген эмес. Бизди чанып кетти дегениби, айтор, белгисиз бир себептер менен жаңы ырдап баштаган Кёртис Жеймсти өлтүрүүгө аракет кылышкан. 50 Cent машинасына отурары менен бир топ кылмышкерлер келип, аны көздөй ок жаадырышкан. Жааган октун тогузу ырчынын денесине тийип, оор абалда ооруканага жеткирилген.
9 октон аман калган ырчыга бүгүнкү күндө көптөгөн дарыгерлер да, жакындары да таң калып келишет. Ал эми ырчы болсо өзүн кайрадан төрөлгөндөй сезип, жашоосун жаңы ак барактан баштап, чыгармачылыкка эргүү менен киришет. Бул аракети анын популярдуулугун ого бетер арттырды. Ал учурда өзүнүн коопсуздугу үчүн бронежилетти чечпей кийип келет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2010-01-13 14:40:38
Легенда! Эминем дагы
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан