Ушул кезге чейин «корь» оорусу өлкөбүздө кызамык деп которулуп келгени белгилүү. Жакындан бери айрым басылмаларда «корь» – кызылча деп берилип, «кайсынысы туура?» деп элдин башы айланды. Бул суроого жооп алуу максатында филология, терминология жана медицина жаатындагы тажрыйбалуу инсандарга кайрылдык.
Аалы Молдоканов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын котормо жана жарнама бөлүмүнүн башчысы:
– «Корь» – бул медициналык термин. Муну илгертен кыргыздар кызамык деп айтып, жазып да келген. Анан жакында эле «корь» – кызылча деп которулат турбайбы» деген ызы-чуу чыгып калды. Айрым басма сөз каражаттары «корь» оорусун кызамык деп берсе, айрымдары кызылча деп жаза башташты. Мунун баары биздин тил комиссиянын мүчөсү, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин улуттук тил боюнча координатору Мейманжан Жээналиевдин катачылыгынан кетти. Ал комиссия мүчөлөрү менен «корь» термининин кыргызча котормосу тууралуу кеӊешпей эле, өзүнүн пикирине таянып туруп «корь» – кызылча деп берилиши керек» деп Саламаттыкты сактоо министрлигине айтып салган. Ал биз менен кеӊешип, анан жалпы бир чечим кабыл алганыбыздан кийин котормосун бериши керек эле.
Мен Мейманжанга «корь» сөзүнүн котормосун туура эмес берип коюпсуз» десем, ал өзү да эки анжы пикирде экен. Кыскасы, оюн мага ачык айтпай койду.
Кайсы тармактын кызматкерлери болбосун, көбү Юдахиндин сөздүгүн колдонушат. Ошол сөздүктө «корь» – кызылча, «краснуха» болсо «балдардын жугуштуу оорусунун бир түрү» деген бойдон турат. Котормосу жок. Анан кантип «корь» сөзүнүн которулушу кызылча дегенге ынаныш керек? Юдахин сөздүктү түзгөн мезгил башка мезгил болчу. Азыр ал сөздүктү кайра карап чыгуу керек.
1992-жылы Каракол медициналык окуу жайынын (азыр колледж) окутуучусу, хирург Канымет Жакыпбеков жана Эрмек Токтомамбетов экөө «Орусча-кыргызча медициналык сөздүктү» чыгарышкан. Ошондо деле «корь» – кызамык, «краснуха» – кызылча деп берилген.
Медициналык терминдердин которулушу азыр баш аламан, ар ким түрдүүчө которуп жүрөт. Андыктан бул жаатта атайын сөздүк түзүү алдыдагы иш.
А сиздер, журналисттер, «корь» – кызамык, «краснуха» – кызылча деп бергениӊиздер оӊ.
Венера Майтыева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси:
– Илгертен эле «корь» оорусу кызамык деп айтылып да, жазылып да келген. Ал эми «краснуха» оорусу кызылча делет. Түрк тилдүү элдер деле, мисалы, татарлар, марийлер (Марий Эл Республикасынын жашоочулары) «корь» оорусун кызамык дешет.
Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси:
– Ооба, мурун «корь» оорусу кызамык деп берилип келген. Азыр деле биздин ооруканада «корь» оорусун кызамык деп айтып интервью берген врачтар бар. Бирок биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына «корь» сөзүнүн так котормосун бериӊиздер» деп кайрылганыбызда «корь» – кызылча деп беришкен. Саламаттыкты сактоо министрлигине да ушундай котормону беришкен. Андыктан министрлик да «корь» – кызылча деп бекитип, тараткан.
Таалайбек Токоев, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз тили кафедрасынын жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор:
– «Корь» термини эзелтеден эле кызамык деп которулуп, айтылып келген. Аны башкача өзгөртүүгө болбойт.
Дамирахан Чыныева, КММАнын Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти:
– Атам замандан бери эле «корь» оорусу кызамык деп эле которулуп, айтылып келген. Ал эми кызылча оорусу «краснуха» аттуу оору. Экөө эки башка дарт.
Бурул Жаркынбаева, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси:
– Илгертен врачтар «корь» дартын кызамык деп келгенбиз. Мен сиздердин гезитке кызамык деп маек бергем. «Бул дартты кызылча деп атагыла» деген буйрук кийин келди. Башкача айтканда, бизге жетекчилик тарабынан «Саламаттыкты сактоо министрлиги «врачтар Юдахиндин сөздүгү боюнча иштешсин, анда «корь – кызылча» деп берилиптир» дептир» деген көрсөтмө берилген.
КЫЗАМЫКТЫН КЫЗЫЛЧА ООРУСУНАН АЙЫРМАСЫ
Кызамыкта: дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, мурун жана үн бүтүп, чимкирик көп агат. Күрсүлдөгөн жөтөл жаралат. Көз кызарып, чылпактайт. Таӊдайда кызыл тактар, ал эми жаактын ичиндеги чел кабыкта топтошкон ак чекиттер пайда болот. Денеге жыш кызыл бүдүрчөлөр ооругандан 3-4-күндөрү чыга баштайт (алгач кулактын артында, моюнда, бетте пайда болот, анан кийинки күнү денесине, колуна тарап, акырында буттарына чыгат). Оору кабылдап кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит жана башка ооруларга алып келет. Бойдогу балага терс таасири жок.
Кызылчада: дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлөт. Мурун, үн аздан бүтүшү мүмкүн. Чимкирик аздан гана агат. Жөтөл да аз болот. Кызыл бүдүрчөлөр адам ооругандан кийинки күнү эле дененин бардык бөлүгүнө бир маалда чыгат, бирок жыш эмес. Аял кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында кызылча менен ооруса, ичтеги баласына терс таасири тийип, бойдон түшүү же бала майып болуп төрөлүшү мүмкүн.
Көз кызарбайт, чылпактабайт, жаактын ичине жана таӊдайга так, чекиттер пайда болбойт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg