НАРКОЗ АШЫКЧА БЕРИЛСЕ АДАМ КОМАГА ТҮШҮП КАЛАТ

Анестезиолог дегенде көпчүлүк адамдар наркоз берүүчү адис катары гана ойлошот. А чынында, нестезиолог деген ким? Наркоздордун кандай түрлөрү бар жана алар зыяндуубу? Бул суроолорго Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун анестезиология бөлүмүнүн жетекчиси Сүйүнтбек Исаев жооп берет.

АНЕСТЕЗИОЛОГ ОПЕРАЦИЯ УЧУРУНДА ОРГАНДАРДЫН ИШТӨӨСҮН ДА КӨЗӨМӨЛДӨЙТ
– Анестезиолог эл айткандай наркоз берүү менен эле чектелеби же?..
– Анестезиолог наркоз берүү менен оорутуудан кутултат. Операция маалында өпкө, жүрөк, мээ, бөйрөктүн иштөөсүн аппараттардын жардамы менен көзөмөлдөйт. Мисалы, кокус кан басым түшүп кетсе, керектүү дары-дармекти сайып, басымды калыптандыруу анын милдети. Бөйрөктө же өпкөдө маселе жаралса, аны дарылар менен «көтөрмөлөйт». Кан көп кетсе алдын ала даярдалган кандын куюлушуна, операциядан кийин оорулуунун убагында ойгонуусуна да жооп берчү адам.
– Эми наркоз жана анын түрлөрү боюнча түшүндүрсөӊүз...
– Наркоз – байыркы грек сөзү, бизче «оорутууну сездирбөөчү» деген маанини туюндурат. Наркоздордун кээ бирлери нерв системине таасир этүү менен убактылуу аӊ-сезимдин иштөөсүн токтотуп, уктатат (наркотикалыктар). Айрымдары оорутууну сездирбейт (аналгетиктер), дагы бир түрлөрү булчуӊдарды бошоӊдотот (миорелаксанттар).
Биздин борбордо төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:
1. Ингаляциялык наркоз (жыттатуучу газ түрүндө). Бул маска түрүндөгү наркоз деп да аталат. Мында изофлюран газын жыттатабыз. Чет өлкөлөрдүн көбүндө жогорку сапаттагы ксенон жана севофлюран газдары пайдаланылат. Алар абдан кымбат, Кыргызстанга келе элек.
2. Парентералдык наркоз. Буга венага жана булчуӊга сайылуучу наркоздор кирет. Биз кетамин, пропофол жана башкаларды колдонуп жатабыз.
3. Бириктирилген (комбинированный) наркоз. Узак убакытка созулуучу операцияларда түрдүү наркоз кезеги менен берилет. Алып айтсак, башында кетамин сайылса, анын таасири 20 мүнөткө жетет. Анан аналгетиктер, миорелаксанттар бериле берет. Айтылган наркоздор балдарга гана эмес, чоӊдорго да колдонулат.
Булардан тышкары чет өлкөлөрдө жана Бишкектеги айрым ооруканаларда чоӊдор үчүн эпидуралдык – жүлүндү каптап туруучу катуу кабыкча менен омуртка каналынын ортосуна сайылчу наркоз колдонулат. Мисалы, баланы операция аркылуу төрөтүүдө. Жүлүндү курчап турган суюктукка сайылчу наркоз (спинальный наркоз) да бар, бул да чоӊдорго сайылат. Чоӊ операцияларда наркоз берилгенден кийин оозго түтүк салынып, ал аркылуу адам жасалма дем алдырылып турат. Жаӊы төрөлгөн балдардын өпкөсү өнүгө элек болгондуктан, аларга кичине операция болобу же чоӊ операциябы, жасалма дем алдыруу керек болот.

НАРКОЗДУН ТҮРҮН ТАНДОО
– Наркоздун түрү жана өлчөмү кандайча тандалат?
– Наркоздор анестезиолог тарабынан адамдын жашына, салмагына, өнөкөт ооруларына, кайсы дарыга аллергиясы бар экендигине, операциянын созулуу убактысына жараша тандалат жана өлчөмү белгиленет.
Мисалы, сокур ичеги сыяктуу кичине операцияда чоӊ адамдарга дененин керектүү бөлүгүн гана жансыздандырып, оорутууну сездирбөөчү (местный) наркоз колдонулат, адам уктабайт. Ал эми чоӊ операцияларда чоӊдор жана балдар үчүн адамды толук уктатуучу да, оорутууну сездирбөөчүлөрү да керектелет.
– Аллергик, астматиктерге кандай наркоз берилет?
– Буларды өзүбүз бир сыйра кароодон өткөргөндөн кийин аллергиялык борборго да текшерилүүгө жиберебиз. Алар бир сыйра дарылоолору мүмкүн. Операция убагында өздөрү колдонуп жүрүүчү дары – аэрозолун тамагына чачып турабыз.
– Баланын ата-энесине операция үчүн кандай түрдөгү наркоздор колдонуларын мыйзам боюнча айтууӊуздар керекпи?
– Албетте. Дагы бир айтып кетчү нерсе, операцияга киргизерден 30 мүнөттөй мурун атропин, димедрол сайылат. Атропин шилекейдин өтө аз бөлүнүп чыгышын шарттайт. Операция кезинде адам шилекейине какабашы шарт. Димедрол аллергияга каршы, нервди тынчтандыруучу, уктатуучу каражат.
– Кара-Балтанын 10 жашар жашоочусу Арген Аскарбековду Жайыл райондук ооруканасынын хирургдары 2014-жылы 6-октябрда «сокур ичеги» деп операция жасашкан. Анан операция бүткөндө «ичинде тампон калып калыптыр» дешип кайра наркоз берип, ичин ачышкан. Жыйынтыгында бала комага түшүп калган. Ал баланы эртеси, 7-октябрда сиздердин жандандыруу бөлүмгө алып келишкен. Эми айтсаӊыз, удаасынан 2 ирет наркоз берүүдөн бала комага түшүшү мүмкүн беле?
– Жок, мүмкүн эмес.
– Анда баланын комага түшүшүнө эмне себеп болгон деп ойлойсуз?
– Операцияга катышпагандыктан эмне себеп болгонун айта албайм.
– Анда комага жеткирүүчү себептер кайсылар?
– Кома – мээге кычкылтек барбай калганда келип чыгат. Ошондой эле, адам наркозду же дарыны көтөрө албаса, операция кезинде жүрөк токтоп калса, наркозду керектүү өлчөмдөн ашыкча берип койсо, мээсинде шишик бар болсо жана башка.
– Наркоздун терс таасирлери көп. Ойлоо, кабыл алуу, көрүү, угуу жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, эс-тутум начарлайт дешет...
– Иммунитети начар, ден соолугу чыӊ эместер гана убактылуу бат ойлоно жана тез эстей албай кыйналышы мүмкүн жана кээ бир наркоз түрү чанда бир адамдардын чачына терс таасир этип, бир аз түшүшүнө жеткириши ыктымал. Бирок булар өтүп кетүүчү көрүнүштөр. Көрүү, угуу начарлайт деген болбойт. Кусуу – наркоздон жана дарылардан улам жүрөктүн айланышынан болот.
– Эмне үчүн операцияга ачка киргизишет?
– Наркоз берилгенде кызыл өӊгөч менен ашказандын булчуӊдары бошойт да, ичкен тамагы оозуна куюлат. Кокус оозуна куюлган тамак дем алуу жолуна кирип кетсе өпкөсүнө барып такалышы мүмкүн. Анда адам дем ала албай калат. Бирок кээде кандайдыр бир кырсыкка кабылгандарга шашылыш операция жасоо керек болуп калат. Алардын тамак ичип алганы билинсе, ашказанын жууп, анан операцияга алабыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Наркоздон адам унутчаак болуп калабы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
erika8982
2015-02-09 10:20:09
Наркоз баары бир кандайдыр бир озгоруулорду алып келет,адамдын озуно тийешелуу болгон алсыздыктарын гана кучотот (мисалы: унутчак болсо наркоздон кийин кобуроок унутчак болуп дегендей)ар кимге ар кандай таасир этет экен.Мен ден соолугума байланыштуу эки жолу жалпы наркоздо болгом, албетте организимде озгоруу болбосо да психологияма таасирин тийгизди,мен ошол терс нерселерден арылууну каалайм бирок жыйынтык жок.Менимче кучтуу психологдордун да кенеши ашыкчалык кылбайт окшойт.
0
mersedes2013
2015-02-09 16:57:29
Наркоздон коп нерсе кутсо болот экен. Менин эжеме операция жасалган ошондон кийин эжеме аллергия чыгат дарыдан. Мурда 40 жашка чыгып мындай эчнерсеси болгон эмес,врачтар айтышат наркоздон дешип.Менин уулум оор басырыктуу эле 2жыл мурун козунон операция болгондон кийин нервный болуп калды.Наркоздун зыяны коп
0
Vodafone
2015-02-16 23:09:38
Мен да өзүм төрөгөм бирок эпидуральная анестезия менен ,төрөп бүткөндөн кийин бутум ооруду эки саат басып койсом кадимкидей бут ооруп баса албай калчумун, эки жыл белим ооруп журдү.Төрөйм дегендерге без анезтезия эле төрөш керек экен,мен деген убактылуу схватканы көтөрө албай эпидуралканы өзүм суранып сайдырган элем!
0
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан