Кыргызстандын телекоммуникация рыногунун лидери Beeline «Сен миллионер боло аласыӊ» викторинасынын жеӊүүчүсүн куттуктап, ага баш байге – 2 миллион сом тапшырды.
Өткөн жылдын сентябрында Beeline «Сен миллионер боло аласыӊ» викторинасын баштаган. Ага катышуу үчүн абоненттер атайын номурга каалаган текст менен SMS-билдирүү же акысыз команда жөнөтүшү керек болчу. Андан кийин аларга күн сайын суроолор менен SMS-билдирүүлөр келип, туура жооп бергени үчүн абоненттерге упайлар эсептелген. Топтолгон упайларга жараша байгелердин бирине ээ болуу мүмкүн. Баш байгеден тышкары катышуучулардын күндүн байгеси –
15 миӊ сом жана ай сайын iPhone 6 утуп алуу мүмкүнчүлүгү болду. Баш байге – 2 миллион сомду эӊ көп упай топтогон Баткен облусунун тургуну Жумабай Шүкүров жеӊип алды.
– Мен көптөн бери Beeline уюлдук операторунун абонентимин, себеби биздин айылда компаниянын байланышынын сапаты жогору. Мага ошондой эле тейлөөсү да жагат. Викторина башталганда эле тобокелчиликке салып, миллионер болууга аракет кылайын деп чечкем. Мына эми, жеӊүүчү болуп отурам. Менин үч балам бар, утушумду алардын окуусуна жумшайм. Биз Баткенден болобуз, балдарымды Бишкектен окуткум келет. Мага мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Beeline`га ыраазычылыгымды билдирем. Силерге ишенүүгө болоруна дагы бир жолу ынандым,- дейт жеӊүүчү.
Баш байге – 2 миллион сомдук сертификатты Жумабай Шүкүровго Beeline`дын башкы директору Олег Клочко тапшырды. Ал жеӊүүчүгө ишенич артканы, Beeline байланышын тандап алганы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик жана бакыт-таалай каалады.
– Биз үчүн Beeline абоненттери сапаттуу байланыш, жеткиликтүү жана үнөмдүү кызматтарды пайдаланып гана тим болбостон, ар кандай акциялар жана сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк алганы да зор мааниге ээ. Биз ачык-айкындуулукка өзгөчө көӊүл бурабыз, себеби лидер аброюн жана сиздердин ишеничиӊиздерди жогору баалайбыз. Жоопторду текшерүү жана упайларды эсептөө үчүн атайын автоматташтырылган систем колдонулган, ал жеӊүүчүлөрдү так жана ачык аныктоону камсыздайт. Алдыда дагы көп сынактар жана акциялар болот. Биз сиздер үчүн иштейбиз,- деди Олег Клочко.
Акциялар, ошондой эле Beeline тарифтери жана кызматтары жөнүндө маалыматты компаниянын www.beeline.kg сайтынан алууга болот.