АДАМДЫН ЖҮЗҮ МЕНЕН ТИШИ -ДЕНСООЛУГУНУН КҮЗГҮСҮ

Физиогномика – адамдын жүзүнөн окуу искусствосу

Адамдын жүзү ээсинин жаш курагын жана мүнөзүн айтып тураары жалпыга маалым. Бирок, ошол эле кезде жүз ээсинин кай жери ооруй турганынан да кабар берээрин көпчүлүк биле беришпейт. Негизи, адамдын жүзүнө, бетиндеги бырыштарына карап, анын кайсы оорудан жапа чегээрин аныктаса болот.

  • Чекедеги көптөгөн туурасынан кеткен сызыктар жана кашты бир нерсеге таң калгандай көтөрүү манерасы ичкиликке ыктаган адамдарга таандык.
  • Эки каштын ортосундагы терең сызык адамдын узактан бери кандайдыр бир өнөкөт оорудан жапа чегип жүргөнүнөн кабар берет.
  • Адамды өзүнө тартып акылдан адаштыра тургандай бир аз чанагынан чыгып, анан жайнап тургандагыдай көздөр калканч сымал бездин оорусун айтып турат.
  • Узун, сулуу, коюу жана ийилип турган кирпик – өпкө оорусунун белгиси. Мындан тышкары астма оорусуна чалдыгуу коркунучу бар адамга таандык.
  • Көз алдындагы кара сызыктар жана шишик ээсинин бөйрөгү же табарсыгы ооруй тургандыгынан кабар берет.
  • Жансыздай тиктеген, мимикасыз, муздак көз караш – психологиялык оор оорунун, өзгөчө шизофрениянын белгиси.
  • Адам жаш экенине карабай бетинде бырыштары бар болсо, ички эндокриндик бездердин оорусунан жапа чегет.
  • Кызарган көздөр дамамат чарчап жүрүүдөн, нервдик жапа чегүүдөн кабар берет.
  • Беттин чың териси – денсоолуктун, ал эми шалбыраган бет эрте картаюунун белгиси. Ашказан, ичеги жолдорунун оорусунан жапа чеккен адамдын бети да шалбырап көрү­нөт.
  • Беттин жалпы шишиги жүрөк оорудан кабарлайт.
  • Беттин өңү кара-күрөң тартып, бет салаңдап турса, шишик оорусунун өөрчүп бараткандыгынын белгиси.
  • Жаактагы торлонгон майда кан тамырлар жогорку кан басымды жана инсультка жакындыкты айтып турат.
  • Маңдайдагы тикесинен түшкөн бырыш – омуртканын, баштын оорулары.
  • Беттеги ачык өңдөгү тактар кош бойлуулуктан кабар берет.
  • Жүздө саргыч күрөң тактардын пайда болушу боордун ооруга чалдыкканы.
  • Бозоргон өң – анемиянын же өпкө оорусунун белгиси.
  • Каштын суюлушу кант диабетинен кабар берет.
  • Мурундун кызаруусу – сасык тумоонун башталышынын, жатын оорусунун, аллергиянын жарчысы.
  • Көздүн жана ооздун бурчтарынын ылдый түшүп турушу – кайгырып-капалануунун жыйынтыгы.
  • Кургак эриндер жана ооздун жарылып кетүүсү гастриттен же ашказан жарасынан кабар берет.
  • Чүйрүйгөнсүп турган ооз гайморитти айтып турат.

Тиш – ээсинин денсоолугунан кабар берет

Кээ бирлер тиш кардай аппак болушу керек деп жаңылыш ойлошот. Негизи, медицинада идеал делип өңү пил сөөгүнүн өңүндөй (агыш-боз), анча жылтырабаган тиш эсептелет.

Тиштердин ооруга чалдыгуусу, бузулуусу, өңүнүн көрүнүшү органдардагы оорудан, жаман адаттан кабар берет.

  • Сары өң – өттүн иштөөсүнүн бузулганы, ашыкча тамеки чегүү.
  • Күрөң өң – иммунитеттин олуттуу түрдө начарлашы.
  • Жылтыраган өң – анемиядан кабар берет жана кургак учукка кабылуу коркунучу бар экендигин маалымдайт.
  • Кардай аппак өң – минералдык заттардын балансынын бузулгандыгы.
  • Тиштердин ортосу ачык болсо – организмдин жалпы начарлашы.
  • Чоң азуулар – ырахатка чөмүлүүгө дайыма суусап туруучулук.
  • Тиш ысык-муздакта, кармаганда, тиштенгенде ооруса – пульпит (тиштин түбүнүн сезгениши) оорусунан кабарлайт
  • Тишти басканда оорусу билинбей калса – нервге байланышкан оорунун белгиси.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aitysha-91
2014-12-09 21:25:36
Бирида туура эмес ойду келди эле жазылан интернеттен алынып
0
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан