Азат Базаркулов – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ

Кыргызстан замандын күрөө тамырын кармай билип, элге эмне керегин түшүнгөн, миӊдеген жарандарды иш менен камсыз кылып, улуттук өндүрүмгө салым кошкон мыкты менеджерлерге муктаж. Дал ушундай мыкты менеджер, MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын мыкты жетекчиси" деп табылды.

«СЫЙМЫКТАНУУ ГАНА ЭМЕС, БУЛ ИРИДЕ ЧОӉ СТИМУЛ»
Өткөн аптада Кыргызстандагы эӊ көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити жана super.kg порталы жылдын мыктыларын сыйлоо аземин өткөзүп, анда мыктылардын мыктылары аныкталды. Бул салтанатта салтка айлангандай өлкөбүздүн ар кыл тармагында жигердүү иш алып барган мыкты компаниялар, көрүнүктүү саясатчылар, маданият тармагындагы чыгармачыл инсандар, спортчулар, меценаттар, ММК өкүлдөрү жана башка инсандар белгиленди. Ал эми быйыл алгачкы жолу MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов «Жылдын мыкты жетекчиси» наамына татыды. Айта кетсек, буга чейин 2011-2012-жылдары MegaCom компаниясы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоӊ салым кошкон, келечек муундардын татыктуу билим алуусуна, ден соолугуна кам көрүп, социалдык долбоорлорду демилгелеп келе жаткан өлкөбүздөгү ири компаниялардын бири экендиги белгиленип, «Ишенимдүү өнөктөш» сыйлыгына татып келген.
«Өзүмдүн атымдан гана эмес, MegaCom компаниясынын атынан ыраазычылык билдирем. Албетте, сыйлык алгандыгым үчүн сыймыктанып турам. Сыймыктануудан да мурун бул алдыга болгон чоӊ стимул, мага артылган чоӊ ишеним. Мындан ары да мезгилдин агымына жараша ар бир колдонуучунун ою менен эсептеше билүү, абоненттерди көп тармактуу жана ыӊгайлуу уюлдук байланыш менен камсыз кылуу иш-аракетин улантабыз»,- деп белгиледи өз сөзүндө жылдын мыкты жетекчиси Азат Базаркулов.

«ТАЛАПТЫ КАТУУ ЭМЕС,ТУУРА КОЮУ МААНИЛҮҮ»
Азат Базаркулов тайм-менеджментке көӊүл бурган адамдардын катарын толуктайт. Өлкөнүн ири компанияларынын бирин башкаруу тактыкты жана убакытты туура пайдаланууну талап кылары белгилүү иш. Ал "ар бир кызматкер эмгек менен эс алууну туура айкалыштыра билүүсү менен компаниянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулата алат" деп белгилеп келет.
Анын жетекчи катары башкаруу өзгөчөлүгүн да байкаса болот. «Биздин компанияда ашыкча катаалдык менен жакшы жыйынтыкка жетүүгө болбойт. Анткени бизде өз ишин мыкты билген гана адистер эмгектенишет. Компанияда талапты катуу коё билүү эмес, туура коё билүү маанилүү орунда турат» деген Азат мырзанын сөзү MegaCom компаниясынын ийгилик сырынын бир эшигин ачкандай.

MegaCom – ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КОМПАНИЯСЫ
Азат Базаркуловдун жетекчилиги астында MegaCom компаниясы бир далай жигердүү жыйынтык көргөзүп, өлкөнүн телекоммуникация секторунда ири салык төлөөчү ишканалардын бирин толуктап келет. Ошондой эле өлкөнүн калк жайгашкан аймагынын 98 пайызын камтыган ири байланыш операторуна айланып, кыргызстандыктар үчүн өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу байланыш кызматын тартуулап келет. Бүгүнкү күндө MegaCom ишмердүүлүгүндө төмөндөгү жетишкендиктерге жеткен өлкөдөгү алгачкы жана бирден-бир уюлдук оператор:

  • ISO 9001:2008 версиясы боюнча сапаттык башкаруу системинин тастыктоосунан өткөн;
  • Сапат боюнча жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык сыйлыгынын ээси;
  • БУУнун алдындагы Эл аралык электр байланыш уюмунун курамына кирет.

Мындан тышкары MegaCom компаниясы коомдук иш-чараларды өткөрүүдө, социалдык, билим берүү жана спорт тармагына өз салымын кошуп келет. Белгилей кетсек, тарыхта калчу алгачкы ирет өткөрүлгөн I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууда башкы өнөктөш болгон. Ошондой эле «МегаФутбол» долбоорунун алкагында ар кайсы аймактарда кичи футбол аянтчалары курулуп, эл үчүн пайдаланууга берилген. 2011-жылдан тарта иштеп келе жаткан «МегаБилим» долбоору жалпы өлкө боюнча мектептердин 7 пайызын мультимедиялык компьютерлер менен камсыз кылган.
Эл үчүн кызмат өтөп келген MegaCom компаниясына өлкөбүздүн башка да республикалык гезиттери 5 жылдан бери «Жылдын мыкты компаниясы» наамын ыйгарып келишүүдө.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 640, 6-февраль-12-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан