Чач аялзатына өзгөчө көрк, назиктик тартуулап турат эмеспи. Сулуулук салонуна кыска чач менен кирип, жибектей буралган узун чачтуу болуп чыккан кыз-келиндерди көрүп эле жүрөбүз. Жасалма чач кошуу тууралуу Бишкек шаарындагы сулуулук салондорунун биринде иштеген чачтарач Нурзат Эсенгулова айтып берет.
ЧАЧ КОШТУРУУНУ КААЛАГАН КАРДАР 5 КАДАМДАН ӨТҮШҮ КЕРЕК
Жасалма чач кошуунун башкы максаты – кыска чачты узартуу. Мындан сырткары кардарлар жукарып кеткен чачты калыӊ, көлөмдүү көрсөтүү үчүн да чач кошуп бергиле деп келишет.
1. Кардар кандай узундуктагы чачты, кайсы түскө боёо тууралуу адис менен кеӊешүүсү керек. Андан соӊ кардардын чачынын түзүлүшүн жана тибин аныктайбыз. Тармал, түз, суюк, коюу, жумшак же катуу чач болсо, ошол типке жараша кошула турган чачты тандап алабыз.
2. Алгач кардардын чачын таза жууп, кургатып алуу керек. Кардар чачынын тармал болсо түз болушун же түз чачынын тармал болушун кааласа, анда химиялык тармалдатуу же табитке жараша боёо иштерин ушул кадамда жасап алуу шарт.
3. Кошо турган чачтын тутамдарын даярдоо. Жасалма чач тутам-тутам болуп бир нече тал чач бириктирилип даярдалат. Алар сөзсүз табигый чачтан болуусу шарт. Бир тутам чач капсула деп аталат. Ар бир капсуланын баасы 120 сомдон турат. Чачтын калыӊ жана жукалыгына жараша кардарга ар кандай сандагы капсула кетет. Эгер капсуланын тутамы көлөмдүү болсо 15 даанадан жогору, талдары азыраак тутам болсо 150 даана капсулага чейин жетет.
4. Желкеден 3 сантиметр, төбөдөн 2 сантиметрдей калтырып, туурасынан бөлүп алып капсулаларды чачтын түптөрүнө атайын желим, кератин жана чайыр (смола) сыяктуу жабышкак заттардын жардамы менен чапташтыра баштайбыз. Мындай кадамдын өтө чоӊ мааниси бар. Анткени чачты жогору жакка түйүп же байлаганда желкедеги калган 3 сантиметр чач кошулган чачтардын түбүн жаап туруусу керек. Ал эми төбөдө калган чачтар чачты жайып жүргөндө кошулган түптөрдү жаап туруусу үчүн маанилүү.
5. Процесс бүткөн соӊ кошулган чачты кардардын өзүнүн чачына аралаштырып ылайыктуу кыркып, жукартып, жасалгалап коюу жетиштүү.
Бул кадамдардан соӊ чачты кылдат тарап, жылуу сууга жууйбуз. Жасалма чач кошулган соӊ баш терисине жана чачка азыктандыруучу атайын ботколорду сүйкөп туруу абзел.
КАМ КӨРҮҮ
Тароо. Алгач чачты түбүнөн бир колуӊуз менен тутамдап кармап алып анан учунан баштап чатышын чыгара баштоо керек. Чачтын түптөрүн дагы ири тиштүү тарак менен сөзсүз тараӊыз. Анткени баштын терисине дагы массаж керек.
Жуу. Шампунду алаканыӊызга куюп суу кошуп суюлтуп алыӊыз да, чачка сүйкөп, башты укалоо менен кылдат жууӊуз. Мындан соӊ чачка арналган азыктандыруучу бальзамдан көп өлчөмдө эле колдонгонуӊуз оӊ. Мончого барганда жана бууга отурганда башка сөзсүз целлофан баштык кийиӊиз.
Кургатуу. Колдон келсе фен колдонбой эле коюӊуз. Кургатпай сүлгүгө оролгон боюнча да жатып уктоого болбойт. Эч качан чачыӊызды кургатпай туруп тарабаӊыз. Уктаар алдында чачыӊыздын орто жеринен бириктирип, бошураак кылып бир байлап туруп жатсаӊыз, өтө чатышпай жана капсула бириккен жерлер тартылбай коопсуз уктайсыз.
ЧАЧТЫ ҮЙ ШАРТЫНДА КОШУУГА БОЛБОЙТ!
Чач коштуруунун 2 түрү бар. Биринчиси – «муздак», башкача айтканда, капсулалар чачтын түбүнө бекитиле турган тиштүү таракка же кыпчыткычка бекилип жасалат. Ал бекиткичти чачтын түбүнө тагып, кайра чыгарып колдонуп жүрүүгө болот. Ал эми экинчиси – «ысык», башкача айтканда, атайын жабыштыруучу кератин, чайыр сыяктуу заттардын жардамы менен жибитип, капсула менен чачтын түптөрүнө жабыштыруу. Бул ыкма менен чач коштургандар 3 айга чейин жүрө алышат.
Кошулган чачтар 3 айдан кийин түшүп, желимдери ажырап көркүн жогото баштайт. Мындайда өзүӊүз жулуп же кыркып салбай, кайрадан салонго келип жибитүүчү каражаттын жардамы менен алдыруу керек.
Өзүӊүздүн чачыӊыздын түптөрү кошумча чачтын салмагын көтөрө албай бир топ эле жабыркап, түшүп, баштын териси да зыян тартпай койбойт. Ошондуктан дагы чач коштурам десеӊиз, 6-8 ай эс алдырып, түрдүү ботколорду жаап азыктандырыӊыз.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg