ШИРЕТҮҮЧҮ – МЕЗГИЛ ТАЛАП КЫЛГАН КЕСИП

Ширетүү – бул электродду токко кошуп темирлерди бири-бирине бириктирүү. Бул үчүн атайын ширетүүчү аппарат, электр кубаты жана электрод керектелет. Азыр курулуш объектилерин, ири көпүрөлөрдү, кооз тосмолорду, унааларды жана башка техниканын баарын ширетүү жумушусуз элестетүү мүмкүн эмес. Алдыда ушул кесиптин ээлери менен тааныштырып, жумушунун оош-кыйыш жактарын ачып бермекчибиз.

«КӨЗҮМӨ КАРТОШКАНЫ БАСЫП КОЮП ЖҮРӨ БЕРЕМ»
Сапарыбызды Бишкек шаарындагы күн сайын бийиктеп салынып жаткан жаӊы курулуштарга карай уладык. Тордолуп төшөлгөн ичке-жоон арматураларды бири-бирине бириктирип, зым менен байлап отурган жигиттердин арасынан ширетүү аппараты менен иштеп жаткан мырзаны сөзгө тарттык.
– Иш илгери болсун! Өзүӊдү тааныштырып, жумушуӊ жөнүндө айта кетсеӊ...
– Атым Жумабек. Иштегениме 6 эле ай болду. Азыр ширетүүчүлүктү үйрөнүп жатам. Менин кызматым келечектеги көп кабаттуу үйдүн төшөлгөсү (пол) болчу жердин лифт, суу, газ түтүктөрү, жылытуу системи өтүүчү жолдорду ачып берем. Башкача айтканда, тордолгон арматураны ширетүү ыкмасы менен кесип, оюк даярдайм.
– Өз кесибиӊ кайсы? Айлык акы кандай берилет?
– Ашпозчулукту бүткөм. Бирок ал жаатта иштеген жокмун. Ширетүүчүлүктүн окуусун бүткөн эмесмин. Баары бир билим алуу керек экен. Айлык жакшы эле. Башта кыйналып иштеп, аз акча алчумун. Анда саатына 60 сом болсо, азыр 160 сом алам. Айына 20 миӊден 32 миӊ сомго чейин айлык чыгат. Тамак-ашы компаниядан.
– Көзүӊдү күйгөн электроддун жарыгына алдырып ийген күндөрүӊ болобу?
– Ооба, көп эле болот. Бир жолу бет кап кийбей эле ишти бүтүрө калайын деп иштеп жаткам. Кызыктын баары таӊкы саат 4тө башталды. Көзүмө кум кирип кеткенсип өйкөп, ачышып, 3-4 күн кыпкызыл болуп ачышып жүрдү. Чийки картошканы тегерек кесип, көзгө жаап коём. Көзгө кичинекей кирпик кирип кетсе эле кандай кыйнайт? Элестеткиле, анан кум кирип кеткенсип ооруса...

«МЕН ИШТЕП ЖҮРГӨНДӨ КЛАССТАШТАРЫМ МЕКТЕП ОКУУЧУСУ БОЛЧУ»
40 жылга жакын ширетүүчү болуп иштеп келген Сагындык Шыгаев аксакал «ширетүүчү – дайыма талап күч болуп келген кесип» дейт. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоӊ районунун Ак
Сай айылынын тургуну Сагындык аксакал бала кезинен тарта бул кесип менен теӊ арып, теӊ карып келе жатканынан кеп салып берди.
– Бул кесипти кандайча аркалап калдыӊыз?
– Мен Фрунзеге кетип, техникумдан окуп келгенде классташтарым мектепти бүтө элек болчу. Анткени 8-классты аяктап эле кетип калган элем. Айыл чарба техникаларын айдап айылда жүрдүм, кийин аскерге кеттим. Анан шаардагы куруучулардын бригадасына ишке кирдим. Ал жакта курулушта иштедим, ширетүүчүлүк жөндөмүм куруу объектилеринде, газ өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштеринде катуу өөрчүдү.
– Кесип кооптуудай көрүнөт, ден соолугуӊузга кандай кам көрдүӊүз?
– Союз учурунда иштеп жүргөндө милдеттүү түрдө таӊгак-таӊгак кылып сүт беришчү. Жаш кезде ден соолугуӊда эмне өзгөрүү болуп жатканын деле сезбейт экенсиӊ. Азыр эми ооруканага күн түшүп, дарыланыш керек болгон учурлар көп. Негизи, ширетүүчүнүн дем алуу органдары көп жабыркайт экен. Аппаратты иштетип, темирди токтун күчү менен жамап жатканда учкундар чачырайт, ыш болот. Ошол ыш менен дем ала берип өпкө түтүнгө толуп калат. Анан, албетте, көздү дагы абайлап кылдат иштеш керек. Көздүн тушун коргоочу айнек менен капталган атайын бет кап болот. Өзүӊ бийиктикте же кууш жерде иштеп жатсаӊ, учкун тийгенде күйүп кетпегидей катуу кийим, кол кап, анан темир бет кап кийүү кажет.
– Маегиӊизге рахмат, ден соолукта болуӊуз!

«ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АГЫЛБАЙ, БУЛ ЖАКТАН ДЕЛЕ ИШТЕШПЕЙБИ»
Дагы бир объектинин биринен 72 жаштагы Жуматай Базарбаевди жолуктурдук. Ал өмүр бою ширетүүчүлүк менен жашап, үй-бүлөсүн багып, көп кабаттуу үйлөрдөн 2 үйлүү болгонун айтат.
– 2 балам бар. Экөө теӊ Кыргызстанда иштеп, өсүп, бала-бакыралуу болушту. Мен өмүр бою ширетүүчүлүк менен алектенип 2 үйлүү болуп, ага 2 баламды жайгаштырып койдум.
Жаш кезимде Бишкектеги Айыл чарба техникумунда окуп, зоотехник кесибине ээ болгом. Кийин курулуш тармактарында монтажчы болуп иштеп калдым. Анан техника тармагында окуумду улап, тиешелүү разрядга ээ болдум. Ал учурда ширетүүчүлөргө разряд берилчү. Мен 5-разряд алдым дагы Орусияга иштеп кеттим. Союз таркаганга чейин ал жакта 450 рубль айлык алып иштеп жүрдүм. Анан эгемендүүлүк жылдарынан кийин ширетүүчүлүк тармагы артка кетти.
«Дарак бир жерден көгөрөт» демекчи, ушул кесипти таштабай иштеп, өмүр бою ширетүүчүлүк менен жан бактым, үй-бүлөмдү камсыздадым. Азыр эми баары эле чет жактарга кетип жатышат. Азап тартып жаштыгын, ден соолугун коротуп жүрүшөт. Жыргатып акча тапкандарын деле көрбөдүм. Мисалы, борборубуз Бишкек шаары, Кудайга шүгүр, туурасынан өсүүсү токтоп, бийигине кетип жатат. Эгер билимдүү, күчтүү жаш ширетүүчүлөр көп болсо, мага окшогон 70тен ашкан абышканы жумушка албайт болчу да.
Көрдүӊөрбү, минтип ширетүүчүнүн карысы да жерде калбай, көздүү мончок болуп келебиз. Жаштарга окугула демекчимин. Азыр Кыргызстанда ширетүүчүлүк кесипке ээ кылган, үйрөткөн окуу жайлар жок эмес.

«ШИРЕТҮҮЧҮ ӨЗ МИЛДЕТИНЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ КАРАШЫ КЕРЕК»
Жуматай ата айткандай, ширетүүчүлүк билим берген окуу жай издеп жөнөдүк. Кызыгы, Бишкек шаарындагы №100-кесиптик лицейинин ширетүү боюнча устаты айым болуп чыкты. Нурбүбү Айдаралиева ширетүүчүлүк кесипке коӊшу Казакстандан ээ болуп келгенин айтат.
– Аялзатынан ширетүүчү чыкканы чанда. Айрыкча кыргыздарда эрөөн көрүшүп, эркектин жумушу дешет. Эмнеге болбосун? Айымдар кесип тандабайт. Коопсуздук эрежелерин толук сактап, шарттарды туура аткарса, эч бир кесиптин оорчулугу жок. Мен лицейге окутуучу болуп киргениме 3 жылдан ашып калды. Андан бери 1 тайпаны окутуп, коомго даярдап бердим. Барган сайын ширетүүчүлөргө талап күчөөдө. Бул жакшы жышаан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ширетүүчүлөрдүн ити чөп жеп турган маал
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
demo009
2015-02-16 13:59:06
Туура,иттери чоп жеп турган маал. Эгерде баштарына каска кийбесе,анда иттери чоп жегенден баш тартышат.
-1
Ariet7
2015-02-18 03:12:47
72деги чон атабыз жаш корунот экен ээ
0
Kanatbek78kg
2015-02-19 22:09:32
Мен дагы каалайт элем бирок козум начар да эх
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан