Рэп айтып жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан Бегиш аттуу жигит бар. Аны дайыма Баястан менен чогуу жүргөнүн көрөбүз. Азыркы тапта жаштардын талабына ылайык хиттерди жаратып келген эки достун бири – «сенин досуӊ Бегишбекти» кененирээк маек курууга чакырдык.
– Салам, Бегиш! Чыгармачылыкта кыш айларын «мёртвый сезон» деп коёт эмеспи. Сен да тыныгуудасыӊбы?
– Мен былтыр окуумду бүткөм, ошондуктан чыгармачылыкка баш-отум менен кирип иштеп жатам. Учурда Баястан экөөбүз студиядан чыкпай, жаӊы альбом жаздыруудабыз.
– Дипломду колго алган экенсиӊ, жакында сени юрист катары да көрүп калат турбайбызбы?
– Чынын айтсам, кесибим боюнча иштейин деген оюм жок. Мен өзүмдү рэп ырчы катары көрсөткүм келет. Азыр жаш болгондугумдан ырларымды эл олуттуу кабыл албай жаткандыр. 30 жаштан өткөндө бул өнөрүм мындан да күчөйт. Кудай буюрса, картайсам деле рэп окуй берем.
– Рэп айтып жан багууга болобу?
– Рэп айтып чоӊ акча таба элекмин. Бирок жалпы эле чыгармачылык менен жан багууга болот. Рэптен сырткары ырчыларга ыр жазып берем. Мисалы: Мирбек Атабековдун «Сагынган кезде», Назгүл Токтакунованын «Ачууга алдырба» деген ырларынын сөзүн жазгам.
– Ырдоо, ыр жазуу талантыӊ кичине кезиӊден эле барбы?
– Кичине кезимде профессионалдык деӊгээлде футбол менен машыккам. Жадакалса келечекте белгилүү футболчу болом дечүмүн. Бирок колледжде окуп жүргөндө чыгармачылыкка кызыгып кеттим. 2009-жылы биринчи ырымды жаздырып, окуу жайда жылдыз аталгам. Бир жылдан кийин продюсерим Мирлан Саткымбаев менен тааныштым. Ал ошол учурда концерт уюштуруп жаткан экен. Ырларымды берсем жактырып, иштешүүнү сунуштап калды. Ошентип, рэпке берилип кетип футболду таштап салгам.
– Продюсериӊ экөөӊөрдүн ортоӊордо келишим барбы?
– Мирлан менен 5 жылдан бери иштешип келе жатам, ортобузда эч кандай деле келишим жок. Ал азыркыга чейин Баястан экөөбүзгө бекер клип тартып берет. Чакыруу менен кайда барып ырдабайлы, биздин тапкан акчабыздан 1 сом алган эмес.
– Ырчылыкты, болгондо да рэпти тандаганыӊа ата-энеӊ каршы болгон жокпу?
– Мен ичип-чегип жаман жолдо жүрбөй элемин да. Апам «сен ырдабай эле декломация айтасыӊ» деп айтып калат. Үйдөгүлөр «рэп ырдайм десеӊ, анда бизди угуп юристтикке оку, анан өзүӊдү өзүӊ каржыла» деген шарт коюшкан. Макул болуп, сөзүмө туруп окууну бүттүм, азыр атамдардан акча сурабай, өзүмдү өзүм каржылайм.
– Үй-бүлөӊ тууралуу да кененирээк маалымат бере кетсеӊ. Ата-энеӊ, бир туугандарыӊ жөнүндө...
– Мен 1992-жылы Алайдын Гүлчөсүндө төрөлгөм. Андан кийин 1996-жылдан 1998-жылга чейин Жалал-Абад шаарында чоӊойдум. Атам ошол кезде Жалал-Абадда бор комбинатында иштечү. 1999-жылы Бишкекке көчүп келдик. Ата-энем Орусияда соода-сатык иштери менен алектенип жүрүштү. Мен 19 жыл жалгыз бала болуп чоӊойдум. Идиш жууп, үй шыпырып, нан жасаган менин моюнумда болчу. Андыктан кичине кезимден эле өз алдынчалыкка көнгөм. Апам үч жыл мурун бизди кубандырып, мени карындаштуу кылды. Азыр Турсунай биздин эрмегибиз.
– Окуучулук кезди эстегенде алгач көз алдыӊа эмне тартылат?
– Мен мектепте жакшы окугам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин эч ким менен мушташып, эч кимден таяк жеген жокмун. Биз мектепте окуп жүргөндө сумканын сыдырмаларын чыгарып, уурдап кетмей мода болуп кеткен. Мен да модадан калбай, жаман көргөн классташтарымдын сумкасынын сыдырмаларын чыгарып, үйгө чогултуп койгонумду апам көрүп калып аябай сабаган эле. Ошондо мени мугалимге жетелеп барып, окуучулардын баарынын сыдырмаларын кайтарып бергенбиз. Ушул окуя такыр эсимден кетпейт.
– Бир кезде «жүрөгүмдүн ээсин таптым» деп айттыӊ эле, жеке жашоодо абал кандай?
– Ооба, андай кез болгон, ал кыз азыр жок, жүрөгүм бош. Менде учурда биринчи орунда чыгармачылык турат. Андыктан алдыӊкы 3 жыл аралыгында кыз менен мамиле курайын деген оюм жок. Анын үстүнө үйдөгүлөр деле үйлөн деген сөздү айтыша элек.
– Башка рэперлерден айырмачылыгыӊ барбы?
– Белгилүү рэперлерден Добр экөөбүз эле экенбиз. Экөөбүздү салыштырганда стилибиз, иштегенибиз эки башка. Мен көбүнчө заманбап стилге ыктап, батыштын музыкасына жакынмын. А Добрдын музыкасы көбүнчө нукура кыргызча, айылдык багытта десем болот.
– Сени Бегиш деп көчөдөн тааныгандар болобу же көз айнекчен жүрсөӊ эч ким тааныбайбы?
– Тааныгандар болот. Айрыкча Баястан менен жүргөндө. Анткени Баястандын келбети жагымдуу да, эстеп кала тургандай (күлүп).
– Сөз байлыгыӊды байытуу максатында китеп окуйсуӊбу?
– Жок, такыр китеп окубайм. Китепти 10 барак окугандан кийин эле тажап кетем. Айрыкча тереӊ философиялык китептер жакпайт. Сөзмөр киши менен баарлашып эле сөз байлыгымды өстүрөм.
– Тойлордо ырдайсыӊбы?
– Тойго 70 пайыз улуу кишилер келет эмеспи. Биздин стиль тойлорго жарашпай калат. Андыктан алардын көӊүлүнө жакпай калабызбы деп коркобуз. Ал эми клубдарга концерт коюп, биз менен иштешкен ырчылардын концертине чыгып турабыз.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg