АЛЬВЕОКОККОЗ МЕНЕН ЭХИНОКОККОЗ ИТТЕН ЖУГУУЧУ БООРДУН КУРТ ООРУЛАРЫ

Учурда тоолуу аймактарда альвеококкоз менен эхинококкоз дарты күч алып турган чагы. Андыктан бул оорунун эмнеден, кантип жугарын билгиси келгендер көп.
Биз да бул максатта Бишкектеги №1-клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы АКЫЛБЕК МУСАЕВ менен маектештик.

Урматбек уулу Талапкер, 19 жашта. Нарындын Кочкор районунан. Клиникага Ош шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде милдетин өтөп жүргөнүнө 9 ай болгондо түшкөн.
Карап, дарылаган врачы Акылбек Мусаевдин айтуусуна караганда, боордун альвеококкоз оорусунун өтүшүп кеткен түрү менен түшүп, операция жасалган. Башкы катачылык жигитти медициналык текшерүүдөн өткөрбөй туруп, аскерге алуудан кеткен. Оорунун башталганына болжол менен 5-6 жыл болгон жана шишик өсүп жүрүп отурган.

АЛЬВЕОКОККОЗ ШИШИК, АЛ ЭМИ ЭХИНОКОККОЗ ЫЙЛААКЧА ТҮРҮНДӨ ӨСӨТ
Альвеококкоз оорусун альвеококк мите курту козгойт. Курттун узундугу 1,2-3 миллиметрге жетет. Оорунун эки кожоюну болот: туруктуу жана алып жүрүүчү. Табигый булагы болуп жапайы чычкандар, суурлар, ондатрлар эсептелет. Буларды түлкү, карышкыр, чөө, иттер жеп алып, туруктуу кожоюндарына айланышат. Мите курттар алардын ичегисинде өсүп, чоӊоюшат. Анан өсүп жетилген курттун арткы ичинде толо жумурткасы бар муунагы (членик) үзүлүп түшөт да, жумурткалар сырткы чөйрөгө тарай баштайт. Муунакта 200дөн 800гө чейин жумуртка болот. Алар көлмөгө, сууга, чөпкө, жашылча-жемиштердин үстүнө, балдар ойногон аянтчага, короо-сарайга түшүшү мүмкүн. Кожоюнунун жүнүнө жабышып алгандары да болот.
Жумурткалар адамга итти сылап-сыйпоодон, булганган жерге оонаган малды кармалагандан, терисин сыйрыгандан жугат. Балдар болсо көбүнчөсү оюн аянтчаларынан жуктуруп алышат. Колду жуубай же чала жууп тамактанганда жумурткалар тамак менен кошо ичке кирет. Чөпкө, жашылча-жемиштерге түшкөндөрүн адам, уй, кой, эчкилер жеп алат. Ошентип, адам менен үй жаныбарлары ооруну алып жүрүүчүлөргө айланышат.
Митенин жумурткалары ичегиге барганда сырткы кабыгынан бошоп, канга өтүп, кан аркылуу жылып жөнөйт. Боор организмдин башкы фильтри болгондуктан, ал өзүнө келген канды чыпкалайт. Уулар менен кошо мителердин жумурткалары да боордо кармалып калат. Эгер боордо кармалып калбаса, анда кан менен дагы жылып, өпкөгө, мээге же жүрөккө, көк боорго, өт баштыкчасына барып кармалып, ошол жерде өсүп, чоӊоё баштайт. Жумурткалар личинкага айланып, шишик түрүндө (рак эмес!) өөрчүйт. Шишикти кесип көргөндө сырга окшошуп кетет.
Эхинококкозго келсек, илдетти эхинококк мите курту жаратат. Узундугу 2-7 миллиметрге жетет. Курттун туруктуу кожоюну болуп ит, ал эми алып жүрүүчүлөр болуп адам, уй, кой жана башкалар эсептелет. Иттин ичегисинен эхинококкоздун жумурткалары бар муунагынын үзүлүп түшүшү, малга жана адамга жугуу жолдору альвеококк митесиникиндей эле. Жумурткалардын адамдын ичегисинен канга кошулуп жүрүп отуруп, боордо же башка органда кармалып калышы да ошондой. Кайсы органды турактап калса, ошол жерде личинкага айланып, ыйлаакча (киста) жаралат. Айта кетчү нерсе, боордун альвеококкозу менен эхинококкозу көп учурайт.

БООРДУН ЧОӉОЮП, САЛАӉДАШЫ ООРУНУН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ
Алгач оорунун жаралышы байкалбайт. Убакыттын өтүшү менен ыйлаакча, шишик чоӊоёт. 1 жылда болжол менен 3 сантиметрдей чоӊоюшат. Альвеококкоздо боордун клеткалары калыӊдайт, андыктан кармап көргөндө катуу сезилет. Кокус дарт боордо жаралса, эки ооруда теӊ адамдын окууга же ишке болгон жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, алсырайт, тамакка болгон табити жоголот. Башы ооруп, бетине безеткилер чыгат. Боордо оорутуу жаралып, салаӊдап, оорлошот. Эгер ыйлаакча же шишикче чоӊоюп өт жолун тосуп калса, анда адамдын денеси саргая баштайт.
Илдет өпкөдө жаралса, анда чоӊойгон сайын өпкөнүн ткандары, кан тамырлары, бронхалары кысыла баштайт. Жөтөл, кан түкүрүү, ооруксунуу келип чыгат. Кокус жарылып кетсе, анда ыйлаакчадагы суюктук бронхаларга толот да, адам катуу жөтөлүп, дем ала албай муунат. Мындайда кечиктирбей операция жасоо керектелет.

ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН АЙЫГЫШАТ
Эки дартты теӊ дарылоо операциялык жол менен ишке ашат. Ыйлаакча, шишик кесилип алынып салынат. Кээде алар чоӊоюп кеткендиктен, боордун үчтөн экисин кесип салууга туура келет. Айрым учурда кан тамырлардын жанында өсүп калгандары кездешет. Буларды алуу өмүргө коркунуч туудургандыктан алууга болбойт. Адам өмүр бою дары ичүүгө мажбур болуп калат. Оору абдан өтүшүп кетсе, операция жасоо менен да илдеттен толук айыктыруу мүмкүн эмес. Болгону дары-дармек менен өмүрүн узартып кармап турууга гана болот. Ал тургай адам көз жумуп кетиши ыктымал. Андыктан илдет жаралса врачка эрте кайрылуу зарыл. Статистикага кайрылсам, биздин клиникада эле 2015-жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейин 21 адамга эхинококкоз, 9 адамга альвеококкоз боюнча операция жасалды. Ал эми 2014-жылы аталган оорулар менен түшүп, операция жасаткандардын саны 400дөн ашкан.
Өткөн жылы бизге 73 жаштагы жалал-абаддык бир адам келип түшкөн. Эхинококк ыйлаакчасы оӊ бөйрөгү менен боорунда бар экен. Операция жасап, бөйрөгүн толугу менен, ал эми боорунун үчтөн экисин алып салдык. Кесилгендердин жалпы салмагы 8,5 килограмм чыккан.

ИТТИН ИЧИНДЕГИ КУРТТАРДЫ ӨЛТҮРҮҮ ҮЧҮН ДАРЫ БЕРГИЛЕ!
Оорунун алдын алуу жөнөкөй. Малды сойгондо, жүнүн кыркканда колду самындап таза жууш керек. Үйдөгү иттерди бош коё бербей байлап, балдардын аларды кармалабоосуна көз салуу кажет. Эхинококкоз жана альвеококкоз илдети күчөп турган аймактын жашоочулары иттеринин ичегисиндеги курттарды өлтүрүү үчүн альбендазол же дронтал плюс дарысын 40-45 күн сайын берип турушу керек. Ал эми дарт тарабаган аймактагылар аталган дарыларды жылына 4 ирет берсе болот. Малдын ыйлаакчалары же шишиктери бар өпкө, боорлорун иттерге бербей, жерге көмүп же өрттөп салууну унутпаӊыз. Жолбун иттерди атып жоготуу да оорунун таралышынын алдын алууга кирет.
Организминде илдет бар же жок экенин аныктоо үчүн адам бир жылда 1-2 ирет боорун УЗИге, өпкөсүн рентгенге тарттыруусу кажет.

Статистика. Республика боюнча эхинококкоз менен 2012-жылы 930 адам, 2013-жылы 1049 адам, 2014-жылдын 8 айында 825 адам ооруп, операция жасалган. Ал эми альвеококкоз менен 2013-жылы 4 адам, 2014-жылы 8 айда 148 адам ооруп, операция жасалган.

Альвеококкоз оорусунун таралуусу.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
erika8982
2015-02-16 10:57:05
Кулак уксун, коз корбосун деп койот эмеспи. Мындай ооруулардан алыс эле бололучу.Кудай сактасын, сактайт деп журо бербей оз эрежелери менен сактаналы.
0
Bakulya79
2015-02-16 13:46:46
айтпа.
0
prenses
2015-02-17 01:11:18
Ejem ushul alvokokkoz oorusunan bul duyno mn kosh aitiship kete bergen:'( .
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан