Динара Абдыкадырова, актриса: «ЭӉ БИРИНЧИ НУРБЕК ЭГЕНДИН ТАСМАСЫНА ТАРТЫЛГАМ»

«Боз салкын» тасмасындагы Сагын үйлөнгөндө кыз алган жак кулдук уруп баруу үчүн айылдын кадыр-барктуу адамдары чогулганы эсиӊизде бардыр. Ошондо генералдын сулууча аялына столдун астынан колун сойлотуп тийишкен милицияга ысык кашык басып чочуткан айым Динара Абдыкадырова биздин маек төрдө. Актрисанын искусство айдыӊында алпурушуп жүргөнүнө 20 жылдын жүзү болду.

Туулган жылы, айы, күнү – 1974-жыл, 16-май
Үй-бүлөлүк абалы – Бир кыздын энеси
Кинодо аткарган ролдору – «Жоолукчан», «Саратан», «Кууш жолдо», «Боз салкын», «Апамдын махабаты», «Курманжан датка», «Белгисиз маршрут», «Карт бойдок-2» жана башкалар
Театрда жараткан образдары – «Адам жана азезил», «Махабат жана өлүм», «Сократты эскерүү түнү», «Абай сот», «Байыркы жомок» жана башкалар

– Динара айым, кош келипсиз! Алгачкы суроом, өтүп кеткен жылды «көӊүл толорлук иш кылдым» деп ыраазы боло узаттыӊызбы?
– Өткөн жыл мен үчүн жакшы жылдардан болду. Кыргыздын тарыхы чагылдырылган «Курманжан датка» тасмасында Курманжандын апасынын ролун аткардым. Киного кастинг жүрүп жатканда сиӊдим «эже, кастинг кандай өтөрүн көрүп келбейлиби, мен да катышайын» дегенинен барганбыз. Сиӊдим чыгармачыл чөйрөдөн деле эмес, Америкага окууга кеткени жаткан, бирок өзүн сынагысы келди окшойт. Тартуучу топ «өзүӊ да байкап көрбөйсүӊбү?» деп сунушташканынан сүрөткө түшүп койгом. Жыйынтыгында Курманжандын апасынын ролуна тандап алышты.
– Кинодо жана театрда жараткан алгачкы образдарыӊыз эсиӊиздеби?
– Кинодогу алгачкы ролум тууралуу айтсам, анда Кыргыз драма театрынын алдындагы окуу жайдын студенти элем. Театрдын ичинде ары-бери басып жүрсөм, бир жигит эле мени кечке карай берди. Бир убакта «чоӊ кыз, сиз менен таанышсам болобу?» дейт. Экөөбүз таанышкан соң «кино тартканы жаттым эле, сыртка чыгып сүрөткө түшө аласызбы?» деди.
Көрсө, ал жаш жигит Нурбек Эген экен. Бүткүл Орусиянын мамлекеттик кинематография университетине (ВГИК) тапшыруу үчүн кино тартканы жүгүрүп жүрүптүр. Ошентип, Аян аттуу кыздын ролун ойноп, Бек Борбиев менен чогуу «Жоолукчан» деген тасмага тартылдым. Ал кезде Бек агабыздын жылдызы болушунча жанып турган маал. Сюжетин эске салсам, Бек байке башканы жактырганына карабай мен ага турмушка чыгам да, аягында экөөбүз теӊ кыйналабыз. Ал эми театрда ойногон алгачкы ролум Токтоболот Абдумомуновдун «Жорубайдын жоруктарындагы» башкы каарман Гүлдана болду.
– Актрисалык кесип кичинеӊизден эӊсеп келген кыялыӊызбы же кокустукпу?
– Кичинемден эле улуу актёр, актрисаларыбызды теледен көрүп, ошолордой болсом деген кыял менен жашадым. Бирок мен мектепти аяктаган 1990-жылдардын башы кыйын кезеӊ болду. Союз деген чоӊ держава урап, көр тирилик менен алпурушуп, искусство унутулуп калган убакта Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда окуп калдым. Ленинградда, Москвада окуйм деген тилегим орундалбаганы менен, Бообек Ибраев, Советбек Жумадылов сыяктуу залкарлардын көз алдында окудум. Студияны аяктаган соӊ мени театрга алып калышты. Ошол кезде театр чөйрөсү жаштарга суусап турган.
Ошентип иштеп жүрүп Москвадагы театралдык окуу жайга үч жолу тапшырып сынактан өттүм, тилекке каршы, жашоо шартка байланыштуу окуган жокмун. Кийин Темирбек Жургенов атындагы Казак мамлекеттик театр жана кино институтун бүтүрдүм. 2000-жылдан бери Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда эмгектенип келем.
– Актёрлор театрды таштап кетип жатышканда сиз дагы кесибиӊизди алмаштырууну ойлогон жоксузбу?
– Мен да кеттим, кеткенде деле чыгармачылыктан алыстабай, радиодо иштегем. Сары-Өзөн радиосуна Эгемберди Бекболиев алып барган. Ал жактан жомокторду окуп, ар кандай уктурууларды алып барчумун. Уктуруулар таӊкы жетиде башталчу. Орозбек Кутманалиев агай күнүгө саат алтыда телефон чалып, «кызым, турагой, кечикпе» деп ойготчу.
– Тойлордо, ар кандай иш-чараларда Умай эненин ролун аткарганыӊызды көрүп калабыз. Бул ролду аткаруу идеясы сизге кандайча келген?
– Мен таене, таятамдын колунда чоӊойгом. Табиятымдан ушундай адаммынбы же улуу адамдардын тарбиясын көргөнгөбү, кыргыздын байыртадан келе жаткан каада-салтын, үрп-адатын сыйлайм, кадырлайм. Элибизде илгертен Умай энени ыйык көрүшөт, бала ооруп калса да аны эмдеп жаткан аял «менин колум эмес, Умай эненин колу» дейт эмеспи. Анын кийимин кийгенде башкача бир дүйнөдө жүргөндөй болом. Бул мен үчүн жөн гана сөздү жаттап алып айта турган роль эмес.
Умай эненин образына кирерде өзүмдү адамзатты бүт түйшүктөн арылтканы бараткандай сезем. Ошол учурда башкалардын аурасын тазалап жатып, өзүм да аруулукка сүӊгүгөндөй болом. Умай эненин ролунда турганымда менден улуу аталар, апалар да мага ызаат менен карашат. Кандайча аткарып калгам? Бир жолу бизде иштеген Камчыбек Букалаев театрга келип, «Ишенбай Абдыразаковдун кызы турмушка чыгып жатыптыр. Ресторанда той болот, өзгөчө бир нерсе ойлоп табалы» деди. Ошондо мен Умай эне болуп, балдар «Жар-жар» айтмай болушкан. Ошондон бери Умай эненин образын алып жүрөм.
– Таененин колунда өссөӊүз бышык кыздардан экенсиз да. Балалыгыӊызга кайрыла кетсеӊиз...
– Балалыгым эстен кеткис, өзгөчө мезгил экен. Жети-Өгүздүн Балтабай деген куттуу айылында чоӊойдум. Эс тартканы апамдын колуна келип, мектепти борбордон аяктадым. Кийин ойлосом, таенемдин да, таятамдын да жан дүйнөсү бай, көрөгөч, даанышман, кайраттуу адамдар экен. Ошондой улуу адамдардын коргоосунда жүрсөӊ, телегейиӊ тегиздей жүрөсүӊ.
– Эми кеп учугун жеке жашооӊузга буралы, өмүрлүк жарыӊыз да чыгармачыл чөйрөдөнбү?
– Мен, негизи, жеке жашоомду элге айтып же «тигиним жок, мунум жок» деп наалыганды жаман көрөм. Устатым Бообек агайдын «актёрлор көшөгөнүн артын көрөрманга көргөзбөш керек» деп айтканын эч эсимден чыгарбайм. Ошонун сыӊарындай, жеке жашоом жөнүндө элге айта бербейм. Кыскасы, баары жакшы, Аймана Муратай деген кызым бар. Аймана төрөлгөндө таенем түшүмө кирип, «атын Муратай кой» деген. Ошон үчүн эки аты бар.
– Сизди кандай эне деп билсек болот?
– Эне болгондон кийин мен үчүн дүйнөдөгү бардык баалуулуктар өзгөрдү. Ушуга чейин жасап жаткан иштерим эч нерсеге татыбай калды. Мен кызымды өтө эркелетем, бир да жолу уруп-соккон эмесмин. Аны менен чоӊ кишиче, курбуларымдай эле сүйлөшөм.

"Кызым Аймана Муратай беш жашта".

"Курманжан датка" тасмасына сиӊдим аркылуу барып тартылып калгам".

"Эрнест байке "Боз салкын" тасмасына бардык актёрлорду тартканга аракет кылган. Актёрлор ооруп калып, мен катышкан эпизодду 9 күн тартканбыз".

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
erika8982
2015-02-16 09:42:05
Абдан сулуу жана таланттуу эжеке , ушундай оор жана бир сындуу экени кинолордо да байкалып турат, чыгармачылдыгынызга ийгилик, уй булонузго бекемдик, жузунон нукура кыргыздын элеси корунуп турат, бар болунуз . Кызы да шипширинго томпош болуп.
+1
Bakulya79
2015-02-16 12:36:32
талантыныз эч качан очпосун.
+1
kg.sity93
2015-02-17 13:50:58
мага да жагат.эже.абдан жакшы аткарат рольдорун
0
alnaz
2015-02-17 13:52:47
Ай иий ай,карагылачы Динара менен Элина чын эле эне баладай окшошуп калыптыр.Азамат режиссер,анык сулууларды кошуп тарткан экен.
+2
martaprelmay2015
2015-02-19 01:17:58
Ошондо эри жок,же ажырашкан да ээ?
0
diiazbek
2015-02-19 12:47:46
Ииий кокуй боз салкындагы санын карматкан аялгоо
0
jama9210
2015-02-19 14:35:56
аааииииии кызы Айманай помпоська томпоськагооо бетинен иииййй бетинен коз тийбесин
0
azizka94
2015-02-22 06:58:43
Эжеге чексиз бакыт,бар болунуз негизи ролдорун сонун аткарат кызы да бактылуу болсун!!!
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан