14 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНДАР ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП КЕТИШТИ

Эсиӊиздерге салсак, гезитибиздин 624-санына «Кайын сиӊдисин жеӊеси зөөкүрлөргө салып берген деп шектелүүдө» деген макалабыз жарыяланган. Анда 29 жаштагы Кымбат Мырзатова аттуу айым 14 жаштагы кайын сиӊдисин 2 таанышына атайлап зордуктатканы жазылган. Кылмышка шектүү деп Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылынын тургундары 26 жаштагы Максатбек Жумакалиев жана 41 жаштагы Азамат Токтошовдор кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ал эми уюштуруучу катары шектелген «жеӊе» издөөдө жүргөн болчу.

«КЫЗЫМДЫ КЫЙНАП МАС КЫЛЫШКАН»
Өткөн аптада жабырлануучу кыздын апасы Гүлүмкан (аты өзгөртүлдү) «7-класста окуган кызымды зордуктаган 2 жаран дале эркиндикте жүрөт» деген маалымат берди. Биз ага жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Жолдошум экөөбүздүн 2 кыз, 3 уулубуз бар. Кызым Салима (аты өзгөртүлдү) кыздардын экинчиси. 2014-жылдын 16-июль күнү колумда 8 айлык балам бар болгондуктан кызымды «кыям жасайбыз, базарга барып өрүк, кумшекер алып кел» деп жумшагам. Менин телефонум жоктугуна байланыштуу түштө кошунабызга телефон чалып, мени менен сүйлөшкөн. Кийин телефону өчүп, ал күнү үйгө келген жок. Эртеси келип эле «Кымбат жеӊем мени 2 кишиге зордуктатып салды» деп бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди.
Анын айтымында окуя мындайча болуптур. Салима базардан жеӊеси Кымбатка жолугуп калат. Кымбат өзү Торкен айылынан болот, андан бир жума мурун кайним менен ажырашып кеткен болчу. Экөө 8 ай бирге жашашкан. Кызымды «конок болуп кет, кечинде таксиге салып жиберем» деп Торкенге алып калыптыр. Анан бир үйгө алып барып, экөө чай ичип бир аз отурган соӊ эшиктен эки бейтааныш киши колдоруна сыра, арак көтөрүп келишкен. Кетмекчи болгон кызымды абысыным көкүрөккө чаап, «сен бүгүн түнү биз менен отурасыӊ, кетпейсиӊ, байкеӊдин өчүн сенден алам!» деп коркутуп, колундагы телефонун жулуп алып өчүрүп, кетирбей коёт. Анан сыра менен аракты аралаштырып, кызымдын колун кайрып кыйнап ичиришет. Кызым коркуп 2 чоӊ стакан ичиптир. Аз өтпөй «күн ысык болуп жатат, сууга түшүп келбейлиби» деп такси чакырып, суунун жээгине барышат. Ал жерден Салимага дагы сыра беришет. Тигилер өздөрүнчө бөлүнүп ичип жатканда Салима качкан экен, Максат артынан кууп жетип, кайра сүйрөп баратканда кызым кулап, кулагына чыбык кирип кетиптир. Бир убакта жеӊеси тура калып кызымды таш менен башка чаап кулатып, Азаматка салып бериптир. «Жеӊем эки колумду бекем кармап турду, бутумду тыбырчылатып, бакырып элди жардамга чакырсам, айланада эч ким жок окшойт, жооп болбоду. Эсимди жоготуп, өзүмө келсем Максат этегимде карап отуруптур, Азамат деген чоӊ киши үстүмдө экен. Маӊдайымдан кан агып жатыптыр. Өлбөй апамдын колуна аман-эсен жетсем экен деп тиледим» деп кызым боздоп ыйлап отурат.
Кийин башка таксиге салып, кайрадан Торкенге, бирок башка үйгө алып барып жаткырып коюшуптур. Кызым «кулагым» деп ыйласа темир менен кулагын чукуп, чыбыкты кайра ары түртүп, кулагын канатып алышат. Кечинде такси чакырып ооруканага алып барып, кулагындагы чыбыкты алдыртышкан. Анан Кымбат бир кошуна жеӊебизге телефон чалып «Гүлзада жеӊем менен сүйлөштүрүп коёсузбу, ага кыз керек бекен? Кызынын кулагына чыбык кирип ооруканада жатат» дептир. Мен чалсам Кымбат «кулагына курт кирип кетиптир, алдырып үйгө алып келдим. Эртеӊ салып жиберем» деди. Ооруканадан кийин кайра биринчи барган үйүнө алып барышкан. Кызым колуна үбөлүк кармап, таӊ атканча тигилерди жанына жолотпой коюптур. Эртеси айылыбызга кетчү таксиге салып жиберишиптир.

«ТОСМО АРЫЗДЫ АЛДОО, КОРКУТУУ ЖОЛУ МЕНЕН ЖАЗДЫРЫШКАН»
– Кайним экөө ажырашкандан кийин Кымбат ага «сенин 3 карындашыӊ бар, ошолорду шерменде кылып өч алам» деген экен. Биз анын сөзүнө убагында маани бербептирбиз. Максат менен Азамат 23-сентябрда кармалып, 2 ай камакта жатышты. Алардын туугандары «кызыӊыздын дарысына» деп
300 миӊ сом беришкен. Алардын соту болоруна аз калганда бир кайнежем кызым экөөбүздү Токтогул шаарчасына чакырды. Көрсө, ал берки балдардын ата-энеси, жактоочусу менен тил табышып алыптыр. Кафеге киргизип мага «балдарды каматып жибергенден эч кандай майнап чыкпайт, жеӊилдик берилсин деп кол коюп бер» дешти. Мен балам ыйлап эшикке чыгып кетсем, кызымды «артыӊды ойло» деп коркутуп, ага бир кагазга кол койдуруп алышыптыр. Мен мыйзамды анча түшүнө бербегендиктен алданып, бир чети коркуп кол коюп берип койдум. Ошентип сотто «өзүӊөр доом жок деп тосмо арыз жазып бериптирсиӊер» деп кызымды зордуктагандарды эркиндикке чыгарып жиберишти. Жабык сот дешип сотко мени, кызымды, анан баягы кайнежемди эле чакырышты. Мени соттук отурумга киргизип, бат эле кайра чыгарып коюшту.
Абысыным болсо 4 ай дегенде араӊ табылды. Аны да өзүбүз издеп жүрүп араӊ таптык. Ал кара чачын сарыга боёп, кыска кылып кестирип алыптыр. Борбордогу Кулиев көчөсүндөгү сойкуканалардын биринде иштеп жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишти. Кызым азыр мектепте 8-класста окуп жатат. «Ушундан көрө өлгөнүм жакшы, атамдын көзүн карай албай, чай ичкенден да уялып жатам» деп эки жолу жип ала чуркап, араӊ алып калдык. Учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде психологдордон жардам алып жатабыз.
«Кызымды зордуктагандар камалсын» десем эле берки тараптар, жактоочулар, тергөөчүлөр «анда 300 миӊ сомду кайтарып бергиле» деп коркутушат. Биз аны кызымдын дары-дармегине, ооруканаларга барганга жол киресине коротуп койгонбуз. Эгер зөөкүрлөр жазасын алса, анда мен 300 миӊ сомду кайдан болсо да таап берүүгө даярмын.

«СОТ ИШТЕРИ УЛАНУУДА»
Жогорудагы окуя боюнча чечим чыгарган Токтогул райондук соту менен байланыша албадык. Учурда бул иш боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Эгер жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берсе, кылмышкерлер оор кылмыш жасаганына карабастан эркиндикке чыгып кетишеби? Жогорудагы суроолорубузга Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошевадан жооп алдык:
– Бул иш боюнча сот процесси аяктай элек. Токтогул райондук соту өз чечимин чыгарып, ишти облустук сотко жөнөткөн. Бирок облустук сот кайрадан дыкат иликтеп чыгуу үчүн ишти райондук сотко кайтарган. Жакын арада соттун 2-отуруму болот. Жабырлануучу жашы жете элек кыз болгондугуна байланыштуу сот отуруму жабык түрдө өтөт жана акыркы чечим чыкмайынча соттун бул окуя тууралуу маалымат берүүгө укугу жок. Ал эми тосмо арыз боюнча айтсак, кылмыш ишинин оор же жеӊилине карата чечим чыгат. Оор кылмыш жасагандарга тосмо арыздын негизинде жеӊилдиктер каралат.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР СОТКО КҮБӨ КАТАРЫ КАТЫШЫШАТ»
Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубаныч Акматов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул окуя боюнча кылмышка шектүү деп кармалган Азамат
Токтошов менен Максатбек Жумакалиев азыр эркиндикте экендиги чындык. Биз кылмыш ишин тергеп сотко жөнөткөнбүз, шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Сот жабырлануучу тараптын «доом жок» деген тосмо арызынын негизинде айыпталуучуларды эркиндикке чыгарган.
Ал эми издөөдө жүргөн Кымбат Мырзатованы биздин кызматкерлер 27-декабрь күнү Бишкек шаарындагы сойкуканалардын биринен кармап келишкен. Ал айым боюнча да тергөө аяктап, иши сотко өттү. Сот отуруму жакында болот жана өкүм
Кымбат Мырзатовага гана угузулат. Зордуктаган эки жаран ал сот отурумга күбө катары гана чакырылышы мүмкүн. Жеке менин пикиримде, кылмыш кылгандар эркиндикке чыгып кетишсе, уюштурган адам деле камалып кетпесе керек...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеңеси кайын сиңдисин өч алуу үчүн зордуктатканбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Aziz_9292_kg
2015-02-18 18:01:54
Эки кишиникин пычып женесин атсыын и баарыбызга ыйман берсииин
0
korsaromega
2015-02-18 22:50:09
Бул аял 300000 мин сом алдым дейт ! Уяты жок экен! Мындай алганда ал оз кызын ушул акчага саткан болот. Бирок акчаны алган кезде да тиги зоокурлорду камаш керек болчу, себеби зордуктоо факты такталган.Ошол боштондука чыгарган сотту да тергоого алыш керек. Себеби сот деле жон гана чыгарган эмес. Алардын акчасын алган. Эй кудай ушундай адамдардын жазасын берчи!
0
Altyn10076
2015-02-19 03:05:35
кылмыш кылгандар күбө катары кана өтсө бул жагы кандай болот .
акча жана акча!!!!!!!!!!!!!!
0
Ern
2015-02-20 11:55:52
Бир нерсе деш кыйын,азыр мен эми биздин милиция, сотторго такыр эле ишенгим келбей калды,чындыкты чыркыратып туруп акчага сатылып кетишет,андан көрө өч алгың келсе кечинде бет кап кийип ушуга окшогон зөөкүрлөрдү коркутуп, чет жака алып чыгып,башын кап менен жаап алып моокумуң кангыча уруп анан эгер милицияга арыздансаң мындан да бетер болосуң деп өч албасаң, милициялардан тыянак чыгышы кыйын болтат.
0
Ledi89
2015-02-20 23:28:02
Акыркы учурда ачсан эле сайты зоордуктады дегенге созсуз козун тушот,тооба!
0
kurstan-ali
2015-02-22 01:45:17
Зордуктоо аябай куч алды! Чон аялдардан тартып Ымыркайларга чейин зордуктамай! Бул не деген шумдук? Зордуктаган акмактарга шариятский суд керек!
0
Ali-5
2015-02-22 19:03:20
Аллах жазаласын, кор болуп олот булар. Бирок кор болсо да кыргыз кор болгон болотдаа.Жакшылык болсун ааламда

0
arisbekov
2015-02-22 20:34:48
Ар бир адамга ыйман берсин ушундай нерседен кудай озу сактасын
0
Senuchunzhashaim
2015-02-26 19:47:10
Беттери менен курусун кантип эркиндике чыгышты? Колу менен жасаганды, мойну менен тартыш керек да! Булар акча менен кутулуп кетиптир да бирок Аллахтын алдында кандай абалда калаар экен белгисиз!
0
syrgak83
2015-03-30 00:52:36
Адам адамга жасаган жазадан кутула алат, бирок жаратуучудан кутула албайт.
0
nurlan10000kg
2015-04-02 16:43:06
Апасыго кызынын намысын 300минге сатыптыр а соттор кантип чыгарып жиберди. Акчасын алып чыгарып жиберген соттун кызынада ушул иш башына тушкондо турмодо чиритет болчу бул анык. Бул нерсе биз кыргыздар наамысыбыздын жок экендигинен кабар берип турат. Кудайдан тиленгиле ыймандуу акылы сиирек башчы келсин деп
0
Sezim.A
2015-04-19 11:45:22
Бул ишти жасаш тугул айтууга да тилин барбайт,Негизгиси кудайым озу сактасын,ал эми кыздын тагдырынан кеп козгомокчу болсок,албетте бул жооп табылгыс суроо.Бул тосмо кагаз деген жазасын албасын деген эмес ко,мейли тосмо кагазды жаздырды,акыры мамлекеттин ар бир кылган кылмышка чара колдонушу керек эмеспи.Кылмышты жасадыбы ал жазасын албетте алыш керек.Тосмо кагаз м.н балдар акталса,мындай ишти башка кайталабайт дегенден ыраакмын.
0
KGPRESIDENT
2015-05-20 15:30:42
Гүлүмкан эже жана Салима, АЛЛАХЫМ баарын корүп турат.Аларды албетте АЛЛАХЫМ озү жазалайт.Салимага АЛЛАХЫМ бакыт берсин.Көп кайгырба. Сенин келечегиң алдыда.Сен албетте бактылуу болосуң!
0
KGPRESIDENT
2015-05-20 15:31:59
Жеңеңди АЛЛАХЫМ өзү жазаласын.
0
umar12
2015-06-05 00:48:45
ЭЭ агасынын намысы жок ХХХ экен. Кызынын жаркын келечегин акчага саткан ХХХ...
0
admin_superstan
2015-06-05 10:02:21
umar12, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан