КИЙИМ ЖАНА БУЮМ-ТАЙЫМДАРДАГЫ ЭТИКЕТКА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Этикетка же кийимдеги кичинекей «тилче» буюм же кийим тууралуу кыскача маалымат берип, аны колдонуу ыкмаларын түшүндүрүп туруусу кажет. Этикетканы караган соӊ сиз колуӊуздагы буюмдун эмне кездемеден тигилгенин, ага кандай кам көрүүнүн ыкмаларын түшүнөсүз. Ошондой эле өндүрүүчү өлкө дагы этикеткада жазылуусу шарт. Өндүрүүчү фабрика же цех товардын сапатын кандай чыгарды, чын эле товар Түркияда же Кореяда, Бангладеште даярдалганбы, муну өндүрүүчү мекеменин өз абийирине коёлу. А сиз жалпы этикеткадагы белгилер эмнелерди түшүндүрөт, билип алыӊыз.
Так ушул этикеткага карап кийимдин баасы эмнеге кымбат же арзан экенин түшүнүп алсаӊыз болот. Этикетка кездемеден жасалып, жазуулар өчпөгүдөй басылса, колуӊуздагы кийим сизге көпкө кызмат кыларынан кабар берет. Товарынын өтүмдүүлүгүн арттыруу үчүн өндүрүүчүлөр ар түрдүү дизайндагы этикеткаларды ойлоп табышып, кардарларды кызыктырышат. Бирок этикеткасы кооз экен деп алаксып кетпей, анын жасалышына, кездеменин сапатына, тигиштеринин бышыктыгына карап алыӊыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Ashka
2015-02-16 16:48:59
Макул карап алабыз.
0
Ayka1994
2015-02-17 14:30:56
Белгилердин тушундурмосу жакшы экен кээ бирллерин билчу эмес элем жакшы болдуго эми
+1
Bakyr
2015-02-17 20:19:08
бизде KG чыгарылган кийимдердин бардыгынын эле этикаткалары окшош го?!
0
admin_superstan
2015-02-18 11:34:35
dentistka, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
Zamknutaya92
2015-02-18 12:18:52
жакшы кенештер экен билип алдым
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан