«ИТКЕ ОКШОП ТАМАГЫН ИЧИП, ТАЯГЫН ЖЕП ЖҮРӨ БЕРДИМ»

Казакстандын Алматы облусуна караштуу Эмгекчил-Казак районунда болжол менен 3 жылдай кулчулукта жүргөн Жумагүл аттуу мекендешибиз 9-январда мекенине кайтарылып келинди. Аны менен маектешип отуруп 21-кылымда эмес, кул ээлөөчүлүк доорунда жашап жаткандай сезимдерге чулгандым.

«КОЖОЮНУМ БОК ЧЫГАРГАН КҮРӨК МЕНЕН БАШКА ЧАПЧУ»
Өзүн Жумагүл Жусуп кызы деп тааныштырган маектешим кандайча катаал тагдырга тушукканын баштан-аяк баяндап берди:
– Өзүм 1990-жылдын 23-мартында Ноокат районунда төрөлгөм. Ата-энем кичинекейимде эле ажырашып кетишкен экен. Атам Жусуп экинчи аялы менен Араванда турчу. Апам Нургүл болсо эсимден чыгып жатат, Ноокат деген жазууга жакын айылдардын биринде Айсулуу аттуу эӊ улуу эжемдин колунда жашачу. Андан башка да менден улуу Гүлжан, Насыйкат деген эжелерим бар. Документтерим жок. Мен окуган эмесмин, ошол себептен жаза албайм. Апам «окуп эмне кыласыӊ?» деп окутпай койгон. Санаганды билем, бирок тамга тааныбайм. Мектепке барбай үй, талаа жумуштарын кылып жүрдүм. 19 жашка чыкканда Нурила деген эже апама келип, «менин бир таанышым Казакстанда тамекиде иштеп акча таап жүрөт. Жумагүл экөөбүз ал жакка барып иштеп, акча таап келели» дегенинен апам макул болду. Анан мага жол киреме акча берип, ага кошуп жиберди.
Бишкекке келип мейманканага түнөдүк. Менин документим жок болгондуктан эртеси чек арадан суу кечип өтүп, 3 күндө араӊ Казакстандын бир айылына жеттик. Ал жакта бир уйгур аялдын тамеки талаасында көлдүк кыргыздар иштейт экен. Нурила эже мени Яри деген уйгур кишиге таштап, өзү андан акча алып кайра Кыргызстанга кетип калды. Ал жакта бир аз иштеген соӊ кожоюн айлык акымды бербей кууп жиберди. Ошондон кийин барбаган жерим, кылбаган жумушум калган жок. Ар кайсы казактын жумушун кылдым, алар такыр акча беришпейт экен. Акыры Эмгекчил-Казак районундагы Казатком деген айыл жактагы бир сарайда мал баккан Эржан аттуу казак кишиге туш болдум. Анын 60ка чукул ую бар. Керээлден кечке ошол уйларды саайм, чөбүн, суусун берем, кыгын чыгарам. Туура эмес иш кылып же тилин укпай койсом кожоюнум урчу, кээде бок чыгарган күрөк менен башка чаап жиберчү. Ал жерден 3-4 жолу качууга аракет кылдым. Бирок кожоюнум кармап алып өкүртө сабап, «мындан ары кача турган болсоӊ, өлтүрүп туруп көмүп таштайм» дегенинен качпай калдым. Кожоюнумдун сабаганына капа деле болбойм, керек болсо үйдөн туура эмес иш кылсаӊ же тилин укпасаӊ апаӊ деле сабайт да. Аны туура түшүнүш керек, таяк жегениме өзүм күнөөлүүмүн. Ит деле курсагы тойгон жерде жүрө берет го, мен да итке окшоп тамагын ичип, таягын жеп коюп жүрө берчүмүн. Тамак ичкенде бир дасторконго отурчу эмеспиз. «Бок сасыйт» деп менден жийиркенишип, өзүнчө бир жаман тамга алып келип беришчү. Ошол жерден тамак ичип, ошол жерге жатчумун.
Эржанга чейин казакка тийген Айзада аттуу кыргыз келиндин балдарын баккам. Ал келин Казакстанда иштеген кыргыз тааныштарын, казак полиция кызматкерлерин ээрчитип келип мени бошотту. Апамды сагындым. Буюрса, ага жолугуп, анан ойлонуп көрөм, балким, кайра Казакстанга кетишим мүмкүн. Кыргызстанда жумуш жок, апам үйдө отурат. А мен бекерчи болуп үйдө отура берүүнү жактырбайм.

«КЫЗДЫН САБАТСЫЗДЫГЫНАН УЛАМ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЖОК»
Жумагүлдү куткарууга алгачкылардан болуп кол сунган Алмаз Кадыров аттуу мекендешибиз төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 23 жылдан бери үй-бүлөм менен Казакстанда жашап, соода кылам. Жумагүл тууралуу Казакстанда жашаган тааныш кыргыз келинден уктум. Анан «Замандаш» ассоциациясынын Казакстандагы өкүлү Туратбек Аманбаевге кайрылып, алардын жардамы аркылуу 7-8 адам жергиликтүү полиция кызматкерлери менен бардык. Кыз Эмгекчил-Казак районундагы сарайлардын биринде күӊ болуп жүрүптүр. Ал бизди көргөндө сүйүнүп кетти. Кичине психологиялык жактан жабыркап калгандай. Бир туруп башканы, дагы бир кезде башканы сүйлөйт. Кайсы айылдан экенин билбейт. Бир туруп Ноокатта, кайра Араванда жашайм дейт. Эртеӊ мененки саат 8ден кечки саат 9га чейин 60 уйдун богун чыгарып, ошол короонун ичинде эле жүрүптүр. Жаткан жерин көрсөк мончо экен. «Эмне тамак берет?» десек, «эти жок макарон, анан чай, нан берет» дейт. Үстүндө эски кийим, бутунда резина өтүк. Биринчи көргөндө таӊ калмаксыӊар, жуунбай жүрө берип денесинен сасык жыт чыгып калыптыр. Анан биз үйгө алып барып жуунтуп, кийимдерин баштан-аяк котордук. Казакстанда жашап, иштеген кыргыздардан айланса болот. Эртеси Жумагүл тууралуу уккан мекендештерибиз чогулуп, кийим саткандар 3-4 сыйра кийимин, андан тышкары акча да чогултуп беришти.
Жергиликтүү полиция кызматкерлеринин айтымында, аны күӊ кылган казактын үстүнөн кылмыш ишин козгош үчүн Жумагүл өзү арыз жазыш керек экен. Кыз болсо сабатсыз, жазганды билбейт, тамга да тааныбайт. Анын ордуна биз жазалы десек, «жарабайт» деп коюшту. Анан биз жумушубузду таштап ушул кызды, мекендештерибиз берген акчалай жардамды ата-энесине тапшырып, адамдык парзыбызды жасап коёлу деп 4-5 адам Кыргызстанга келдик.

«АПАСЫ ЖУМАГҮЛДҮ ИЗДӨӨГӨ ЧАМАСЫ КЕЛБЕПТИР»
Гезит басууга кетерде Жумагүлдүн апасын таап, ага кызын жеткирип беришкендиги тууралуу кубанычтуу кабарын каарманыбызды куткарган мекендештерибиздин бири Талант Бекбаев билдирди:
– Жумагүл бизге таптакыр башка айылды айткан экен. Акыры тааныштар аркылуу анын апасын Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут деген айылдан таптык. Апасынын аты Жумагүл айткандай Нургүл эмес, Мыйман, ал эми улуу эжесиники Айсулуу эмес, Айнура болуп чыкты. Апасы 64 жашта экен, картайып, дубалга жөлөнүп басып калыптыр. Туугандарынын баары ыйлап-сыктап тосуп алышты. Апасы «Кызыбызды тааныштардан сураштырып жүрдүк, бирок шымалана издегенге чамабыз жеткен жок.Намазымды окуп, Кудайдан аман-эсен кайтып келишин тиленип жүрдүм» деп ыраазычылыгын билдирди.

Жогорудагы окуя бир гана көрүнүш. Буга окшогон дагы жүздөгөн тагдырлар болушу мүмкүн. «Жалгыз кол түйүн чечпейт» демекчи, миграция көйгөйүн чечүүнү өкмөттүн гана моюнуна жүктөп койбостон, жалпы коомчулук да жапа тырмак киришпесе болбой турган өӊдүү.

  • Чет өлкөгө кетердин алдында 189 телефон номерине чалып, кенен маалымат алыӊыз.
  • Эгерде кулчулукта жүргөндөр тууралуу маалыматыӊыз болсо, 102 номерин терип милиция кызматкерлерине кабарлаӊыз.

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШТЕГЕНИ БАРГАНДА КУЛЧУЛУККА КАБЫЛБАШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Майрамбек Жапанов,
«Замандаш» ассоциациясынын аткаруучу директору:
– Жарандар эмгек миграциясынын болжолдуу коркунучтары тууралуу маалымат менен толук камсыз болушу шарт. Ар бир жаран, жалпы коомчулук мамлекет менен биргеликте алдын ала бул коркунуч менен күрөшүү механизмдерин иштеп чыгып, иш жүзүнө ашырышы керек.

Алмаз Алыбаев,
КРнын жарандарды ишке орноштуруу борборунун жетекчисинин орун басары:
– Жарандар чет өлкөгө чыгар алдында биздин борборго келип же 189 телефон номерине чалып юридикалык маалымат алышса болот. Мындан сырткары кулчулукка кабылбаш үчүн мекендештерибиз кайсы өлкөгө бара жатса, ал өлкөнүн мыйзамын, салт-санаасын билиши керек.

Анара Эшенкулова,
Сеул шаары, студент:
– Чет өлкөгө жакын тааныш же ишеничтүү кызматтар аркылуу барган оӊ. Барганда ошол мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигине каттоого туруп коюшу зарыл. Себеби ал адам кандайдыр бир себептер менен кулчулукка же кырсыкка кабылса, туугандары элчилик аркылуу таап алышы ыктымал.

Бакыт Аманбев,
КРнын акыйкатчысы:
– Жарандарыбыз чет өлкөгө кетип жатканда эмне талап кылынат, эмне кылышым керек деп алдын ала мыйзамдуу жагын териштирип чыгуусу керек. Чет өлкөнүн мыйзамдарын бузбай, өз жанына сак болуп, жоопкерчиликти сезүүлөрү шарт. Кулчулукка көбүнчө сабатсыздар, куру убадага ишенгендер кабылышат.

Нурлан Утемизов,
ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
– Кулчулукка кабылууга жарандарыбыз өздөрү себепкер. Чет өлкөгө барганда да мыйзамдуу иштерге орношсо жакшы болмок. Биринчи кезекте кайсы өлкөдө болсо да, укук коргоо кызматтарынын телефон номерлерин билиш керек жана кооптуу жагдайларда ал номерге чалып жардам сураш керек.

Жаркынай Кубатбекова,
Москва шаары, бала багуучу:
– Чет өлкөгө барганда ишке орношордун алдында жумуш берүүчү менен келишим түзүү абзел. Иш берүүчүлөр документ сураганда көчүрмөсүн гана бериш керек. Бөтөн эл, бөтөн жерде эч кимге ишенбей, сак жүрүү зарыл.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (51)
peri-jan
2015-02-17 16:58:16
Акылы да бир аз тайкы окшойт, себеби окуганды билбесе адам кыйла маалыматтан артта калат ошол учун ар нерсени бир суйлоп калганго
0
iris84
2015-02-17 18:03:21
эсен аман апамынын алдына алып келгендерге рахмат.
0
Ayka0696
2015-02-17 21:53:48
Иштерине ийгилик башка азап корбосун тилеген тилегине жетсин.
0
nusu95
2015-02-17 22:25:38
жардам бергендерге аллах ыраазы болсун)))
0
admin_superstan
2015-02-18 00:02:52
rasul-kg, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
april
2015-02-18 11:49:36
эми казактарга барбай эле, кыргызстанда жумуш таап иштесе жакшы болмок.
0
rianna
2015-02-18 15:06:09
эмнеге апасы кызынын тагдырын ойлобой мектепке жонотпогон ошол убактарда баары эле кыйналып жашаган да.
0
tynara81
2015-02-18 22:41:04
Байкуш кыздын башынан эле акылы тайкыраак окшойт го. Ошон үчүн апасы окутпаган болсо керек, баары бир окуй албайт деп. Алып кетип сатып жиберген аял да ошондуктан алып кетти да. Биздин туугандарда да бар болчу ушул сыяктуу эжебиз, бир карасаң балээдей эле акылдуудай сүйлөйт, анан туруп эле ойду тоону сүйлөйт.
0
Jakai89
2015-02-19 12:13:49
Озунду эптей албасан кыргызстанда деле кул болосун
0
kuba.kg
2015-02-20 02:37:54
102чалып кайрылгыла дептир казакстанда полициялар оздору тапшырат экен байларга кулчулукка
0
Nuranna_93_kg
2015-02-20 15:38:52
Психикасына да доо кеткен экен да байкуш,эмнеси болсо да эсен-аман кайтып келиптир.Жардам бергендерге Аллах ыраазы болсун патриот деп ушуларды айтса болот.Казактар мерез болушат негизи.
0
Ledi89
2015-02-20 23:47:46
Эмне учун кыргызстандын элчилиги красноярски шаарында иштебейт иштешпейтагын барсан эчтекени чечпейт кайра акча берсен бутуруп беремдейт!
0
Ledi89
2015-02-20 23:48:57
Жардам берген адамдарга Аллах ыраазы болсун.
0
mekkka
2015-02-22 11:48:38
Кызды кулчулуктан куткаргандарга чон рахмат. Аллах ыраазы болсун.
0
asanova92
2015-02-22 13:48:36
Эми кайра казакстанга барып иштейм дептир, билими жок жазганды билбегенден кийин кайра казакстанга не бар, же кайра кул болуп келгиси бар, казакстан бул кыргызстан эмес, кыргызстанда акчан болсо тааныш болсо жумуш бар, ал эми казакстанда даже магазинге иштегени аран алат, керек болсо деле коет кыргыздарды. кыйын озун башынан откорупсун, акылын болсо апамдын жанында калып айылдагы жумуштарды кылып апана жардам бер!
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан