ЧЫРГА ЖАКЫН СПОРТЧУЛАР

1997-жылы 28-июнда көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн Майк Тайсон менен Эвандер Холифилд беттеши болгон. Бирок анда чыр Тайсон атаандашынын кулагынын учун тиштеп алып, спорт дүйнөсүн дүрбөлөӊгө салган эле. Бул жиндилиги үчүн ал 3 миллион доллар айып пул төлөп, дисквалификацияланган. Ошентсе да бул мушкердин жоругу сабак болбой, ар кайсы спортто чыр чыгарып келгендер жок эмес.

Кличконун кыжырына тийген ШЭННОН БРИГГС
2010-жылы америкалык мушкер Шэннон Бриггс ал кездеги WBC версиясы боюнча чемпион Виталий Кличкого упайлар арасында утулуп калган. Буга ичи ачышкан Шэннон ошондон бери Кличколордон өчүн ала албай, убара тартып келет.
Кличколордун улуусу бокстон кеткенден кийин Шэннон Владимир Кличконун кыжырына тийип жүрөт. Өзүн Мухаммед Алиге теӊеген мушкер алгач украиналык боксчунун машыгууларынын бирине кирип барып, тоскоолдук кылган. Ошондой эле өткөн жылы жайында Майамидеги ресторандардын биринде Кличко менен Бриггстин ортосунда түшүнбөстүк жаралып, экөө мушташып кете жаздашкан. Бриггс: «Кличко, эгерде чыныгы чемпион болом десеӊ, мени менен рингге чык»,- деп какшап келет. Ал эми Кличко буга жооп катары: «Бул чектен чыгып кетти. Бриггс менен азыр десе азыр, эртеӊ десе эртеӊ рингге чыгууга даярмын»,- деп билдирген.
Мунун жыйынтыгында эми бири-бирине тиш кайрашкан эки мушкердин беттеши ушул жылдын күз айларына белгиленүүдө. Мыкты пиарбы же бардыгын атайлап жасашканбы, айтор, мындай ызы-чуулар менен боло турган бул беттештин рейтинги да көтөрүлө түштү.

ИВАН УХОВдун эстен кеткис секириги
2008-жылы Лозанна шаарында жеӊил атлетиканын «Супер гран-присинде» бийиктикке секирүүдө ал кездеги көптү үмүттөндүргөн орусиялык жаш спортчу Иван Ухов кезектеги кадимки секирүүсүн жасайт. Көп өтпөй бул секирик интернетте 2,5 миллион көрүүнү чогулткан. Анын себеби...
Бул мелдеште Иван Ухов шыпырылган шымын көтөрө албаган өтө мас абалда болгон. «Ал азырынча жаш, үй-бүлөсүндө да көйгөйлөрү бар экен. Стрессти ушинтип басайын деген тура»,- деп анын машыктыруучусу коомчулуктан көпкө чейин кечирим сурап жүргөн. Дүйнөлүк жеӊил атлетика федерациясы Уховду бир четинен аяп, мас болсо да секирикти туура аткарганына таӊ берип, катуу эскертүү жасаганы менен, ага эч кандай жаза берген эмес.
Ал эми Ухов 2012-жылы Олимпиада чемпиону болууга жетишкен.

Биатлондун «жаман балдары» – ага-ини БЁлор
Норвегиялык бир туугандар Тарьей Бё жана Йоханнес Бё биатлон спортунун мыктыларынын тизмесине кире алышкан. Тарьей Дүйнө кубогун утканга жетишсе, Йоханнес алгачкы
сезондо эле биатлондун дөө-шаасы Мартен Фуркад менен теӊ тайлаша алган.
«Бул эки спортчу өздөрүн толугу менен спортко арнаса кандай ийгиликке жетишмек?» деп суроо салгандар четтен чыгат. Анткени ага-ини мелдештен соӊ «эс алганды» да жакшы билишет. Өткөн жылы Орусиядагы жарыштан кийин ага-ини Бёлорду бутуна тура албай калгыча мас абалда көрүшкөн. Ошондой эле Тарьей Бё орус биатлончусунун унаасын айдай качканы да белгилүү. Ал эми Олимпиаданын алтын медалдарын белгилеп жатып, Швеция курама командасынын спортчуларынын унааларынын дөӊгөлөктөрүн жарып салышкан. Бул экөөнө кандай гана чара көрүлбөсүн, алардын ызы-чуулары токтобой келет.

Эӊ чырлуу волейболчу АЛЕКСЕЙ СПИРИДОНОВ
Волейбол спортундагы эӊ чырлуу волейболчу атка конгон орус спортунун «жинди баласы» деп Алексей Спиридонов айтылып келет. Бул спортчу чындыгында дүйнөнүн мыкты волейболчуларынын катарына кирет. Ал катышкан ар бир оюн шоу сыяктуу уланып, көрккө чыгат. Бирок «медалдын экинчи бети да бар» демекчи, Алексейдин оюнунда чырлары көбөйүп баратат.
Улуттук курамдан бир канча ирет спорттук режимди бузганы үчүн куулган кызыл кандуу Алексейдин оюн учурунда эч оозу тынбайт. Ал өзүнүн командалаштарынан тарта калыстарга чейин көп сүйлөгөнү үчүӊ эӊ көп айып кагаз алган волейболчу.
«Тинтин» атка конгон спортчу өткөн жылы Польшада өткөн Дүйнө чемпиондугунда көрүүчүлөрдүн бирине түкүрүп ийип, дагы бир балээни башына илген. «Демейде волейбол интеллигенттердин оюну аталса, анда ойногон интеллигент эмес бирөө бар»,- деп айтып келишет көпчүлүк волейбол күйөрмандары.

Топту эмес, атаандашынын мурдун сүзгөн БРАНДАО
Белгилүү француз футболчусу Зинедин Зидандын Дүйнө чемпиондугунун финалында Матераццини сүзгөнү, кан соргуч атка конгон Луис Суарестин атаандаштарын тиштеп алганы... Футболдо эмнелер гана боло бербейт...
Франциянын «Бастия» командасынын бразилиялык футболчусу жакында эле чоӊ чырдын чордонуна кабылды. «Пари Сен-Жермен» – «Бастия» беттеши. Бул оюнда жолу болбогон «Бастиянын» чабуулчусу Брандао оюн бүткөн соӊ «ПСЖнын» жарым коргоочусу Тиагу Моттанын мурдун талкалай башы менен сүзүп жиберген. «Топту мынча катуу сүзбөгөн Брандао кантип мурдун талкалай сүздү экен?» деп «Бастиянын» машыктыруучусу санаа тартып отурат.
Брандаонун мындай кылык-жоругу үчүн Франция соту аны 1 айга эркинен ажыратты.

Спортто көпчүлүк күйөрмандар жеӊиштерге жана андагы рекорддорго гана назар салат. Бирок спорт дүйнөсү ушундай жоруктары менен да кызыктуу болот шекилдүү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
zaika.tvo9.1990
2015-02-17 02:05:10
Укмуш жаңылык го тобоо
0
Max.
2015-02-17 02:43:58

Можно вытерпеть сильный толчок, опасный подкат, маты в свою сторону. Но когда оскорбляют родных - нужно сразу же отвечать.
Зинедин Зидан.
+2
kama_future_millioner
2015-02-17 02:44:45
Биздикилерден жокпу ошолорду да кошуп койсоңор болмок
0
Krasnyi.kg
2015-02-20 10:35:23
Бизде митинг
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан