(Башталышы өткөн сандарда)
(Окурман, окуянын учугун эми кайрадан Баяндын айтып берүүсү менен улантабыз)
– Күндөлүктүн акыркы барактарын окууга чыдамым жеткен жок. Актагым келбейт, бирок жүрөгүм сыйрылды. Балалыгы бактысыз өткөнүн билгеним менен, көп нерсени билбеген экем. Билгенде эмне кылмакмын? Жанараны деле актагым келбейт, анткени мындан да оор турмушта жашап, өзүнүн адамдык сапатын сактап калган адамдар толтура. Турмушу канчалык оор болсо да, ага мээрим менен карап, татыктуу күрөшкөндөр бар. Жанара андай адам эмес экен.
Мындан ары эмне болду? Канчалык таарынсам да, мен анын жападан жалгыз жакын адамы элем. Аны ара жолго таштап салганга, эки көзүн жалдыратып кароосуз калтырганга түтпөдүм. Далай жолу мени аӊга түртсө да, ордо турсам колдон тартканга жарабаса да, аны мындай учурда таштап кете албайт болчумун. Ооруканага барып врач менен сүйлөшсөм, убактысы аз калганын айтты.
– Сиз кимиси болосуз?
– Жакын адамы.
Врач мени тиктеп турду да, кагазына үӊүлдү.
– Эмне дейбиз, чындыгында абалы оор. Бирок таптакыр үмүт жок деп айта албайм.
Үмүт... Үмүт дайым улук. Мен Жанаранын өмүрүн сактап калгым келди. Кечирдиӊби деген суроо туулушу мүмкүн, кечирдим деп да айта албайм. Баары бир жүрөгүмдө үлбүр жылуулук калгансыйт. Палатага кирсем Жанара адатынча бир нерселерди жазып жаткан экен.
– Кандайсыӊ?
– Жакшы, сени келбейт деп ойлодум эле.
– Көрүп турганыӊдай келдим.
– Окудуӊбу?
– Окудум. Жанара, врачка жолуктум, «үмүт бар» деди.
Ал мени көпкө тиктеп турду да, акырын башын чайкады.
– Эх, Баян, сен эч качан өзгөрбөсөӊ керек. Мени аяп жатасыӊбы? Мени аяба, анткени бул жолду мен өзүм тандап алгам. Мени сактап калгыӊ келип жатабы? Сакташтын кереги жок,
анткени мен үчүн баары бүткөн. Менин тамтыгы чыккан жашоом үчүн эч ким кайгырбайт. Жадакалса өзүм да кайгырбайм. Өзүӊө кереги жок жашоо үчүн күрөшүүнүн кереги эмне?
– Жанара, мен...
– Баян, кет, мени аяган адамдарды аябай жек көрөм. Акыркы жакшылыгыӊ болсун, менин бул абалымды...
Ушундай көк бет, ушундай намыскөй эле, анын бул отурушу атамды эстетти. Атамдын бекемдигин эстетти. Көзүмдөн жашым агып турду.
– Эмнеге мынчалык көк бетсиӊ? Мүнөзүӊ дал атамдын мүнөзүндөй,- дедим көзүмдүн жашын сүртүп.
– Кандай дейсиӊ?
– Биз бир тууган эже-сиӊди экенбиз. Сен менин атамдын кызысыӊ.
– Эмне-е?
– Угуп тур, сенин апаӊ менен менин атам жаш кездеринде бири-бирин жактырышып жүрүшүптүр. Сен боюнда бар экениӊде атам ылдыйкы айылдан апамды көрүп калып ала качып алыптыр. Мурунку никеден эки баласы бар экенине карабай, сенин апаӊ менен болгон мамилесине карабай апамды ала качып алган экен. Апаӊ намыстанып башка адамга турмушка чыгыптыр. Мен... Мен муну жакында эле билдим. Апам өлөрүндө чакырып ушуну айтты. Ага атам «кыздарга эже-сиӊди экенин айтып кой, моюнуӊа парз» деген экен.
Жанара ыраӊы качкан жүзү менен тиктеп турду да, башын буруп кетти. Ошол боюнча мен жакты караган жок. Мен анын титирегенинен ыйлап жатканын байкадым.
– Кечир, сенин балалыгыӊ, бөөдө аккан көз жашыӊ үчүн атамдын ордуна мен кечирим сурайм. Атам апамды катуу сүйгөн үчүн ушул кадамга барган экен. Ошентсе да сени «менин кызым, менин каным болчу» дегенге тирүүсүндө эрки жетпеген экен. Кечир атабызды...
– Кет, Баян. Мени жайыма кой. Экинчи келбе...- мууна ыйлап жаткан Жанаранын алсыз үнүн уктум. Бирок ошентсе да ага келбей коё албадым. Күн алыс барып тамак-аш жеткирип, медайымдардан дары-дармегин берип турдум.
Бир күнү оорукананын короосунан Жанаранын алсыз басып жүргөнүн, анын жанында бир эркек киши турганын байкадым. Тиктеп туруп ал Эмир экенин тааныдым. Алгач саламдашууга
дит коюп кадам таштаганым менен, өзүмдү токтотуп бакка жөлөнө калдым. Экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту, кыязы, бир нерсени талашып-тартышып жатышкандай. Жанара акыры талашкандан чарчадыбы, анын ийинине башын жөлөй берди. Ошентип, экөө акырын кадам шилтеп басып бара жатышты. Демек, Эмир келген экен да. Мен акырын үйүмө кайттым. Жашоо кызык тура, бир-эки күн өткөндөн кийин Жанара мага өзү телефон чалды.
– Баян, кандайсыӊ? Мен ооруканадан чыктым. Азыр үйдөмүн. Келип кете аласыӊбы?
– Макул.
Апкаарып бара жаттым. Эже-сиӊди катары биринчи жолу бет келишмекпиз. Жанаранын чачын алып салышкан экен, илмейген моюну эле калыптыр. Төшөктө жаткан калыбында араӊ
баш ийкеп учурашты. Бирок көздөрү оорулуу адамдыкындай эмес, тирүү, тик, жылуу тиктеп турган эле...
(Уландысы кийинки санда)
Жакында...
КУМАР АЗАБЫ
Кумар, азгырык, акча... Пенде жаралганы ушул нерселерден кыя өтө албаса керек. Акыл жана Адыл аттуу эки дос бири-бирине кас болушарын билишпеген чыгар.
Карта ойноп жатып никелешкен аялын да сайып жибергенин билбей калган Акыл сүйүктүүсүнөн ажырайт.
Күйөөсү кумарга сайып жиберген Сезим кандай кадамга барат? Бул таймашта тагдыр жеӊеби же сүйүүбү? Учурдагы жаштардын көйгөйүн мыкты чагылдырган, чыныгы турмуштун негизинде жазылган чыгарманы күтүӊүздөр. Чыгарманын ар бир бөлүмү сиздерди кайдигер калтырбайт. Күтүӊүз, жакында...