ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-февралдан 22-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башталышында көӊүлүӊүзгө жаккан адамдар менен баарлашасыз. Алар менен алдыдагы аткарылчу ишке план түзүшүӊүз мүмкүн. Апта ортосунда кайсы бир иштерди мыкты аткарып, элдин көзүнө илинесиз. Бирок чечим кабыл алууда элдин сөзүн эмес, ички үнүӊүздү угуӊуз. Сүйүүдөгү мамиленин оорлошу сиздин күнөөӊүз. Андыктан апта аягында абалды оӊ жакка буруӊуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта көп нерсени үйрөнүүгө, тажрыйба алмашууга ылайыктуу. Тааныштарыӊыздын бири мыйзамсыз ишке аралаштырууну көздөйт, сак болуӊуз. Кыймылсыз мүлк жаатындагы юридикалык маселе кабыргасынан коюлат. Балким, керектүү адистерге кеӊеш сурап кайрыларсыз. Апта аягында орунсуз тамашаӊыз беделиӊизди түшүрүп коюшу ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Күчтүү энергиянын ташкыны сизди бир орунга отургузбай, ишиӊиз бир топ илгерилейт. Бирок жакшы көргөн адамыӊызга эрегишүү мамиленин муздап калышына жеткирерин эске алыӊыз. Андан көрө бирге экениӊиздерге кубанып, мамилени оорлотпоӊуз. Жылдыздар аптанын аягында жакындарыӊыздын курчоосунда эс алууну сунушташат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште биринчилерден болуу тилегиӊизди ооздуктап, идеяларыӊызды жетекчиликке таӊуулабаӊыз. Андан көрө сизден жардам сурай турган учурду күтө туруӊуз, ошондо жылдызыӊыз жанат. Материалдык пайда табасыз, мүмкүн, жетекчилик кызматтан жогорулатат. Апта аягында күнүмдүк көйгөйлөргө кейибей, достор менен чогуу болуӊуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада өзгөчө адамдар менен таанышып, келечегиӊизге жакшы пайдубал түзөсүз. Сизди кызыктырган суроолорго да жооптор табылат. Бирок бейтааныш адамдар менен пикир алышууда абайлап, сырткы көрүнүшүнө алданбоо кажет. Жакын адамыӊыздын сизден каткан сыры ачылып, ага жардам берүүгө мажбур болосуз. Апта аягында үй эмеректерин кайра жайгаштыруу түйшүгү күтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жамааттагы кээ бир адамдарга байланып калганыӊыз сизди мажирөөгө айлантат. Алардын өтүнүчүнө «жок» дегенди үйрөнүӊүз. Демилгени өз колуӊузга алып, алдыга умтулуӊуз. Аныгын билбей туруп жалган маалыматты жайылтып жибербөө зарыл. Күтүлбөгөн кырдаалдан улам буга чейин сизди теӊине албаган адамды сиз менен эсептешүүгө жеткире аласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта чыгармачыл адамдар, билим алып жаткандар үчүн ийгиликтүү. Умтулган аракетиӊиз өз жемишин берет. Жетекчилик менен эмгек келишимин кайра карап чыгууӊуз да ыктымал. Бирөөлөрдүн үндөөсү аркылуу жаман компанияга туш келип калууӊуз мүмкүн, абай болуӊуз. Түнт тартып бараткан сизге сезим жылуулугу көбүрөөк керектигин сезген ашыгыӊыз мээримге бөлөйт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чечилбей жаткан маселелер үстүӊүзгө жүк болот. Анын үстүнө шериктер сизге ишеним көрсөтө беришпейт. Андыктан куулук менен аларды кепке тартып, колго алыӊыз. Көп ишти бир убакта бүткөрүүгө аракеттенбей, эӊ керектүүлөрүнөн баштаӊыз. Бир кезде жоготуп алган досуӊуз табылып, сүйүнүчкө бөлөйт. Апта аягында өзүӊүзгө жаккан кийим-кече сатып аласыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Ишим туруктуу деп камырабай жүрүү жаӊылыштык. Жаӊы ыкманы колдонуп өзгөртүү киргизбесеӊиз, иштен кол жууп калуу коркунучу бар. Түгөйүӊүз айткан сынга кайдигер карабай, оӊолууга убада бериӊиз. Муну менен мамилени да чыӊдап аласыз. Кокустан болгон кездешүү стресстин себеби болуп калышы мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сизди толгон-токой идеялар коштоп жүрөт. Мындан сиз ишиӊиздин чебери экениӊизди билесиз. Сунуштарыӊыз колдоо таап, чөйрөдөгүлөр сизден таасирленишет. Соода жасоодо капчыгыӊызга карап каражат сарптаганыӊыз оӊ. Артында өкүнүп калбоо үчүн чогуу жүргөндөргө ашыкча ишенбеӊиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында убакыт менен күчүӊүздү туура бөлүштүрсөӊүз, көп иштерге үлгүрөсүз. Кечигүүлөрдү, бир нерсени ишке ашырууда коркууну калтыруу кажет. Апта ортосунда сиздин кеӊешиӊизге жана чечимиӊизге муктаж болгондор чыгат, колдоо көрсөтүӊүз. Жеке жашоодо жаӊы сезимдер ойгонот. Апта аягында жашоого кумарлантчу окуяга кезигесиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште артыкчылык менен катар кооптуу кадамдар да күтүлүүдө, абайлаӊыз. Убакыттан уттуруп койбой, темпиӊизди ылдамдатыӊыз. Акчаӊызды үнөмдөбөсөӊүз, кайда кеткенин билбей калууӊуз мүмкүн. Жеке жашоодо жагымсыз окуяны болтурбоо үчүн жеке мамилелерди көзөмөлгө алуу сунушталат. Апта аягы активдүү эс алууну саматып, план түзүүӊүз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан