Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Обочо дөӊдөгү кара булуттай калдайган билермандардын тобу кыймылсыз, үнсүз. Өзгөчө Абил бий чөлдөгү боз моло болуп катып, иреӊи күлботодой кубарып кетти. «О, Жараткан... Мага камдаган дагы шумдугуӊ бар беле?! О, шумурай Бекназар! О, кан кускур, ай!..»
Насирдин бек капыстан жаакка жегендей көздөрү чекчейип, нес болуп катты. Дабыл карсылдап, сыпайлардын аттары тыбырап, колдору кылычтардын сабына сермелип, Насирдин бек да ушуну сезип, эӊсеп тургандай. Абил бийдин чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти. Дүӊгүрөтө ураан кыйкырып, чуру-чуу түшө ээрчип чапкан элге жеткирбей Бекназар катуу келатты. Насирдин бектин эки көзү чакчайып, тиги жакындаган сайын чоӊойгонсуп, колу калтырап белиндеги бир атма орус тапанчасына жабышты. Тапанчаны акырын сууруй баштады. Абдырахман колун кагып жиберди.
– Кокон эмес бул жер...
Намыска жараган баатырын эл «эс алсын» деп алейне тигилген ак өр­гөөгө киргизген. Кечки оокат үзүрүндө Абил бийден бир жигит келип:
– Бек аке, «булардын көзүн кычыштырбай кете турсун тоо жакка» деди бий, «аш тынч өтсүн» деп суранды...- деп бирөө угуп кала тургансып акырын күбүрөп кетти.
Ие, булардын көзүн кычыш­тыр­бай?! Эрини дулдуя кымтылды Бекназардын. «Ыя, эр эӊиш, балбан күрөш кала береби?!»
– Түшпөй эле коюӊ эми...
– И-и?
Зайыбы Каныш жымыйып койду:
– Түшүп көрүшсүн менсингендер.
«Көз тийип калып жүрбөсүн?!» деген жүрөк өйүгөн оюн оозунан чыгара алган жок. «Мен кырсыктап калдым, баатыр...» деп акырын күбүрөдү. «Кан көрүп да калдым...» Чекесине алакан басып көрдү Бекназар. Эти ысып турган экен.
– Ыя?!- деп жиберди Бекназар. Кан көргөнү боюнан түшө турган болгону го?! Ушундан чочунду. Соорунчуну чакыртып, байгеге берилген малдын «чычкагын да калтырбай» бей-бечараларга бөлүштүрүп бер деп дайындап, абалы улам оорлоп бараткан зайыбын коштоп ошол эле күнү жолго чыкты. «Күнүгө эле болуп жатты беле мындай маараке?! Тама көрүп кайткыла...» деп кыя албай ээрчиген Эшим инисин да жанына алган жок.
Тамашаны башкарган ханзааданын эрки менен күлүктөр бир күнчүлүк жерге айдала турган болду. Саяпкерлер дүүлүктү, айбан малдын бактысын тилеп бата ала башташты. Мадылдын көӊүлүндө тору кашка. Кылт этип көрүнө калабы деп дагы эле үмүтү үзүлбөй, эки жагын арытып тиктейт. Бир таанышынын баласы кашаӊ чобурун башка-көзгө чапкылап келип калды:
– Ой, Мадыке! Ой... Тору кашка...
Мадылдын кулагына бул сөз шак дей түштү.
– Ыя?! Кайда?!
– Тээтиерде! Байгеге кошкону алып чыкты бирөө...
Чын эле тээ четте чабандес бала кымкап үртүк жабылган атты ары-бери бастырып туруптур. Мадыл бакырып:
– Өзү! Тору кашка... Өзү, ай­ла­найын­дар!- деп жиберди. – Тору кашканын басыгы, тумшугу, кирпиги...
«Түш, энеӊди урайын, уурунун баласы!» деп ал чабандеске тап берип, ал жанына жуутпай, бат эле эл чогулуп кетти.
Ат «хан тагасы Домбунуку» болуп чыкты. Кишилер кужулдашып калышты:
– Йе... Сарыбайдын тору кашкасы кайдан түшүп жүрөт анын колуна?..
Аӊгыча байгеге кошордун ас­тында күлүктү көрүп коёюн деп беш-алты коштоочусу менен Домбу келип калды.
– Ууру! Бий болбой өл! Ууру, биздин атты бер!..
Домбу ачуудан капкара болуп чыкты:
– Оозуӊа карап сүйлө, томаяк! Атыӊды тааныйсыӊбы?
Домбу үртүк жабылган күлүктү ортого карматып, Мадылды жеткирбей «тааныса алсын!» деп туруп алды. «Сарыбай минип жүргөнүн көп эле көрдүм эле. Ошол...» деп калыс аксакал да көӊүлүндө Мадылдын доосун оӊ көрүп, «мейли, бий келсинчи мынча болгон соӊ» деди Домбуга угуза. Эл улам көбөйүп чогула берди. Аӊгыча Абил бий, дагы эки-үч кадырлуу адамдар келишти. Мадыл күйүгүп Абил бийдин үзөӊгүсүнөн кармап сүйлөп келе жатат.
– Бий! Мени ууру тутуп жатышат. Сени калыс деп баарыбыз баш коюп жүрөбүз. Кана, калыстыгыӊды көрсөт эми!- деп азыркы хан тукумуна тага, ага сүйөнүп алдыртан Абил бийден тизгин талашып келаткан Домбу матап, атайын чатак ырбаткысы келип сүйлөдү.
Абил бий дагы Сарыбайдын тору кашка атын таанычу эле. Имерип тиктеп:
– Йе, хан тагасы, ууру болсоӊ тутуласыӊ. Тапканмын десеӊ таа­ныганыӊа кайта бересиӊ,- деди.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан