Кино тармагы убакыт өткөн сайын улам жанданып, көптөгөн фильмдер тартылып жатат. «Кино тартыш үчүн идея керек, болбосо эч кандай майнап чыкпайт» деген алып баруучу Турусбек Жумалиев «Бар үмүтүм сенде» аттуу фильм жаратты. Ал төмөндөгү макалада фильмди тартуунун себеби, анын кыйынчылыктары жана кызыктары тууралуу оюн ортого салды.
Жанры – Лирикалык мелодрама
Режиссёру – Турусбек Жумалиев
Сценаристи – Турусбек Жумалиев
Оператору – Кулчун Жунушалиев
Башкы каармандар – Нурсултан Урматов, Наргиза Осмонова, Залкар Карымшаков
Тартылган жерлери – Ысык-Көл, Бишкек, Чүй облусунун Көк-Ойрок жайлоосу
Узактыгы – 1 саат 30 мүнөт
– Турусбек мырза, сөзүбүздү тасмаӊыздын идеясынан баштасак. Фильмди эмне үчүн «Бар үмүтүм сенде» деп атадыӊыз?
– Тасма тартуу идеясы 1999-жылы эле ойлонулган. 2006-жылы сценарийин жаздым. 2008-жылы аталган идеянын үстүндө иштөөгө туура келди. Көп жолу дыкаттык менен иштеген сценарийге 2014-жылы фильм тартылды. «Тасма тартам» деген адамда идея болуш керек. Турмуштук, жашоонун нак өзөгүн камтыган идея болсо, ал көрөрмандардын көксөөсүн кандырат. Кино тартыш керек деп акчаны жөн эле корото берүү туура эмес. Фильмди «Бар үмүтүм сенде» деп атадым. Анын негизги өзөгү менин жашоомдон алынды.
– Киноӊузду жалаӊ жаӊы жүздөр жаратышыптыр. Алар менен иштөө кыйынга турса керек?
– 2013-жылы «Арт» өнөр студиясын түзүп, алып баруучулук менен актёрлукка улан-кыздарды окутуп, үйрөтүп баштагам. Ошол балдар бул фильмде роль жаратышты. Окутуп баштаган учурда эле фильмдин этюддарын ойнотуп баштадым. Ошентип балдар бир ролго экиден-үчтөн даяр болуп чыга келди. Тартуу учурунда сынактан өткөрдүк. Кээ бирлери камеранын алдында ойноодон тартынса, айрымдары сүрдөгөн жок.
– Кино аркылуу кандай ойду бергиӊиз келди?
– Үй-бүлөнүн бийиктигин, ыйыктыгын берейин дедим. Эркек эмне үчүн үйлөнөт? Тукум улайм, үй-бүлөмдү, балдарымды багам, сактайм деп үйлөнүшү керек. Жашоо бүтпөгөн сыноолордон турат. Ажырашуу, урушуу, келишпестиктер, жоготуулар болот. Аялыӊ тилдүү болсо тил табышуунун жолун тап, ооруп калса дарылат, же тескерисинче аялы күйөөсүнүн тилин табыш керек. Ата-эне үй-бүлө түркүгүн бекем сактап, балдарды тирүүлөй жетим калтырбаса деген ойду бергим келди.
– Үй-бүлө баалуулуктарын берейин деген максатыӊызга жеттиӊизби?
– Фильмдин негизги көрөрмандары интеллигенциянын өкүлдөрү болду. Кинону көргөндөн кийин айрымдардан «каармандар менен кошо кетип калгыӊ келет экен» деген сөздөрдү уктум. Бир досум «кинону көргөндөн бери аялым менен такыр айтыша элекмин» деп айтты. Эгер эл бул кинодон кичине болсо да сабак алса, анда максатыма жеткеним.
– Сизди алып баруучу катары жакшы тааныйбыз. Эмне үчүн кино тартып баштадыӊыз, акча табуу үчүнбү?
– Бул менин кесибим. Буга чейин идея болгон жок да. Идея болбосо кино тартуунун такыр кереги жок. Мен кинону тартып баштаганда эле жанымдагы адамдар «жанры психологиялык драма экен, көрөрмандар келеби?» деп чочулап башташты. Мен «бул фильмден көрөрмандар аз да болсо тарбия алса, максатыма жетем» деп тартып баштадым. Каражат табуу оюма да келген жок.
Режиссёрдон кийин тасмада мыкты роль жараткан НУРСУЛТАН УРМАТОВ менен маектештим.
– Нурсултан, тасмага кандайча тартылып калдыӊ?
– Мен журналистика факультетинде окуйм. Практикада жүрүп Турусбек агай менен таанышып калдым. «Cтудия ачып жатам, келип оку, сенден жакшы актёр чыгат» деп чакырды. Бир жыл окугандан кийин сынак аркылуу тандалып, аталган кинодо башкы каармандын ролун жаратып калдым.
– Роль жаратуу кыйын болдубу?
– Мен үчүн роль жаратуудагы кыйынчылык 40 жаштагы үй-бүлөлүү адамдын образын ачып берүү болду. Образга кирип алып, үйгө барганда да ошол ролдон чыга албай жаттым.
– Фильм эмнеси менен эсте калды?
– Мен фильмдин аткаруучу директору да болдум. Менин баламдын образын жараткан Залкар Карымшаков бир баланы бетке уруп кулатмак. 5-6 дубль тартып, кайра-кайра бетине ура берип бети шишип кетти. Азыр ошол окуяны эстеп күлүп калабыз.
Султан Төрөбеков
star@super.kg