«2014-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Самара Каримова 6-февралда үчүнчү баласын жарыкка алып келди.
«Ай-күнүмдөн ашып төрөгөндүктөн бир аз кыйналдым. Бирок наристемдин жытына мас болуп, ал нерселер унутулуп баратат. Кудай буюрса, уулум экөөбүздүн абалыбыз жакшы. Чоӊ балдарымдын атын жолдошум Барсбек, Даткайым деп өзү койгон эле. Бул уулума эл-жерине кызмат кылган чыгаан уулдардан болсун деп таятасы Алихан деген ысым ыйгарды»,- деп билдирди ырчы айым.
Ага удаа эле «Таалай элеси» тобунун ырчысы Тотомидин Жолдошев 8-февраль күнү кыздуу болуп, кубанычында чек жок. 3 жарым килограмм салмакта жарыкка келген кызына ырчы созулган кыз болсун деп Созулай деген ысым ыйгарган. Буга чейин Тотомидин Жолдошев жубайы менен эки кыз, эки уулду тарбиялап келишкен.
Дагы бир сүйүнүчтүү кабар, телеалпаруучу Нурдөөлөт Копоев 12-февраль күнү уулдуу болду. «Биринчибиз чарчап калгандыктан коркуп жаттык эле, Кудайга шүгүр, балабыз аман-эсен төрөлдү. Баламды колго алып көрдүм, мага окшоп бетинин баары эле каш экен»,- дейт жетине албай кубанган Нурдөөлөт.