ШАЛААКЫ ДАРЫГЕР, МАЙЫП БОЛГОН БЕЙТАП... ЖЕ ГИППОКРАТТЫН АНТЫН УНУТКАНДАР

«Дарыгерлердин айынан жакыным майып болуп калды, каза болуп калды» деген арыздануулар акыркы убакта өтө эле көбөйүп бараткандай. Эмне үчүн дарыгерлерге нааразы болгондор көп? Буга себеп бул кесиптин ээлеринин кээ бирлеринин өз ишин жакшы билбегендигиби, шалаакылыгыбы же бейтаптардын кайдигерлигиби?

АДАШЫП СОО КӨЗГӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫБЫ?
Үстүбүздөгү жылдын 10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Талас облусунун Бакай-Ата районунун 1976-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында «9 жаштагы баламдын сол көзү ооруганына байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүмүнө алып келгем. Баламды текшерген дарыгерлер анын сол көзүнө операция жасоо керектигин айтышкан. Бирок врачтар оорулуу көзгө эмес, оорубаган оӊ көзүнө операция жасап салышкан" деп билдирген. Орган кызматкерлери бул иш соттук-медициналык экспертизага жиберилгенин, анын жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши козголорун айтышты.
Ошондой эле 2007-жылы да Ош облусунун Ноокат районунун ооруканасында 41 ымыркайга дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдети жугуп, чоӊ чыр болгон эле.

ООРУЛУУГА ӨЗҮ ИШТЕГЕН ФИРМАНЫН ДАРЫСЫН САТКАН
Ош шаарынын тургуну Гүлдана Бердигуловада 2011-жылы кургак учуктун белгилери пайда болуп, ал Ош шаардык Кургак учукка каршы күрөшүү аймактык бейтапканасына барып Анара Акматова аттуу дарыгерге көрүнгөн. Оорулуунун суранычы менен дарыгер аны үйүндө эле дарылоого макул болот. Гүлдана айымдын айтуусунда, дарылоо курсу башталгандан 6 ай өткөн соӊ дагы текшерилип, оорусу күчөп кеткенин билген. Гүлдана Бердигулова «Дарыгер Анара Акматова мага кургак учукка каршы дарыларды бербестен, өзү иштеп жаткан «Ипар» фирмасынын күчтүү дарыларын берип жүргөн экен. Алар оорума жардамын тийгизбей, кайра терс таасир этти» деген. Ал эми Гүлдана айымды кийин дарылап баштаган Ош облусундагы тубдиспансердин дарыгери Козубай Жолдошев «Гүлдана Бердигулованын оорусу бир өпкөсүнүн экинчи бөлүгүнө тарап, күчөп кеткен. Бул амбулатордук дарылоо начар болгондугунан, дарыгер жакшы дарылабай же туура эмес дарылап койгондон болгон. 2013-жылдан бери көп дары таасир этпеген формасына өтүп кетиптир. Азыр кургак учук боюнча 1-топтогу майып болуп калды. Абалы оор, жылыш жок»,- деп жооп берген эле.
Гүлдана Бердигулованын тагдыры ЖКда да каралган. Аны бул абалга салган дарыгер Анара Акматованын ишин Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн комиссия карап чыккан. Бирок дарыгерге эч кандай чара көрүлгөн эмес.

АЛЛЕРГИЯНЫ КЫЗАМЫК ДЕП ДАРЫЛАШЫП...
Рыскелди Садыбакас уулу ооруп калып, 2015-жылы 6-январда дарыканадан терафлю дарысын алган. Эртеӊ менен бирин, түштөн кийин экинчисин ичкен соӊ көздөрү кызарып, мурдунан кан агып, денесине кызыл чекиттер пайда боло баштаганын байкаган. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылып, ал жерден Рыскелдини кызамыкка каршы дарылай башташкан. Бирок анын абалы оорлошуп, бети-башын жара басып, териси сыйрылып түшүп калган. Кийин ага лайелла синдрому (аллергиялык оорунун оор варианты) деген диагноз коюшат. Кийин Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө которушкан. Рыскелдинин туугандары анын мындай абалга түшүп калышына дарыгерлер күнөөлүү дешүүдө. Ал эми жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева мындай абалга туш болушуна Рыскелдинин туура эмес дары ичип алышы себепчи дейт:
– Рыскелди декабрдын акыркы күндөрү эле кызамык оорусун жуктуруп алган. Анын дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, көзү кызарып баштайт. Сасык тумоо болуп калдым деп ойлоп терафлю дарысын ичип алган. Кандай гана антибиотик болбосун кызамыкты күчөтүп жиберет. Дарынын жыйынтыгы жигитти лайелла оорусуна алып барды.
Рыскелдинин туугандары бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

КОМАДАГЫ БАЛАНЫ ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП САЛЫШКАН
Кара-Балта шаарынын тургуну Советбек Наралиев 10 жаштагы уулу 3 айдан бери комада жатканын айтат.
-Уулум 10 жаштагы Арген Аскарбеков 6-октябрда «ичим ооруп жатат» дегенинен апам Жайыл райондук ооруканасына алып барыптыр. Ал жактан дарыгерлер «сокур ичеги экен, шашылыш операция жасабасак жарылып кетиши мүмкүн» деп баланы эртеӊ мененки 10до операцияга алып кирип кетишкен боюнча кечки саат 4кө чейин туугандарыбызга көрсөтпөй коюшуптур. 7-октябрь күнү уулумду Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирдик. Ал жерде 27 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. 3 ай өткөн соӊ анестезиолог Эльдар деген жигитке барып, «ачыгын айт» деп сурансак ал «эки жолу наркоз алып, эки жолу союлганына байланыштуу балаӊар ушундай акыбалга келип калды» деди. Аргенди ооруканадан чыгарып коюшкан, ал дагы эле эсине келе элек.
Аргенге операция жасаган дарыгерлер окуядан соӊ өз ыктыярлары менен арыз жазып жумуштан чыгып кетишкен. Бул иш боюнча Жайыл
РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул окуяга тийиштүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы дале чыга элек.
Дарыгерлердин үстүнөн нааразы болуп биздин редакциябызга кайрылгандардын көптүгүнөн улам алардын баарын гезит бетине батыра албадык. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигине врачтардын үстүнөн кандай арыздануулар түшөрү, алардын саны жылына канчага жетери жана андай врачтарга кандай чаралар көрүлөрүн сурап, аталган министрликке кайрылганбыз. Бирок бул суроого жооп берчү министрликтин тиешелүү кызматкерлерине күнүгө чалып отуруп алдыра албадык.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
jasgul
2015-02-17 10:08:21
келип алып мыскылдагансып суйлошот, чалдын беле, анан ал не деди деп. адам эмес эле бир мышыктын баласы ооруп чакыргансышат. Кудайдын колунда го баары, бирок бир саат деген убакытта, кудай сактасын го. Арыз жазсам бекен деп кайра балам жакшы болгон учун тилими тиштеп отуруп калдым. Кудай жазаласын, берген анты урсун акчадан башканы ойлобой калган акмактарды.
0
aikosh1991
2015-02-17 10:14:26
Врачта эч нерсе билишпесе иштеп эмне кылышат билбейм ушунча адамды майып кылып койуп кантип укташат убалдан корксо боло беги булар ушунунбаарын карабай эмне кылып журушот саламаттыкты сактоо министирлиги озулорунун туугандары ушундай болсо эмдигиче сотоп чотоп коюшат эле .Деги булгар адамбы Кудайдан коркула
0
Shaa-82
2015-02-17 12:12:52
кандай гана антибиотик болбосун кызамыкты кучотуп жиберет деп эмне терафлю антибиотик эмесго тообо кылдым оздору дарынын кайсынысы антибиотик экенин билишпей анан кантип элди даарылайт тушунбойм ушуларга
0
baba.
2015-02-17 12:51:51
Булар Ветврачко чамасы.Малга мамиле кылгандай.
0
Bakulya79
2015-02-17 17:10:16
Малды деле дарылап жатып жакшы болуп кетсе экен деп дарылайсында.
0
ayildik_kiz
2015-02-17 19:02:31
Дарыгерлердин шалаакылыгынан коп азап тарткам.Булардын жазасын бир Кудай берет.Ооругандарга Аллах шыпаасын берсин.
0
EdikoKG
2015-02-17 19:16:52
Саламаттыкты сактоо министирлиги,мына бу Алай районунун Гулчо айылындагы борбордук ооруканасында иштеген айрым медсестра,врачтарды теске салбасанар болбой калды. Оорулу адамдарда карабай,туугандар оздору карап,куйуп бышып журот. Айтсан корс мамиле кылышат.
0
Aseltay
2015-02-17 20:18:58
Сиздин бир эле Гулчо айылыныз эмес коптору КР б-ча сапаты жок иштейт тилеке каршы.Дипломду сатып алып каалаган диагнозун кое беришет.Бул коррупциядан качан чыгабыз кудай билет.
0
kg.sity93
2015-02-17 23:03:56
азыр таанышын болуш керек болуп калды врачтардан.врачтардын кобу сылык мамиле кылбайт.корс мамиле баары эле
0
batma200294
2015-02-18 00:47:22
Оа азыр ошондой болуп калган.кичине пакет берсен киргизет болбосо жок.ошол нерсе менен эле тоюп кетишпейт го.анан ночьто иштеген кыздар уктап калышабы же башка жакка кетип калышабы,айтор ишенбей калдым
0
batma200294
2015-02-18 00:51:35
Менин атам да каза болуп калган колундагы сайылган ийне чыгып кетип,кан коп кетип ,чакырса укпай дежур кыз .акыры бакалашка менен тарактатып.танга жакын билдирбей кан кийимдерин жууп койгонун дагы.кудай билет.
0
karona
2015-02-18 15:32:04
Кыргызстан бир чара колдонбойбу ушуга окшогон шалаакы дарыгерлерге! ВУЗдарда акча алып окуткан преподавательдерди университеттен кууп салыш керек! Келечегибиз, балдарыбыздын келечеги кандай болот ушул темп менен кете турган болсок!? Деги Кыргызстанда оз милдетин кызыгуу менен так, профессионалдуу турдо аткарган дарыгер барбы???
0
EdikoKG
2015-02-18 23:13:51
karona, Туура
0
jama9210
2015-02-19 15:18:54
Эххххх акча акча акчаааа....эмне гана кылбайсын?Окууну акча мн буткондор каннннтип иштешет деги?????Кудай сактай кор ушу ак халатчандар мн Орган кызматкерлеринен,ишин тушсо бутту олдум дей бер!!!Алкымдары ото чон!!!!!!Акча коп сурашат!!!!
0
banu.kg
2015-02-20 14:04:06
ото аянычтуу окуялар экен,акча менен бутуп,врач болуп,бироонун ден соолугуна зыян келтирип олум тартуулагандан коро колунан келген эле жонокой иш кылып жанын бакса болмок экен
0
alhamdulillah
2015-02-21 23:41:20
ooba eptep diplom alip ele ishtep atishat .anan kalsa darilarda samapal ozuduz tsbiattan dari alishibiz kerek
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан