Тасма таржымалы
Вампир жана адам. Экөө бири-бирине душман болуу үчүн жаралган. Бирок махабат ортодогу дубалды кыйратып, бири-бирисиз жашоону элестете албай калганга мажбур кылат. Сиз жана бизди кайдыгер калтырбаган фильм учурда болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Эмесе, “Күүгүм” жана “Күүгүм жомок. Жаңырган ай” тасмаларынын таржымалы тууралуу...
ТҮШТӨН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК
Акыркы жылдардын бестселлери болгон “Күүгүм” романынын өзөгү кадимки эле түштөн жаралган. “Көк чөптүн үстүндө отурган эки ашык бирин-бири кумарлуу тиктеп жатты. Жигит чын дилден сүйүп турса да, сүйгөнүнүн канын ичүүнү көздөгөнү билинип турду. Мен көргөн бул түш көп күндөр бою көз алдыман кетпей, улуу чыгарма жаратуума себепкер болду” дейт китептин автору Стефани Майер. 2005-жылы АКШда жарык көргөн бул китеп укмуштуудай ийгиликке жеткен. Романдын кызыктуулугун ушундан билиңиз, бир жылдын ичинде Стефани Майер даңктуу жазуучу эле эмес, миллионерлердин катарына кошулган. “Күүгүм” романы дүйнөнүн 20 тилине которулуп, сатуудан 40 миллион доллар киреше алып келген.
ТАСМАНЫН КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Сүйкүмдүү Изабелланы тагдыр Форкс шаарына айдап келет. Бул шаарда табышмактуу үй-бүлө жашачу. Алар өздөрүнүн сулуулугу жана элден бөлүнүп жүргөнү менен айырмаланар эле. Белла бул табышмактуу бүлөнүн мүчөсү болгон классташы Эдвард Калленди бир көргөндө эле жактырып калат. Бири-бирине магниттей тартылган эки жанды бөлгөн дубал бар. Ал Эдварддын вампир болгондугу. Бирок Каллендин үй-бүлөсү ак сөөк вампирлерден эле. Алар адамдардын эмес, жаныбарлардын каны менен азыктанышчу. Бирок Белла канды көксөгөн Эдварддын башын айлантып, кыйноого салат. Белла андан баш тарта албасын сезип, өзүн да вампирге айлантышын каалайт. Бир күнү Эдвард Белланы үй-бүлөсү менен тааныштырып, алар кызды бейсбол ойноого чакырышат. Ушул учурда жол кезип жүргөн вампирлерге туш келип, алардын арасындагы Жеймс аттуу жигит Белланын адам экенин билип калып, кызга кол салууга аракет кылат. Эдвард сүйгөнүн коргоп, Жеймсти өлтүрөт. Күндөрдүн биринде эки жаш балда бийлеп жатышканда, Белла дагы бир жолу Эдварддан вампирге айлантышын өтүнөт. Ал аны кумарлуу өбүү менен, суроосун жоопсуз калтырат. Ошол учурда аларды терезеден Жеймстин сүйгөнү Виктория кектүү карап турган эле.
КӨЗДӨРДҮ КАНТИП ӨЗГӨРТҮШКӨН?
Тасма тартуу идеясы аталган роман жазылып бүтө электе келип чыккан. “Күүгүм” фильми 2008-жылы жарык көрүп, дүйнөнүн төрт тарабына тарай баштайт. Ийгиликке жетишине бул фильмдин сюжетине жараша мыкты актёрлордун тандалгандыгы да таасирин тийгизген. Башкы каармандын ролун аткарган Кристен Стюартты (Белла) ролго бекитишкенден бир айдан кийин Роберт Паттинсонду (Эдвард) табышкан. Ал эми вампирлердин үй-бүлөсүнүн ролун аткаруучулар 2007-жылдын февраль айында чогултуп, кино тартуу 3 айга созулган. Чыныгы жашоодо Кристендин көзүнүн түсү жашыл, Роберттики көгүлтүр болгондуктан, экөө тең күрөң түстөгү линза кийип аткарганга туура келген. Ал эми вампирдин образын түзүү үчүн Роберт чачын боёп, өстүрүп, дайыма гримдөө менен тартылган. Фильм
АКШнын Орегон штатында тартылган. Ал эми вампирлердин түшкө кирбес ылдамдыгы бирде компьютердин жардамы менен жасалса, айрым учурларда каскадёрлор жардамга келишкен. Кино тартууга баш-аягы 50 миллион доллар сарпталып, дүйнөлүк прокаттан 473 миллион 947 миң 696 доллар киреше алып келген.
КҮҮГҮМ ЖОМОК. ЖАҢЫРГАН АЙ
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Тасманын экинчи бөлүгү Белланын 18 жашка толушу менен башталат. Туулган күнүнө чакырган Каллендердин үй-бүлөсүнө барган Белла белекти ачып жатып колун тилдирип алат. Канды көргөн вампирлердин бири Жаспер токтоно албай, кызга кол салмакчы болот. Эдвард ушул окуядан кийин экөө бирге боло албасын сезип, кыз менен коштошот. Айлар айга алмашса да, Белланын жүрөгүндөгү жараны эч ким айыктыра албайт. Белла Жейкоб индей бала (Тейлор Лотнер) менен достошот. Жейкоб карышкырлардын уруусунан чыккан кубулма киши (оборотень) экенин билет. Ушул мезгилде кыз коркунучтуу мезгилде гана Эдварддын элесин көрө турганын сезип, атайын кооптуу жерлерге барып өзүн сынайт. Аны көрүү үчүн жардан өзүн сууга таштаганда, келечекти көрө билген вампир Элис Эдвардга аны өлдү деп кабарлайт. Кызды өлдү деп эсептеген Эдвард өзүн- өзү өлтүрүүнү чечет. Бирок Белла аман калган эле. Элистин жардамы менен Италияга барып, Эдвардды куткарып калат. Ак сөөк вампирлердин башчысы Белланы вампирге айлантам деген Элистин убадасы менен аларды бошотот. Кайра Форкско келгенде Эдвард менен Жейкоб Белланы талашып урушуп кетишет. Белла Эдвардды тандаарын айтканда, Жейкоб таарынып кетип калат. Ушул жерден Эдвард кыздын колун сурайт.
АТАК-ДАҢКТЫ КӨТӨРҮҮ ДА ОҢОЙ ЭМЕС
Тасманын экинчи бөлүмү Америкада, Ванкуверде жана Италиянын тарыхый шаары Монтепульчанодо тартылган. Биринчи фильмдин режиссёру Кэтрин Хардвик кино жаратуучу “Summit Entertainment” компаниясы менен урушуп кеткени үчүн экинчисин Крис Вайц тарткан. Экинчи фильмге биринчисине караганда эки эсе көп (90 миллион доллар) каражат кеткен. Ошого жараша түшүп жаткан пайда да кино жаратуучуларды кубандырбай койбойт (прокаттын биринчи күнү эле 72,7 миллион доллар киреше түшкөн).
“Күүгүм-2” тасмасында башкы каармандарды ойногон актёрлор өзгөргөн эмес. Болгону, кино тартылуу убактысы келгенде, атак-даңктан мүнөзү өзгөргөн Роберт Паттинсон узун чачын кыркып салган. Кино тартууну анын чачы өскөнгө чейин токтотууга мажбур болушкан. Кубулма кишинин ролун аткарган үчөө (Сем, Пол, Эмбри) чыныгы жашоодо да индейлер. Алар карышкырга айланып кеткен эпизодду жасоо үчүн атайын карышкырдын моделин жасашкан. Кыймылга келтирүүгө аниматорлор жардамга келген. Ар бир карышкыр 20-30 фунтту түзүп, көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу жасалган.
УЛАНДЫСЫ КАЧАН ЧЫГАТ?
Албетте, сиз сүйгөн бул тасма али аягына чыккан жок. Кино жаратуучулардын билдирүүсүндө, анын үчүнчү бөлүгү “Күүгүм, тутулган ай” деп аталып, 2010-жылы июнь айында жарыкка чыгат. Анын режиссёру Дэвид Слейд болмокчу. Ал эми төртүнчү бөлүгү “Күүгүм, агарган таң” деп аталып, аны элге 2011-жылы ноябрь айында тартуулоо пландаштырылып жатат. Фильмдин төрт бөлүгүндө тең башкы каармандар алмашпай турганы да белгилүү болду.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg