10-февраль күнү Жогорку Кеӊештин депутаты Ахматбек Келдибеков Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу анын туугандары жана адвокаты Татьяна Чильникина билдирди. «Ахматбек Келдибековдун ден соолугу жакшы. Ал жакында башталчу соттук процесске даярданууда. Мен Биринчи Май райондук сотуна ишти кайра жандандыруу боюнча кайрылдым. Процесс 20-февралда уланары белгилүү болду»,- деди жактоочу.
Эскерте кетсек, Келдибеков Социалдык фонд жана Мамлекеттик салык кызматын башкарып турганда мыйзамсыз иштерди жасаган деп "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Ал 2013-жылдын ноябрь айынан 2014-жылдын августуна чейин УКМКнын камагында болду. Былтыр жайында Биринчи Май райондук соту ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга уруксат берген.
11-февралда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековду №1-тергөө абагына камакка алуу боюнча сотко кайрылды. «Келдибековдун дарылануу курсунан өтүп келгенине байланыштуу процессуалдык кодекске ылайык, үй камагында кармоо чечими жокко чыгарылат. Депутатка тагылып жаткан айыптын оордугун эске алуу менен, ал күбөлөрдү жана башка соттук териштирүүнүн калыс өтүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн же из жашырып кетиши ыктымал деген жүйөө менен аны кайрадан камакка алуу керек»,- деп эсептейт Башкы прокуратура.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg