ДОКУМЕНТИ ЖОК ҮЙЛӨРДҮ МЫЙЗАМДАШТЫРУУ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КОЛДОО ТАППАЙ ЖАТАТ

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2012-жылдын 3-августуна чейин басып алуу жолу менен турак жайлар курулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеп чыккан болчу. Анын айтымында, өлкө ичинде ар кандай себептерден улам 52 миӊге чукул документтери толукталбай, бирок курулушу бүтүп калган үйлөр бар. Долбоорго ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан 3589 үйдү мыйзамдаштыруу каралган. Мэрия үч миӊден ашуун үйдүн ар бири боюнча материал топтоп, мыйзамдаштырууга макул болгон. Бирок Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети аталган мыйзам долбоорду колдогон жок.
«Эмне үчүн бай адамдар сейил бакта үй куруп алса, аны бузуп салышпайт? Мына, уруксат берилбеши керек болгон жерге май куюучу жайлар курулуп жатат. Аларга документ беребиз. Сейил багына мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузбай, кедей-кембагал куруп жатса, эмне үчүн алардын үйүн буздуруп салуу керек? Кимдир бирөөгө уруксат берилет, экинчисине берилбейт. Эмне үчүн нормативдер бир жактуу гана иштейт? Эмнеге жыл сайын биз кылмышкерлерге, адам өлтүргөндөрдүн айыбын кечирип мунапыс жарыялайбыз. Жадакалса 4 жолу финансылык, капиталдык да болду. "Уурдаганыӊ, катканыӊ болсо алып чык. Биз сени кечиребиз" деп коррупционерлерге, элди тоногондордун баарына амнистия бердик. Ал ортодо эптеп үй куруп жашап жаткан жарандарыбызга "документиӊ туура эмес болуп калыптыр" деп алардын өздөрүн эле эмес, балдарын, неберелерин кыйнайбызбы? Биз документтештирип берели деген үйлөрдүн арасында 1956-жылы, 1989-жылы жер алган адамдар да бар экен»,- деди эл өкүлү Текебаев.
Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылып, эми жалпы жыйында каралмак болду.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tolik
2015-02-19 22:24:59
Негизинен жер басып алуу туура эмес. Мыйзамга дагы абийирге дагы туура келбейт. Ал эми О.Текебаевдин бул маселени мыйзамдаштыруу демилгесин колдоого болот жана болбойт. Байлардын мыйзамсыз жерлерге хан сарай куруп мыйзамдаштырып алгандары учун бел демилгеси туура. Ал эми мыйзамдын кучун жоготуп албоону караганда,бул маселени колдоого албаганыбыз туура.
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан