... Жалгыздыкка аргасыз баш ийип, күн кечирип жашап келгениме көп убакыт болду. Антсе да аны менен өткөргөн бактылуу күндөрүм күнү бүгүнкүдөй көз алдыма элестейт. Ошого каниет алып, ошону менен сооронуп калам...- деди оор улутунган бийкеч.
КУНАРСЫЗ КҮНДӨР
Ошол жыл, ошол күн азыр да эсимде. Күз айлары болчу. Көп күндөн бери тынбай төккөн жаан дале басылчудай эмес. Ошол күнү негедир жүрөгүм тынч ала албай, кимдир бирөөнү күткөндөй улам терезени карап жаттым. Мен иштеген кафеде күндөгүдөн кишилер аз болчу. Бир кезде мага окшоп кимдир бирөөнү күткөнсүп, сырттагы нөшөрлөгөн жамгырды тиктеп отурган адам менин көңүлүмдү өзүнө бурду. Анын бир топ күндөн бери мында байыр алып калганын байкагам. Негедир кимдир бирөөнү күтүп жаткандай телмире бир нече сааттан бери жалгыз отурат. Кээде экөөбүздүн карегибиз чагыла калып жатты. «Кайсыл гана бактылуу кызды күтүп жатты экен? Балким, мен сыяктуу бул дүйнөнүн көйгөйүнөн тажап, жалгыздыктан жапа чегип жүргөн жандыр...» деп ойлогон тейде кардарларымды тейлеп жаттым.
Негедир акыркы күндөрү иштегенге да көңүлүм жок. Кечээ күнү да кожоюндан тил уккан элем. Келген кардарлардын кайсы убакта чыгып кеткенин байкабай калып, кожоюнга миң сом карыз болуп калгам. «Бүгүндөн калбай таап кой» деп кеткен эле. Ушул ойлор менен алышып бир кезде терезени карап ойлонуп туруп калган экенмин. Арт жагымдан чыккан кожоюнумдун үнүнөн «селт» дейт түштүм.
– Эмнени ойлоп жалдырап турасың? Дагы бирөөгө алданып каласың. Эс талма болуп...
– Эч нерсени...- кысыла араң үн каттым.
– Акчаны таап келдиңби?
– ...
– Эгерде таап келбесең бир ай бою акысыз иштейсиң. Ансыз да жеген-ичкен тамагың бекер. Качып кетем деп ойлобо...
Ушинтип кожоюн корсулдап алып чыгып кетти. Мен оор үшкүрүп кайрадан терезени тиктедим. Ого бетер жашоонун кызыгы кете түштү. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин таежем өзүнүн жанына шаарга алып келген. Жеңемдин ачуу тилинен көңүлүм калып жүргөн жаным шаар десе эле бейиштин төрүн элестетип келип алыптырмын.
Айлам кете көзүмдөн жаш кылгырып, жүрөгүм сыздап турганымда жанагы табышмактуу адам жаныма басып келди.
– Чоң кыз, болду ыйлаба. Бул акчаны алып кожоюнуңа бер да, бул жерде иштебей эле кой. Мен сага жардам берем. Сени көптөн бери көрүп...- деп мага бүтүн миң сомдукту сунду.
Мээримге зар болуп жүргөн жаным бир чети таңкала, бир чети бул кишиге жүрөгүм жылып, жаш баладай эрээркей түштүм. Көзүмдү көтөрүп эч бир адамдын көзүнөн көрбөгөн мээримге арбала түштүм.
– Рахмат, байке, мен сизге акыры бир күнү бул акчаны кайтарып берем. Сизге рахмат...
Эркин деп тааныштырды ал өзүн. Дал ушул мүнөттө бул жолугушуунун акыры азап менен бүтөөрүн сезбеген элем.
АЗАП ЖАНА БАКЫТ
Кожоюнума Эркин берген акчаны төлөп берип, өз арызым менен жумуштан бошоп кеттим. Эртеси Эркин менен болжошкон жерде жолуктум. Кызыл түстөгү «Мерседесинде» күтүп отуруптур. Шаардагы эң жакшы деп саналган ресторанга алып барды. Сүйлөшүп отурдук. Ал мени жактырып калгандыгын, кафеге мен үчүн келип жүргөнүн айтты. Анан... ошол түндөн баштап мен ошол адам үчүн жашап калдым.
Эркин менин сүйгөн адамым гана эмес, акылчым, кеңешчим, жөлөнөөр тоом болуп калды. Эч кимге айтпаган сырларымды ага айтам. Кийинчерээк өзүмчө батирге чыгарып, акчасын төлөп, үч-төрт күндө бир келип кетет. Эркин өзү жөнүндө эч нерсе айткан жок. Мен дагы сурабадым. Зар кылып жүрүп колума кондурган бактыма көлөкө түшүргүм келген жок. Анын турмушуна канчалык кызыксам да алда немеден корккондой сурай албай апкаарып кетчүмүн.
Арадан закымдап күндөр, айлар сызып убакыт өтө берди. Иштетпей да койду. Күнү кечке даамдуу тамак жасап Эркинди күтөм. Андан башка мага бакыт жок эле. Кийинчерээк үйдө жалгыз калган күндөрү өзүмчө эле бук болуп, кыжаалаттанып ыйлай берчү болдум. Эч нерсеге табитим тартпай, ооруп жатып калдым. Боюмда болуп калган экен.
Эне болуу кандай бакыт. Өзүмдү мынчалык бактылуу сезген эмес элем. «Эркин кантип кубанаар экен? Ага кантип айтсам? Мени кучактап алып көпкө эркелетет болуш керек. Мен да эне болом, эми баары жакшы болот» деп өзүмчө кыялданып, курсагымды алаканым менен аяр сылап коём. Ошол кездери Эркин көп күн келбей калды. Анан келди. Мурдагыдай эле бетимден сүйүп эркелетип жатты.
– Эркин, менин сага жакшы жаңылыгым бар...
– ...
Ал үн катпастан «айта бер» дегендей башын ийкеп койду.
– Менин боюмда бар...- деп эки колумду мойнуна артып эркелей сүйлөдүм.
Бирок... Анын муздай тоңгон жүзү мендеги жылуулукту өчүрүп бара жатты. Ал мени бир карап алды да, кучактап турган колдорун бошотуп терс бурула берди. Бул эмнеси? Дилимден кубалап жүрбөдүм беле? Үмүт кылып жүрбөдүм беле? Азыр бирөө колумдагы бакытымды жулуп алчудай апкаарып калдым. Эрдимди кесе тиштедим. Ал көпкө чейин ойлонуп отурду да, мага бурулду. Өңү кубара түшүптүр.
– Зарина,- деди бир маалда мени карап. – Эртең доктурга барабыз да, баланы алдырабыз.
– Эркин...
– Кийин деле төрөйсүң.
Эркинден мындай сөздү күтпөгөн жаным шалдайып калдым. «Мен дагы эне болгум келет. Азыр боюмдан алдыртып койсом, келечегим кандай болот? Кийин төрөбөй калсам убалым кимге?» деп боздоп ыйлап жаттым. Жалынып да, жалбарып да көрдүм. Бирок, эч сөзүмдү укпады. Эртеси доктурга ээрчитип жөнөдү. Мен «барбайм» деп качам. Ал артымдан жетип келип колумдан сүйрөйт. Мен ыйлап кайра качам. Ошентип жатып ортодон 2-3 саат өттү. Эркиндин жүрөк оорусу кармап кыйнала баштады.
– Макул, мен сени кыйнабайын, өзүң бил. Бирок, кийин мага келип догурунба. Мен сени ала албайм. Үйүмдө бир кызым, бир уулум... Өзүң түшүнөсүң,- деди кубарып отуруп.
Жер астын-үстүн болуп кеткенсиди. Оо, жараткан, тагдырым ушунчалык татаал беле? Көз ирмемдик бакыттын артында жан чыдагыс азап турганын билсем, минтип өзүмдү өрткө салбайт элем го... Эми эмне кылам? Кана менин кыялым, жаркын үмүтүм? Мага акыры жүрүп бир күнү үйлөнөт деген үмүтүм бар эле го... Шалдайып Эркиндин артынан карап тура бердим. Бир кезде алыстап бара жаткан Эркиндин артынан өлөр-тирилериме карабай жүгүрдүм.
– Эркин... Мен макулмун...- дедим энтиге. Башымды көкүрөгүнө жөлөп боздоп ыйлап жаттым. Ошентип, жүрөгүм тилинсе да баланы алдырууга аргасыз макул болдум. «Кечир мени, кечирип кой» деп жаш аралаш күбүрөп жаттым. Билбейм, кимден кечирим сурап жаттым. Өзүмдөнбү же төрөлө элек баламданбы?
АРГАСЫЗДЫК
Ошентип, күндөр өтүп жатты. Баламды алдыргандан кийин денсоолугум начарлап кетти. Бирок, Эркиним жанымда эле. Ошону менен алаксып, ошону менен сооронуп жашап жүрдүм. Өткөн- кеткендин баары унутулду. Экөөбүздүн мамилебиз дагы деле чырмалышып кете берди. Күн өткөн сайын мен аны менчиктеп алдым. Үйүнө кетиргим келбейт. Кыйнап, мойнуна асылып ыйлап отуруп алып калам. Мени аягандыгынан, жакшы көргөндүгүнөн ал дагы мага кошулуп буулугуп ыйлап алат. Ал баары бир кетиш керек экенин, үйүндө күткөн аялы, балдары бар экенин түшүнүп, билип турсам да кетиргим, жанымдан алыс чыгаргым келбейт. Канчалаган бактылуу күндөрдүн күбөсү болуп, не деген убакыттарды баштан кечирдик. Ал жок дүйнө кунарсыз... Сагынам... Күтөм...
ххх
Бир күнү кабагы түшүп келди.
– Эмне болду?
– Зарина, үйгө телефон чалбай жүрчү. Мен убактым болгондо өзүм келем.
Айласыз көз жашымды төгүп отуруп бердим.
– Азабым ай, кайсы күнү жолуктуң эле? Эми кандай кылам?- деди ал дагы чачымдан сылап.
Тынымсыз Эркиндин телефонуна чала берип, аялынын билип калганына да өзүм күнөөлүүмүн. Ошондон баштап үйүндө уруш-талаш да көп болчу болуптур. Кийинки кездери бири-бирибизге айтпаган сөздү айтып урушуп кетчү болдук. Бирок, кайра эле кечиришип калабыз. Сүйүүнүн ушунчалык күчүнө таң калып, бир чети кейип кетем.
Күндөрдүн биринде Эркин үйүнө кетип бара жатып жол кырсыгына туш болду. Бирок, Кудай сактап эч жери эч нерсе болгон жок. Ооруканага жетип барган жаным Эркиндин мени күнөөлөгөн сөздөрүн угуп шалдайып туруп калдым.
– Мени сен каргап жүрүп ушундай болду. Баланын убалы жетти,- деди ал мага алая карап.
Жаным көзүмө көрүнө түшүп, эрксизден артка чегине бердим.
Ооба, ачуусу менен айтып алганын билип турсам да жүрөгүмө октой кадалды бул сөз. Бирок, кимге таарынам? Өз жүрөгүмөбү? Солкулдаган боз жигиттердин бирине арнасам ушул сүйүүмдү башы менен кудук казса да баркыма жетпейт беле? Бирок, баары бир эле Эркинге талпынам. Акыркы күндөрдө Эркин экөөбүз тең кыйналып кеттик. Кандай айла кылып алаксышты билбей жүргөнчө бир топ убакыт өтүп кетти.
АЖЫРАШУУ
Эркинди күтүп улам жолду карап отургам. Кудум Эркин менен жаңы таанышкан күндөй жамгыр төгүп жатты. Машинанын үнү угулаары менен ыргып турдум. Экөөбүз адаттагыдай машинада сүйлөшүп отурдук.
– Зарина, сен менин башымды айлантып алган окшойсуң. Мен ушундай жашоодон тажап кеттим. Сен мага келген айыкпас оору болдуң. Кайда жүрсөм, уктасам, турсам оюмда сен. Бу эмне деген жашоо? Сен үчүн үйдө күндө уруш-талаш. Аялымдын мурда мындай адаты жок эле. Эми барган сайын бир тыйыныма чейин эсептечү болду... Жадап да бүттүм...
Анын өкүнүчтүү үнү көңүлүмдү жаралап бара жатты. Демек, мен анын жашоосунда артык баш адам экенмин да... Менин минтип кыйналганымды ким сезмек, ким билмек? Анда эмнеге өзүбүздү-өзүбүз кыйнап минтип жүрөбүз? Көңүлүмдө бороон улуп ичим уйгу- туйгу... Акырын машинадан түшүп кеттим. Артыман Эркиндин кыйкырганына да көңүл бурбай, кылчайбастан өзүмдү-өзүм жек көрүп, көз жашымды тыя албай жол бою ыйлап кете бердим. Менин көз жашыма кошулуп, асмандан кулап түшкөн жамгыр тамчылары да жерге сиңип кетип жатты.
Кош болгун, менин алдамчы, алсыз махабатым! Мен аны менен жамгырлуу түнү табышып, жамгырлуу түндө коштоштум.
ЖАҢЫ ЖАШОО
Көп убакыт өтпөй өз айлымдагы бир бала мени ала качып кетти. Таш түшкөн жеринде оор дегендей, Максат менен жашап калдым. Бирок, көңүлүмдөн баары бир Эркинди сүрүп чыгара албадым. Балким, балалуу болсом алаксып кетет белем, ким билсин? Бирок, бири кем дүйнө дегендей, канча убакыт өтсө да Максат экөөбүз балалуу боло албадык. Эсиме баягы Эркин менен ооруканага барган күн түшөт. Ошондо эле мен аялдык бакыттан эле эмес, энелик бакыттан да ажыраган окшобоймунбу... Бирок, канчалык таарынгым келсе да Эркинге таарына албайм. Ошондой күндөрдүн биринде Максат кызуу болуп келди.
– Ким эле ал шүмшүк?- деди көзү кызарып.
Сөз төркүнүн түшүнсөм да үн ката албадым.
– Айтчы, ал ким? Сенин жаштыгыңа, бактыңа балта чапкан ким?
– ...
Ал көпкө көзүн албай отурду да, акырын күңк этти:
– Эртең шаарга кетебиз. Мен сени доктурга көрсөтөм.
Ошентип, шаарга келдик. Врач мени эне болуудан калганымды айтты. Бирок, Максатка ал жөнүндө айта албадым. Ичимден сызып жүргөн күндөрдүн биринде тамактануу үчүн күйөөм менен кафеге кирип бара жатып башка чапкандай токтодум. Анткени, бет алдымда мага тааныш көздөр турган экен. Баягы жылуу көз караш.... Бүт денемди калтырак басып, заматта денемден муздак тер чыга түштү. Эркин да мени көрүп бир обдула калып отуруп калды. Ооба, бул Эркин! Чачын ак басып, кыйла өзгөрүп кетиптир. Бир гана көз карашы ошол боюнча...
Жанымда турган Максатты түртүп эшикке атып чыктым. Ошол мүнөттө артымдан кыйкырып келе жаткан Максат да, машиналардын үндөрү да кулагыма угулган жок. Көз алдымда жаштык күндөрүм гана тасма сымал чууруп жатты.
Максат артымдан жетип келип энтиге туруп калды.
– Эмне болду?
Мен ооз ачып сөз сүйлөй албай телмирип тура бердим. Көптө барып гана араң ооз ачтым:
– Максат, мени кечирип кой, сага ыраазымын. Бирок, мен сени балалуу кыла албайм. Себеби, мен... төрөбөйм. Жаш кезимде катуу жаңылгам. Ал жаңылуум үчүн сенин азап тартышыңды каалабайм. Сен да балалуу болушуң керек. Башка менен бактылуу болосуң. Мен сени менен жашап, сенин багыңды байлагым келбейт. Кечирип кой, артымдан келбе...- дедим да кадамымды тездете бердим.
ххх
Ошол боюнча Максатты көргөн жокмун. Азыр жалгыз жашайм. Эл катары күнүмдү көрүп жатам. Бирок, жүрөгүмдүн тереңинде дагы да болсо Эркинимди күтүп жүрөм. Ооба, балким, качандыр бир кезде ал экөөбүз бир болоорбуз. Ал үчүн эне болуу бактысынан да, үйбүлөлүк бакыттан да кечип кеткенимди түшүнүп, качандыр бир кезде кайрылып келээрине ишенем. Үмүтүмдү туу кылып жашап келем...
Нуржамал Жийдебаeва