ТҮРКИЯДА 100 АДАМ БЕКЕР ДАРЫЛАНАТ

Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-февраль күнү Түркияда бекер дарыланып келүү укугуна кимдер ээ экенин билдирди. Министрдин орун басары Марат Калиевдин айтымында, бекер квоталар Кыргызстанда операция жасалбай турган, дарылоого мүмкүн болбогон оорулууларга берилет. «Бизге кайрылгандардын көбү Түркияга жеӊил оорулары менен дарыланып келүүгө болот деп туура эмес түшүнүп алып жатышат. Бирок андай эмес. Мисалы, бизге бөйрөк трансплантациясы керек болгон 85 адам кайрылган, дагы 10 оорулуу боорун алмаштыруу менен болсо, калганы өпкө, жүрөк жана башкалар. Мындай жарандарга биз квоталарды бере алабыз»,- дейт Калиев. Муну менен катар 2015-жылдын 10-февралына чейин 204 кайрылуу келип түшкөн. Аларды Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен түзүлгөн комиссия карап чыгууга укуктуу. «Түрк тарап бир гана медициналык жардамды көрсөтөт. Оорулуулардын жол киреси, тамак-ашы, аны менен кошо барган адамга каралчу акчаны мамлекет бөлүп бере албастыгына байланыштуу бул маселе бейтаптын үй-бүлөсүнө жүктөлөт»,- деди министрдин орун басары.
Айта кетсек, былтыркы жылдын июнь айында Анкара шаарында Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын ошол кездеги премьер-министри болуп турган Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусунда бул боюнча макулдашууга кол коюлган. Анын алкагында Түркия жыл сайын Кыргызстандын 100 бейтап жаранына акысыз медициналык жардам берери каралган. Оорулуулардан кайрылууларды кабыл алуу мөөнөтү 2015-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан