ӨКМӨТТҮН ТҮЗҮМҮН КЫСКАРТУУ СУНУШТАЛУУДА

Өкмөттүн жаӊы түзүмү 9 министрликтен, бир мамлекеттик комитеттен, 9 аткаруучу органдан жана ошондой эле 19 мамлекеттик корпорациядан түзүлмөкчү. Жаӊы долбоорго ылайык, Каржы министрлиги, Өнүктүрүү жана соода министрлиги, Инфраструктура министрлиги, Билим берүү министрлиги, Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат министрлиги түзүлмөкчү.
Ал эми Айыл чарба, Транспорт жана коммуникация, Өзгөчө кырдаалдар, Энергетика жана өнөр жай, Маданият, маалымат жана туризм, Социалдык өнүктүрүү, Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министрликтерди жоюу сунушталууда. Айта кетсек, азыркы тапта өкмөт 15 министрликтен, бир мамлекеттик комитеттен жана 16 дирекция, агенттиктерден турат.
Жаӊы долбоор ишке кирсе, бюджеттик каражаттар 19,8 миллиард сомго үнөмдөлмөкчү. Штаттык кадрлардын саны 30 пайызга кыскартылары да айтылууда. Өкмөттүн жаӊы түзүмүнүн демилгечиси «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов болду.
«Бюрократияны, өкмөттөгү ашыкча чыгымдарды кыскартуу керек» деген күпүлдөгөн ураандар дайыма эле айтылып келет. 2010-жылдан бери канча жолу өкмөт жаӊыдан куралганына карабастан, эми гана парламенттик шайлоонун алдында өкмөттүн түзүмүн кыскартуу демилгеси көтөрүлүп отурат. Бул демилге ишке ашып, чиновниктердин саны кыскарабы же шайлоо алдындагы аброй, упай топтоо аракети болуп эле кала береби, көрөбүз.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ruslan1969
2015-02-16 11:18:43
Депутаттарды да кыскартыш керек жеке эле окмотту эмес жепутаттар биздин элдин эсебинен жашап Жана сойкуканаларды ачып жатышат
0
al79mi
2015-02-16 14:55:33
ээ министрликти жоюп агенттик же дирекция кылгандан эмне пайда?! орун алмашуудан сумма озгорбойт.......
0
kubaychbek
2015-02-16 21:25:01
Министрлик же агенттиктерди кыскартуудан орун озгоруп мамлекетибиз онолуп кетпейт, андан коро жепутаттардын санын азайтуу керек 120дан 80 ге чейин. ансыз деле андан азы журот го парламентте.канчасы соттолду.
0
Kairatmyn
2015-02-16 21:36:39
Орун алмашуудан сумма озгорбойт деген бекер кеп. Эмнеге озгортсо болбойт! ушундай болотта. Карабайсынарбы канча акча уномдолуп жатат. Бул министрлик болгондо деле мамлекет жыргап кеткен жери жок андан коро жоюш керек. Мен колдойм! Ал эми ЖЕПУТАТТАР жонундо айтсам албетте буларды да азайтыш керек. ЖЕПУТАТТАРга ушул суроону берсен дароо эле- эмне ЖЕПУТАТТАР азайса эле мамлекет онугуп кетпейт дешет а эмне кобойуп мамлекет онугуп кеттиби.
0
Muzik
2015-02-17 10:50:35
Мындай кыскартууларды Бакиев жасаган,убагында аягы жаман болгон
0
Nurmuxammet
2015-02-18 15:08:56
Muzik, Революция болгон.
0
Sayragul
2015-02-18 12:24:46
Баарынан дагы элге зыяндан болок пайдасы жок депутаттарды азайтыш керек.
0
Nurmuxammet
2015-02-18 15:09:23
На конец то бироо жарым которуптур ушул теманы.
0
_KipchaK_
2015-02-20 09:40:01
Министрлике кошуп депутаттардын санын да кыскартуу керек. 120 депутат ото эле коп Кыргызстан учун.
0
Erniet
2015-02-21 03:33:05
Эн туура 50 депутат жетет өкмөттүн түзүмүн да кыскартып реформалаш керек
0
bakyt_2015
2015-02-21 15:46:11
Ар бир районго бирден депутат жетет. Мен тан калам шайлоого келгенде кайнаса каны кошулбагандар бириге калат, шайланып алгандан кийин ит жебеген бок жешип ажырашып кетет. Кийинки шайлоодо баягылар кайра биригип алган. Бийликтин кумары ушунча таттуубу же биздин жогорку сапка уят-сыйт,ар-намыс, жигитчилик дегенден ныпым кабары жоктор келип жатабы. Негизи эле ушул партиялар ичиндеги саясий сойкулукту тизгиндесе болобу же жокпу
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан