МЫЙЗАМСЫЗ ПАСПОРТ БЕРГЕНДЕРГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Мыйзамсыз жол менен 2 миӊден ашуун паспорт берилген коррупциялык схеманын бети ачылды. Ага катыштыгы бар деп Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин тез арада документтештирүү бөлүмүнүн кызматкерлери аныкталган. Мындай маалыматты 11-февраль күнү ИИМден билдиришти. Кабарлангандай, 2012-жылдан 2013-жылга чейин республикада мыйзамсыз жол менен идентификациялык номерин, өздүк маалыматын, аты-жөнүн өзгөртүп паспорт алгандардын саны 2 миӊ 200гө жеткен. Алардын арасында буга чейин соттолгон, издөөдө жүргөн жана чет өлкөдөн депортация болгон кыргызстандык жарандар бар. ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери иликтөөнүн жүрүшүндө ортомчулук кылып жүргөн Токмоктун тургунунун үйүн тинтүүгө алышкан. Анын үйүнөн 18 паспорт, бланк жана башка Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү жашыруун отчёттор табылган. Органдар тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен 2015-жылдын январь айында эле мыйзамсыз жол менен паспорт берүү боюнча 5 кылмыш иши козголду.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
EdikoKG
2015-02-16 09:33:37
Кыргызстандын жарандыгын алып жургон таджик,кытайлар мыйзам жолу мн алышканбы?
+1
bakyt_2015
2015-02-16 10:36:33
Россияда Озбекстандан бизге кирип кыргыз паспортун акчага жасатып алып жургондор миндеп саналат. Кылмыш кылгандын кобу да ошолор, анан ким кылды кыргыз кылды болуп жатып калат.Озбектер менен суйлошсон ой Кыргызстандан паспорт алган проблема эмес го дешет. Мына жыйынтык чыгарып алгыла.
+1
mir..
2015-02-16 12:55:54
туура айтасынар кыргызстанда паспорт алыш проблема эмес ошон учун озбек.,тажиктер кыр-з жарандыгын алып российяга келип кылмыш ишин кылышат анан ким кылды кыргыз кылды деп биз жаманбыз мен 7жылдан бери россиядамын ага окшогонду уга берип тажадым
0
Kairatmyn
2015-02-16 21:46:37
Жакында Кыргызстан ЕАЭСга кошулат анан без патент иштейбиз деп каанча Таджик Озбектер Кыргызстандын паспортун алып жатышат. Ушуларды катуу козомол кылыш керек. Акча деп эле акча берсе жасай бербей кичине адамда мекенчил патриоттук сезим болуш керекта. Азыр паспорт столго барып акчаны ыргытсан паспортту уйуно оздору алып келе турган абалга келди. Кайран гана КЫРГЫЗ.
+1
merim
2015-02-18 03:08:50
Айтыныздарчы менин агам откон жылда депорт болуп кетти,эми тс кошулду эми ошол пасспорту мн келе берсе болобу билгендер жазып койгулачы;Же мооноту бутуш керекпи
0
bema_bema
2015-02-18 05:21:25
merim, мооноту буткондо келет
0
merim
2015-02-18 12:21:11
bema_bema, Рахмат!
0
Sayragul
2015-02-18 12:23:54
Кыргызстандагы паспорт столдогоулар аман болушсун.
0
macho90
2015-02-18 23:46:10
Men 4 kundo kamersilyk jol mn algam. Tamojnyida je natariste pasportumdu korup ele bilip koiushat srochnyi algan ekensin dep. Myizamsyz algandardy kandai bilishpeit.
0
merim
2015-02-21 00:07:49
БиРОк жаны жылга чейин депорт болгондорду черный списоктон чыгарат имиш деп уктум да,ЧЫн эле ошондой эмес бекен билгендер болсо да жазып койгулачы???
0
boze
2015-02-26 21:20:46
Мен дагы идентификационный номеримди которгом. Азыр окунуп атам. Кантип кайра мурункумду ондотсом болот?
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан