Ош шаарындагы мектептерде 14-февралды СҮЙҮҮ КҮНҮ катары белгилөөгө тыюу салынды. Маалыматты 9-февралда билим берүү башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов айтты.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тергөө изоляторлоруна жана жаза өтөө мекемелерине онлайн режиминде каралып жана жазыла турган ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ орнотулду.
Өлкөдө аскерге чакырылгандардын 90 пайызынын ден соолугу чыӊ эмес. Муну 8-февраль күнү премьер министр ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ билдирди.
2014-жылы Кыргызстанга келген ТУРИСТТЕРДИН саны 4 миллиондон ашкан. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 1 миллионго көптүк кылат.
2014-жылы 106 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ошондой эле өткөн жылы 66 өспүрүмдү ЗОРДУКТОО фактылары катталып, анын ичинен 6 иш тараптардын элдешүүсү менен токтотулган. Ал эми 41 өспүрүм дайынсыз жоголуп, алар бүгүнкү күнгө чейин изделүүдө. Муну 9-февралда ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев билдирди.
9-февралда мурунку маданият жана маалымат министри НУРЛАН ШАКИЕВГЕ Шанхай кызматташтык уюмунун өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн юбилейлик медаль тапшырылды.
Ички иштер министри МЕЛИС ТУРГАНБАЕВДИН айтымында, бүгүнкү күнгө чейин бир да адамды соттук тартипте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанууга мүмкүн болгон эмес.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин Жогорку Кеӊешке киргизди. Ал буга чейин аталган министрликтин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
КТРКнын башкы директорлугунан СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ 6-февраль күнү өз арызы менен бошоп, анын ордуна жетекчилик кызматтын милдетин Байкоочу кеӊештин экс-төрагасы ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ убактылуу аткармай болду. Ал эми Байкоочу кеӊештин төрагалыгына анын мүчөсү АБДЫ САТАРОВ дайындалды.
2014-жылы 13 милиция кызматкери баӊгизат колдонгону үчүн жумуштан айдалган. Дагы төртөө БАӉГИЗАТ сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мындай маалыматты ИИМден кабарлашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurmuxammet
2015-02-18 15:05:38
Ош шаарындагы мектептерде 14-февралды СҮЙҮҮ КҮНҮ катары белгилөөгө тыюу салынды. Маалыматты 9-февралда билим берүү башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов айтты. ;fusvlee ;fysksr!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.