НУРЛАН ТУРСУНКУЛОВ БАШКЫ ПРОКУРОРЛУККА РАСМИЙ ТҮРДӨ БЕКИДИ

2-декабрда ЖКнын “Ак жол” фракциясы президент Курманбек Бакиев баш прокурор кызматына сунуштаган Нурлан Турсункуловдун талапкерлигин колдоого алды.

Анда 61 депутат Нурлан Турсункуловду аталган кызматка дайындоого макулдук беришти. Депутаттардын суроолоруна жооп берген Нурлан мырза Башкы прокуратурада төрт багытта реформа жүргүзүлөрүн жана кадр маселесине өзгөчө көңүл бурарын билдирди.


КАЗАКСТАН БИЗГЕ КӨМҮР ҮЧҮН АКЧА БЕРЕТ

Казакстан Кыргызстанга көмүр сатып алуу үчүн 5,8 миллион доллар акчалай жардам берери дайын болду.

Мындай келишимге Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөновдун Астанага жасаган иш сапарында кол коюлду. “Көмүрдү Казакстандан адаттагыдан 50 пайызга арзан алабыз. Мен жакшы иш болду деп эсептейм, анткени биз казакстандыктар өздөрү төлөгөн эле акчаны төлөйбүз. Бул көмүр Бишкек ТЭЦине келип түшөт. Баш калаанын тургундары кыштан кыйналбай чыгат”,- деп белгиледи өкмөт башчысы.


ӨЗБЕКСТАН ЭМИ ЭЛЕКТР ЖААТЫНДА БОРБОР АЗИЯГА КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС

1-декабрда Өзбекстан Борбор Азия Бириккен энергетика системасынан чыккандыгын жарыялады.

Расмий Ташкент бул кадамын экономикалык себептер менен түшүндүрсө, Тажикстан “муну менен Өзбекстан бизге саясий кысым көрсөтүп жатат” деп сынга алды. Ал эми Кыргызстан тарап эч кандай расмий билдирүү жасай элек. Ошентсе да Өзбекстан аркылуу жарык менен камсыз болгон Кыргызстандын түштүк жергесиндеги айрым айылдарынын тагдыры эми кандай болору белгисиз. Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстан бул чечимине такап Кыргызстандын Араван районуна караштуу Достук айылына жарык берүүнү 1-декабрдан тарта токтотту. Араван районундагы Достук, Дадахан жана Көмүрчү айылдарын жарык менен Өзбекстан камсыз кылчу. Калган эки айылды да ушундай тагдыр күтүп тургандыгы айтылууда.


МЕККЕДЕН ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН АЛГАЧКЫ ТОБУ КАЙТЫП КЕЛДИ

3-декабрда мусулмандардын ыйык жайы Меккеге зыяратка кеткен кыргызстандыктардын алгачкы тобу Жиддад шаарынан “Боинг-747” учагы менен чыгып, “Манас” эл аралык аэропортуна келип конушту.

Бул туурасында “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Ал эми ажылардын кийинки тобу 7-10-декабрда Бишкек жана Ош аэропортторуна учуп келишмекчи.
Быйыл зыяратка барган кыргызстандыктардын бири Меккеде каза тапты. Жалал-Абаддык бул жарандын сөөгү Меккедеги мүрзөгө коюлду. Ошентип, ажылык зыяратка жөнөп кеткен 3 миң 699 зыяратчылардын 3 миң 698и мекенине кайтып келмекчи.


ИСМАИЛ ИСАКОВ 8 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАЙБЫ?

Исмаил Исаковго байланышкан сот отуруму 30-ноябрда уланды. Анда мамлекеттик айыптоочу генералды сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады.

Ошондой эле айыптоочу Балыкчы аскердик бөлүгүнүн командиринин орун басары Нурдин Каримовду он үч жылга, Курал-жарак, техника боюнча башкармалыктын башчысы Таалай­ Сатыбалдиевди шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Муну менен катар айыпталып жаткандардын аскердик чинин алып, үй мүлкүн конфискациялоо суралды. Сот иши келерки жумада уланат. Ал эми кандай өкүм чыгарары азырынча белгисиз.


КЫРГЫЗСТАНДА 20 ЧАКАН ГЭС КУРУЛАТ

Феликс Кулов жетектеген Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы Малайзиянын “Селога Холдингс” компаниясы менен энергетика жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

Келишимге ылайык, жакынкы үч-беш жылдын аралыгында 300 миллион долларлык долбоор ишке кирет. Анын алкагында Кыргызстанда 240 мегаватт кубаты бар 20 чакан ГЭС курулат. Феликс мырзанын айтымында, жакынкы күндөрү аталган компаниянын адистери ГЭСтер курулуучу жерлерди аныктоо үчүн Кыргызстанга келмекчи.


КАЗАКСТАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН АКЫСЫН АЛДЫН АЛА ТӨЛӨМӨКЧҮ

Астанада кол коюлган келишимге ылайык, Казакстан 540 миллион кВт'саат электр кубаты үчүн акыны Кыргызстанга алдын ала төлөйт.

Данияр Үсөновдун билди-рүүсү боюнча Кыргызстан келерки жайда Казакстанга 540 миллион кВт'саат электр кубатын жалпысынан 20 миллион долларга сатууну көздөп жатат. “Биз декабрь жана 2010-жылдын январь айында жалпы сумманын 50 пайызын алдын ала төлөм катарында алабыз”,- деп билдирет Данияр мырза.
Ошондой эле бул иш сапарында Казакстандын президенти тарабынан Алматы–Кемин электр линиясын Казакстандын эсебинен куруу маселеси колдоого алынды.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 500 кВт келген “Датка” кичистанциясы жана “Түштүк-Түндүк” магистралдык электр линиялары курулат.


МАЙЛУУ-СУУ БУЛГАНЧ ШААРЛАРДЫН ТИЗМЕСИНДЕ 3-ОРУНДА

АКШнын “Blacksmith” институтунун билдирүүсү боюнча Майлуу-Суу дүйнөнүн булганган шаарларынын тизмесинде 3-орунда. Бул жыйынтык жер жүзүнүн 1100 булганган очокторун изилдөөнүн негизинде чыгарылды.

Биринчи орунду Украинанын Чернобыль шаары, экинчи орунду Орусиянын Дзержин шаары ээлеген. Ал эми урандын калдыктары сакталган Кыргызстандын Майлуу-Суу шаары 3-орунга татып отурат. Азыркыга чейин шаарды уран калдыктарынан тазалоо маселеси чечилбей келет. Майлуу-Суудагы уран калдыктарынын көлөмү 2 миллион м3ду түзөт.


ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН САНЫ КЫСКАРАБЫ?

“Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын санын кыскартуу зарыл. Көп филиалдарда тиешелүү материалдык-техникалык база жок”,- деп билдирди Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев.

Министрдин айтымында, окуу жайларын жөн эле кыскартып таштоого болбойт. Анткени алардын иши мыйзамдаштырылган. Ошондуктан биринчи кезекте жоюу тартибин мыйзам деңгээлинде жолго салуу зарыл. “Жакында министрликтин коллегиясы чогулат. Анда айрым филиалдарды, ЖОЖдорду жабуу жөнүндө чечим чыгарабыз”,-деп билдирди министр.


ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН ЖАНА ЖЫЛУУЛУКТУН БААСЫ ТОЛУК ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕКПИ?

Электр энергиясынын жана жылуулук берүүнүн баалары 2010-жылы эки ирет көтөрүлөрү өкмөт тарабынан жарыяланган. Бирок Энергетика министрлигинин алдындагы Отун жана энергетика комплексин жөндөө мамлекеттик департаментинин бөлүм башчысы И.Аникеев: «2010-жылдын 1-январынан тарта баалардын көтөрүлөрү анык. Ал эми 1-июлдан тарта кымбаттаары азырынча так чечиле элек»,- деп билдирди.

Айбек Кочкоров, Залкарбек Карабалаев
politika
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ymyta
2009-12-07 12:34:08
Электр энергиясынын баарын Казахстанга сатышып,озубуздо свет жок отурабыз.
Кантип уялышпайт,Жыргатышпай калышты го....
Бетке айткандын зары жок!!!!
0
Robingud
2009-12-11 16:56:22
Uwu bizdin biyliktin korkoktugun ay,bir kemi ozbekterge jaldyrawybyz jetpey jatat ele.iwtey albasan ketkile4i surany4.eldin tyn4yn alyp birde baalardy kotorsonor,birde ozbekterge jalynyp wermende kylbay.
0
Барс
2009-12-13 05:54:16
Жаңы башкы прокурор кадрларды четинен шылый баштады го! Арты кайырлуу эле болсо экен!
0
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан