«СЕН КАЙДАСЫӉ?» КЫЗМАТЫ

MegaCom өз абоненттери үчүн ар дайым ыӊгайлуу жана сапаттуу кызматтарды тартуулап келет. Бүгүнкү күндө көрсөтүлүп жаткан кызматтар замандын талабына жооп берери жаӊылык эмес. Алардын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары, кошулуу тартиби жана аларды башкаруу тууралуу көпчүлүгүбүз толук биле бербейбиз. Бул санда учурда абоненттер арасында белгилүү болгон «Сен кайдасыӊ?» кызматы тууралуу кененирээк баяндап беребиз.

«СЕН КАЙДАСЫӉ?» ЭМНЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ?
Кээде бизге керектүү адамдын кайда экендигин таптакыр билбей калабыз. Мээримдүү апаларыбыз балдары кайда жүргөндүгү тууралуу дайыма кабардар болбосо санаалары тынчыбайт эмеспи. Бул кызмат ушундай учурга атайын ылайыкташып жасалган.
«Сен кайдасыӊ?» кызматы сизге керектүү адамдын кайда жүргөндүгү тууралуу маалымат алуу үчүн колдонулат. Кыргызстандын электрондук картасынан сиз издеп жаткан абоненттин кайда жүргөндүгүн так биле аласыз. Аны колдонуу үчүн сиз издеп жаткан абоненттен бир жолу уруксат алуу жетиштүү. Изделип жаткан абоненттин координаттары сиздин телефонго абоненттин кайсы жерде жүргөнү тууралуу SMS аркылуу келет.

«ЭНЕНИН КӨӨНҮ «СЕН КАЙДАСЫӉ?» КЫЗМАТЫНДА»
Бул кызмат жаӊыдан пайдаланууга берилгенден тарта аны колдонуп келе жаткан абоненттердин бири Үмүт айымдын оюн угуп көрдүк: «Мен көп жылдан бери MegaCom`дун абоненттимин жана анын көптөгөн кызматтарын колдонуп келем. Алардын катарында эӊ керектүүлөрүнүн бири – бул «Сен кайдасыӊ?» кызматы. Бул абдан ыӊгайлуу кызмат. Жакындарым, досторум кайда экени тууралуу бир заматта биле алам. Ошондой эле биз кайда жүргөнүбүз тууралуу ата-энелерибиз да бат эле билишсе болот. Баланын көөнү талаада болсо, эми энелерибиздин көөнү «Сен кайдасыӊ?» кызматында болуп калды».

«ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКТАЛГАН КЫЗМАТ»
Кызмат көрсөтүүнүн шарттары тууралуу MegaCom компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев буларга токтолду:
– Абоненттердин кызыкчылыгы үчүн кызматтар да замандын талабына ылайык болуусу кажет. Кыргызстанда MegaCom компаниясында гана бар «Сен кайдасыӊ?» кызматы алардын катарында десек болот. Аталган кызматты ийгиликтүү кошуу үчүн абоненттин балансында эӊ аз дегенде 110 сом болушу зарыл. Бул кызматка кошулуунун баасы 50 сом. Абоненттин кайсы жерде жүргөнүн билүүгө бир USSD же SMS-сурамды жөнөтүү наркы 5 сомду түзөт.
Абоненттик төлөм алынгандан кийин айдагы биринчи 10 жолку пайдалануу акысыз. Абоненттик төлөм ай сайын 50 сомду түзөт. Эгерде сиз издеген абоненттин телефону каптоо аймагынан тышкары болуп же өчүрүлгөн болсо, бул кызмат ал абоненттин ошол учурда жүргөн жерин аныктай албайт. Анын координаттары тууралуу эӊ акыркы маалыматтарды ала алат.

 

 

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
danyshman
2015-02-16 10:40:37
Ушул кызматты биллайн компаниясына да кылса болот бекен,болсо качан кылат?сураныч билип тактап бере аласыздарбы.
0
Ashka
2015-02-16 17:09:14
Ашыкча нерсе.
0
emigo
2015-02-18 23:09:33
Ошондон коро звандап билип алса арзан тушот екен да
0
danyshman
2015-02-20 22:53:46
emigo, звандап билейин десен калп айтып,кайдасын десе кочодо журсо уйдомун деп коёт да.Ошого ушул кызматты сурап жатканбыз.
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан