Нурмат Садыровдун аткаруусундагы «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген ыр көпчүлүктүн тагдырына тагдырлаш, сүйүүсүнө ортоктош болду. Ырдын сөзү да, обону да Токтогул районунун Терек-Суу айылынан чыккан ырчы Руслан Нарынбаевге таандык. «Маданияттын мыкты кызматкери» Руслан аталган ырдан башка дагы бир нече хит ырлардын автору. Анда бүгүн аталган ырдын тарыхын Русландын өз оозунан угалы.
Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүӊ сүйүүӊ барчудай,
Көӊүлүм болду калчудай.
Кайырма:
Балбылдап көздөрүӊ кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.
Сүйдүрдүӊ мени сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүӊсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым, айтчы, ким үчүн?
«СЕЗИМ ДЕГЕН ЧАТАК ИШ ЭКЕН»
– 2013-жылы Жети-Өгүз районуна чыгармачылыктагы инилерим Добр, Руслан Абыловдор менен гастролдоп барып калдык. Мен анда комуз менен ырдачумун. Эл жакшы кабыл алышты. Кайсы жерге барбайлы кол чаап, кошо ырдашып, жакшы тосуп алып жатышты. Баарыбыз меймандос, сыйчыл, жакшы үй-бүлөнүн үйүнө жайгаштык.
Сезим деген чатак нерсе экен, жубайыӊ, бала-чакаӊ барбы, аны менен иши да болбойт тура. «Жүрөк бирди, көӊүл миӊди сүйөт» дегендей, жүрөгүм менен сүйүп алган жарым болсо да, көӊүлүм жаш селкиге бурулду. Биз мейман болгон үй-бүлөнүн кызын жактырып калдым. Кечинде концерттен чарчап келебиз, жанымдагылар уйкусу келип, курсагы тойгондон кийин эле тоголонуп уктаганга шашышат. Менде кайдагы уйку? Дагы отурсак, ырдасак экен дей берем. Анан колума комузумду алып чарчаганыма карабай ырдап кирем. Кайсы ырды ырдабайын, ушул ырларым аркылуу мендеги сезимди билсе экен деп тигил кызды карай берчүмүн.
«БИРОК АНЫН ЖОЛДОШУ БАР ЭКЕН»
– Ошентип, ал үйдө бир жумага жакын жашадык. Жан дүйнөм ырга толуп, өзүмдү асманда учуп жүргөндөй сездим. Ал кыздын мага жөн эле сүйлөп койгону кубаныч, сүйүнүч тартууласа, карап күлүп койгону «сүйөм» дегендей туюлду.
Концерттер кечинде башталат эмеспи. Күндүз мына ушундай сезим менен көл жээгинде кыӊылдап жүрүп, жакшы бир кайрыктар жаралды. Анан кетерде дасторкон үстүндө отурсак, үйдүн кожоюну «менин кызымдын жолдошу бар» деп сөз келгенде айтып калды. Менин да үй-бүлөм бар болгону менен, бул сөздү укканда жаман болдум. Көрсө, кыз атасыныкына келип эс алып жүргөн учуру экен. Экөөбүз көп нерсени сүйлөшкөнүбүз менен, «үй-бүлөӊ барбы?» деп бири-бирибизден сурабаптырбыз.
Ал күнү маанайым жок жүрдүм. Бирок баягы жаӊы жаралган кайрыктар оозумдан түшпөй койду. Бир убакта «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген сап жаралып калды. Ошентип, ал үй-бүлө менен кош айтышып, сапарыбызды андан ары уладык. Кийин ырдын үстүнөн иштей баштаганда да көз алдымда анын элеси тартылып турду.
«ЫРДЫ НУРМАТ ТОКТОГУЛДАН КЕЛЕ ЖАТЫП СУРАП АЛГАН»
– Бир жолу Токтогулдан Нурмат Садыров, Мирлан Баеков болуп келе жатып ушул ырды ырдап калдым. Нурмат «байке, жагып калды, мен ырдап чыгайынчы?» деп сурап калды. Макул болдум. Ырдын көл жөнүндө жазылган 3-куплети бар болчу, аны кошпой эле коёюн деген окшойт, ырдаган жок.
«Чалкыган көлүӊ керемет,
Жаады эле жамгыр себелеп,
Арзыган сага жүрөктү,
Кетпечи, жаным, тебелеп»,- деген саптары ырдалбай калыптыр, өзүм ырдаганда дайыма кошуп ырдайм.
Ыр жазылгандан кийин Нурмат чакырып угузду, мага да жакты. Бир-эки сөзүн оӊдоп койгону болбосо, жакшы ырдаган.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg