«ГРУППАЛАШТАР, КАБАРЛАШКЫЛА»
– Мен мурдагы Фрунзе Политехникалык институтунун ПГС-5-78 группасында окуп кеткен жана жатаканада чогуу жашаган Көлдүн Ак-Суу районунан Алсеитов Жылдызды, Челпек айылынан Токтоев Кубанычты, Оштун Кара-Суу районунан Машрапов Кубанычты издейм. Окуп калсаӊар кабарлашкыла.
Ибрагимов Кубат, Талас ш. Юбилейная к. 114,
тел.: 0778 99 63 70,
0559 18 73 18
«НУРЗАДА СҮЙҮНҮЧБЕК КЫЗЫН ИЗДЕЙМ»
– Мен Өзгөн районунун Кош-Этер айылынын тургуну Нурзада Сүйүнүчбек кызын издейм. Анын Гүлкыз деген курбусу бар болчу. Ошто окушкан.
Улуубек Базарбаев,
тел.: +79250308838
«ЗАМИР СУЛТАНОВ, БАЙЛАНЫШЫП КОЙЧУ»
– Биз 1987-88-жылдары чогуу Ясногорск айылында иштеп кеткен Султанов Замир Дүйшөнакуновичти издейбиз. Замир Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма деген айылдан болсо керек. Замир, окуп калсаӊ байланышып койчу. Билгендер болсо кабарлап коюшуӊарды суранабыз.
kasiet.satylganova@mail.ru
Тел.: 0703 77 37 71, Бишкек ш.
«САШКА, СЕНИ 20 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты. Мен Аксы районунун тургуну 1962-жылы туулган досум Жуманазаров Самаганды издейм. Сашка, мен сени 20 жылдан бери издеп келем. Аны таанып-билгендер болсо жардам катары кабарлап коюусун өтүнөм.
Жолчу, тел.: 0777 02 68 23
«ЫРЫС, ТЫНАР, СИЛЕРДИ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– 1994-жылы туулган кызым Абдиева Ырыс менен апасы Абдиева Тынарды издейм. Аларды көрө элегиме 3-4 жыл болуп калды. Узап кеткен жылдын 20-октябрында кызымдын туулган күнүнө карата алар жашап жаткан Нарын шаарындагы үйүнө барсам, борборго көчүп кетишкен экен. Бишкектен таппай жүрөм. Кызымды турмушка чыккан деген так эмес кептерди угуп жатам. Ырыс, Тынар, окуп калсаӊар байланышкыла.
Мелисбек Арзиев,
тел.: 0702 15 50 51, 0550 15 50 51
«АЛГАЧКЫ МАХАБАТЫМ, КАЙДАСЫӉ?»
– Талас облусунун Кара-Буура районунун Кировка айылынын тургуну Баймырзаева Нуризаны издейм. Бишкекте Улан кичи районунда жашачу. Юридикалык колледжде окуган. Таалайгүл, Алия деген курбу кыздары бар эле. Нуриза, мен азыр Москвадамын. Сени издеп интернеттен да таппадым. Алгачкы махабатым, кайдасыӊ, издейм сени.
Бека Алиев, тел.: +79261244851 beka.aliev@mail.ru
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 47-43-43