КҮРҮЧ ЖЕП ТЕРИӉИЗДИ ТАЗАЛАӉЫЗ

Күрүч – пайдалуу жана кандай гана тамак болбосун көркүн ача турган азык. Андан ар кандай тамак-аштын түрлөрүн жасоого болот. Палоо күрүч тамактардын падышасы болсо, ошол эле күрүчтөн жасалган быжы, фаршталган калемпир жана капуста, роллы, түрдүү салаттар жана гарнирлер дасторкондун көркүн ачып келет. Бул жолу мына ушул күрүчтөн даярдалчу тамактарды бирге жасайбыз.

ФАРШТАЛГАН КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 150 грамм
Капуста – 1 даана
Уй эти – 500 грамм
Сабиз – 2 даана
Пияз – 2 даана
Каймак – 2 аш кашык
Томат пастасы – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Лавр жалбырагы – 3 даана
Татымына жараша кара мурч, туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны сууга салып, туз кошуп, жумшаргыча кайнатабыз. Жумшарган соӊ калыӊ жерлерин кесип таштап, жалбырактарын айрыбай бирден ажыратып алабыз.
2. Сууга туз салып, күрүчтү чала бышырабыз.
3. Эт менен пиязды эт туурагычтан өткөрүп алыӊыз. Колго туурасак андан да жакшы.
4. Эми муну күрүчкө кошуп, татымына жараша туз, кара мурчту кошуп аралашма даярдайбыз.
5. Капустанын жалбырактарына аралашманы салып, конверт сыяктуу жылчык калтырбай оройбуз.
6. Көмөч казанга май куюп, капустанын бети кызарганча куурабыз. Дагы улантып бышыруу үчүн казанга тизебиз.
7. Сабизди кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, кууруп алыӊыз дагы казандагы капустанын үстүнө кошуӊуз. Анын үстүнө томат пастасын, каймакты, татымына жараша туз жана мурч, калемпирди кошуп, капкагын жаап, жай отто 1 саат дымдап коюу керек.
8. Капустанын суусу чыгып бууланып, фаршталган капуста даяр болду.

КЫЗЫЛЧА РИЗОТТОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 400 грамм
Кызылча – 2 даана
Уй этинен даярдалган даяр бульон – 2 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Пияз – 1 даана
Катуу сыр – 50 грамм
Петрушка – 1 боо
Татымына жараша туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:
1. Кызылчаны сууга бышырып, муздаган соӊ аарчып, төрт бурчтук кылып туурайбыз. Анын жарымын пюре кылып эзип алыӊыз.
2. Пиязды аарчып, төрт бурчтук кылып туурап, майга куурабыз. Үстүнө жуулган күрүчтү салып майды соруп алгыча кууруӊуз.
3. Кадимки палоого суу куйгандай күрүчтү көмө суу куюп, даяр бульонду салып кайнатабыз. Суу күрүчкө сиӊгенден кийин демдеп коюу керек.
4. Бышкан соӊ кызылча пюресин кошуп, татымына жараша туз, калемпирди сээп аралаштырып, 15 мүнөт капкагын жаап коёбуз. Эми төрт бурчтук тууралган кызылчаны кошуп
аралаштырып, сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп үстүнө сээп коюӊуз. Фантазияӊызга жараша петрушканын талдары менен кооздоп койсоӊуз болот. Кызылча менен күрүч
ризоттосу даяр.

«Чорба» шорпосу

Керектелүүчү азыктар:
Пакистан же Индия күрүчү – 40 грамм
Уй этинен фарш – 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Суу – 1 литр
Ун – 50 грамм
Йогурт – 60 грамм
Пияз – 1 даана
Лимон – 1 даана
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды аарчып, туурап, петрушканы да туурап аралаштырабыз. Ага жумуртканын агын бөлүп алып кошобуз. Татымына жараша туз, кара мурчту кошуп аралаштырып, даяр болгон
массадан тоголок шар жасайбыз.
2. Сууга петрушка менен пияздын калганын кошуп, жуулган күрүчтү жана туз салып 30 мүнөт кайнатабыз. Андан соӊ үстүнө шарларды салып бышырабыз.
3. Чуӊкур табакка йогуртту куюп, ага жумуртканын сарысын жана унду кошуп чалабыз.
4. Даяр болгон аралашманы кайнап жаткан шорпонун үстүнө кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатуу керек. Коюу тарткан даамдуу «Чорба» шорпосу даяр. Өтө чуӊкур эмес тарелкага куюп, лимонду фантазияӊызга жараша кооздоп кесип, чекесине кыстарасыз дагы, дасторконго коё бересиз. Тамагыӊыздар даамдуу болсун!

ГАРНИР ДАЯРДООНУН НЕГИЗГИ ШАРТТАРЫ

• Күрүч организмде тамак сиӊирүүнү шарттап, крахмал, белок, минералдык азыктар жана витаминдерге бай келет. Күрүчтү сууга бышырып алып жей берген адамдын бети тунук болуп, териси тазаланат. Тамак аттуунун баарына сууга бышкан күрүчтү кошуп жей берген кытай, корей кыздарынын беттери эмнеге тунук болорун эми түшүнсөӊүз керек.
• Күрүчтүн бири-бирине жабышпай чачырап бышышына оӊой гана шарттар керектелет. Бышырарда чаӊын кетирип, 3-4 жолу сууга жууш керек.
• Чачырап бышышы үчүн күрүчтү жөнөкөй сууга же эттин кайнап бышкан шорпосуна бышырышат. Өтө чоӊ казанга көп кылып кайнатуу анын текши бышпай калышына алып келет. Андыктан ченем керек.
• Күрүчтү кайсы идиш менен ченеп салсаӊыз, суу куярда ошол идиш менен 2 эсе көп суу куюу зарыл. Сууну күрүч сиӊирип алган соӊ жай отко 10 мүнөт демдеп коюу керек. Бышкан күрүчтү дуршлагга салып, муздак сууга чайкаӊыз. Антпесе күрүчтөн бөлүнүп чыккан крахмал жабышкак кылып салат.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
janko1
2015-02-23 10:12:55
чын эле корей кыздарынын беттери тунук болот кинолордон коруп калчум кургак эле кучучтун озун жеп отурушканын.
0
jass
2015-02-23 13:46:37
речептер аябай жакты,рахмат супер инфо бышырып кором
0
Aselina_kg
2015-02-23 14:05:15
Муздак сууга жууса ширеси кетип калат го
Бышыраарда бир аз туз,май куйса жавышпай сонун бышат.Даамдуу да болот
+1
Chyngyzhan01
2015-02-23 17:36:12
birok kozgo zy9nda kuruch jegen kytay koreilerdin 70% koz ainek tagyshat.
0
Aliyana
2015-02-24 01:52:22
Chyngyzhan01,Корейлер ачуу коп жешет.ошого коз айнек тагышат
0
Ayka1994
2015-02-24 15:41:32
Chyngyzhan01,Кытай корейлердин коздору куруч жегенден эмес, Ачууну(калемпирди) коп жешкенинен улам коз зрейнасы томондойт деген маалыматтар бар.
0
Dina_85
2015-02-23 21:23:18
Корейлердин козунун коруусунун начардыгы козунун кичине болгонунда.
-1
Ledi89
2015-02-23 22:02:01
Рахмат жасап кором.
0
mustan
2015-02-24 10:34:56
Корейлердин көзү кичине болгондон эмес анан күрүчтү олтуруп алып эле жей берсе бети тазарбайт тынарбайт дагы күрүч жеген үчүн 70%анча Чала көрүп калбайт.Биринчиден күрүч бул наны Экинчиден күр..жесе көрүүсү начарлабайт 3) тазарбайт бети күрүчтөн буларда абасы нымдуу келет ошол себеп ачуу жейт ачуу жебесе эгер Өпкө касал болот көзүнө келсек ош
0
mustan
2015-02-24 10:41:11
Ошо ачууну көп жеген үчүн көзүнө зыян тийгизет анан дагы кошумча буларда технология,өнүккөн 5.6 жашар балдарыда компто же смартфон теледе 24 саат болот кол телефон смартфондон чыккан ультра жашыл нур баланын көзүн 3 айда эле бузат анан чоңойгон сайын ачкарик болуп бара берет негизи күрүчтөн бет тазарбайт и көрүүсу начарлабайт
0
Ayka0696
2015-02-24 10:54:32
Мага куручтон жасалган палоо жана быжы жагат.
0
Pantherka
2015-02-24 12:32:46
Куручтон бет тазарат эле. Байкасанар балык жеген Бразилиялыктардын денеси сепкил, а корейлердики таптаза куручтой. А коз ачуудан эле анткени, чынында ачуудан очу бардай жешет. Адамдын жеген тамак ашынан сырткы келбети коз каранды!
0
Ayka1994
2015-02-24 15:47:06
Pantherka,айткан создорунуз туура бирок балык жегенден бети сепкилдейт деген ал туура эмес маалыматко менимче анткени сепкил ген аркылуу отот дейилет ал балыкка коз каранды эмес.
0
ekaterina
2015-02-25 17:31:03
жаны торогон аял тороттон кийин 40кун жалан кордо ичет.ошондо бетте сепкил калбай аппак болот.менин женелерим.эжелерим баары ичишкен.менин апам ушундай кылдырат баарын.чын эле аппак болушат
0
K.Batken
2015-02-26 01:23:50
ekaterina, кордо эмне эле я?
0
meri6ka
2015-02-26 12:31:19
K.Batken, Хе хееее
0
asanova92
2015-02-27 04:02:34
ekaterina, чын эле кордо деген не ал?
0
aiperi1991
2015-02-27 11:07:06
Салам супер-инфо жамааты, адамдагы калдар туурасында да кеп кылгылачы, менде кал коп, алдыргым келип журот кимге кайрылсам болот. Алдын ала рахмат!
0
admin_superstan
2015-02-27 15:05:50
aiperi1991, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
0
jasminka
2015-02-28 03:30:08
кордонун жасалышы, ак гуручту таза жууп сууда кайнатат, аябай аз туз кошулат, айран менен кошуп ичет
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан