РАЙКАН АЛКАНОВГО КОЛ САЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАРДЫН ЭКӨӨ ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДАР

Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 16-февралда Талас шаардык сотунда Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча шектелгендердин иши каралган. Анда сот 16 жаштагы Динара аттуу кызды үй камагына чыгаруу, ал эми Гүлнара аттуу кызды соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүү чечимин чыгарган. Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Бычактан ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Кылмышка шектүү катары 16, 17 жана 32 жаштагы кыздардын кармалгандыгын ИИМ билдирген эле. Кийинчерээк "Супер-Инфо" кармалган кыздардын эӊ кичүүсү 16 эмес, 15 жашта, 9-класстын окуучусу экендигин жазып, кыздын энеси менен болгон маекти жарыялаган.
Айыпталуучулардын жактоочусуна байланышканыбызда, ал жогорудагы маалыматты тастыктады:
– Сот отурумунда судья 16 жаштагы Динараны жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарды. Азыр камакта кылмышка шектүү 3 кыздын бири, 23 жаштагы Гүлнара гана калды. Буга чейин 15 жаштагы Бегайым жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылган болчу. Учурда бул иш баштан аяк иликтөө үчүн экспертизага жөнөтүлгөндүктөн токтоп турат. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ кайрадан улантылат.
Башынан эле күдүктүү ойлорду жаратып жаткан бул кылмыш ишинде түшүнүксүз жагдайлар ачылууда. Алсак, ИИМ алгач кылмышка шектүү катары кармалган кыздардын эӊ кичүүсү 16 жашта деп көрсөткөн. Ал эми берки кыздардын жашы 17, 32 деп берилген болчу. Убакыттын өтүшү менен кыздардын чыныгы жаштары ачык айтыла баштады. Тактап айтканда, шектүү катары кармалган кыздардын экөөсүнүн жашы жете электер, 15 жана 16 жаштагылар, үчүнчүсү ИИМ башында билдиргендей 32 эмес, 1990-жылы төрөлгөн, кылмыш болгон маалда 24 жашта экендиги билинди. Муну Талас ОИИБинен тастыкташты. Мындан улам суроо жаралат. Милиция кызматына кыздардын жашын мүмкүн болушунча улуу көрсөтүү тапшырмасы берилди беле? Берилсе кимден? Эмне максатта?

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
zara__
2015-02-23 12:52:52
Ал киши озу тирикпи?
0
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2015-02-23 14:20:02
zara__, тирик экенин билбейт экем, бирок тирүү болсо керек...
+4
adonis98
2015-05-03 20:02:24
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, ;);););)
0
tima_aiperi
2015-02-24 01:29:04
zara__, тирүү
0
Kg.lady
2015-02-23 14:25:02
Бул адам каза болдуго. Ошол кылмыштан сон.
0
Bermet_Kasymova
2015-02-24 00:46:50
Анын олойун деген туру жок го. Коп баскан аяк бок басат деген туура. Ошону кормок
0
Bermet_Kasymova
2015-02-24 00:51:05
Тан калдым эле да мектепти бутконуно 6-7 эле жыл болду эле. Анан да Гулнара эмес болуш керек эле аты
0
meili
2015-02-24 01:16:03
Тируу болуш керек. Админ жооп жазып койгулачы.
0
sumaya
2015-02-24 02:21:05
Ашказан боору жаракат алды деп атпайбы, демек тируу олгон болсо каза тапкан деп жазмак да?
+1
samsung_1840
2015-02-24 10:37:31
Эмне себебтен кыздар ошончолукка барышты экен же очу барбы?Аны окугандар болсо жазып койгулачы себебин.
0
mersedes2013
2015-02-24 11:23:54
Тируу эле ал адам.ХХХ адам коп жашайт болуп олбой кылган ошончо бычак жесе да.Баарынан кызык кандайча жаш кыздар ошол кишинин уйундо болуп как, тем более жонокой адам эмес.Бул жерде бир сыр бар.Акчалуу адам болуп органдагы адамдардын оозун басып койгон да.Менимче жаш кыздардын куноосу жок, бекеринен бычактаган эмес. Коп нерсе комускодо болуп турат
0
admin_superstan
2015-02-24 11:44:34
mersedes2013, этика нормаларын сактаңыз!
0
LadyD
2015-02-24 11:28:29
кыздардын бул кылмышка барганына такыр ишенбейм, бул окуя такыр чындыкка окшошпойт... бул кыздар кимдер, Райкан Алканов ким? жинди болушуптурбу ага кол салып... акча менен менттердин оозун жабыш оной эле да, ошол учун жаштары да туура эмес берилип жургон....
+1
Aygul
2015-02-24 12:16:08
LadyD, :-) Берки жарадардын да бир ши бар да. Кантип эле 3 кыздын аты жонун жашын тактай алышпайт же алар шпион бекен паспортторун алмаштырып жургон. Жашын тактай албаса анан кантип бычак сайганын далилдешет ыя?
0
Pantherka
2015-02-24 12:22:04
Так маалымат канча жаап жашырса да ошол туну тарап кеткен эн кызыгы... Албетте мындай кылмышка оозунан суту кете элек кыздар барбайт. Эмнеси болсо да кудай бар, кудай озу жазалайт эртеби кечпи, кутуш керек.
0
al79mi
2015-02-24 14:25:01
Алкановдун акчасы ойнотуп жатат да органдын адамдарын ойдо-томон такталбаган информацияларды таратып!!! Бул кишинин Суусамыр жайлоосунда ХХХ ХХХ жылына эс алып жургонун оз жакындарынын оозунан укканбыз!!! Алар коргонунун айтышты а корбогондору канча дейсин!!! Пайгамбар жашына келгенде ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ!!!!Алканов туурасында коп имиштер айтылчу Калк айтса калп айтпайт дечу беле!!!!!!
0
admin_superstan
2015-02-24 14:47:05
al79mi, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
nargizka.kg
2015-02-24 15:21:55
Кызык...
0
bakyt_2015
2015-02-24 19:34:28
Бир убакта Болот Шамшиев ушул шекилдуу концерт койду эле,эми бул киши. Биздин аксакалдар эмне болуп баратат деги. Жаштарга насаат айтчу куракта аялдар менен соттошуп.
+1
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан