Уулуу, бирок кирешелүү – НЕФТЬ

Силер билесиңерби?

Нефть жер жүзүндөгү күйүүчү май жана отун ресурстарынын 48 пайызын түзөт. Жылына дүйнө жүзүндө 3,6 миллиард тонна нефть өндүрүлүп, баасы 252 миллиард долларды чапчыйт. Бул фактылар нефтинин эң керектүү, эң баалуу кен байлык экенин айтып турат.

ЖЕРДЕН СЫЗЫЛЫП ЧЫККАН БАЙЛЫК
Жашообуздун терең катмарына сиңип калган нефть жөнүндө б.з.ч. 6-4-миң жылдыкта эле айтылат. Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун жазууларында “нафта” деген ат менен белгилүү болгон күйүүчү зат жөнүндө жазуу сакталуу. Ал жерде нефтинин цемент жана күйүүчү зат катары колдонулганы жазылат. Ал эми бүгүн кеңири колдонулуп жүргөн нефть деген сөз перс тилинен алынып, “жер катмарына жайылган, майланышкан күйүүчү суюктук” деген маанини берет.
XVI-XVII кылымдардан тарта дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө нефтини чырактарды күйгүзүүдө, медицинада жана айыл чарбада кеңири колдоно башташкан.
Орусиянын аймагында алгачкы нефть иштетүүчү завод 1745-жылы иштей баштаган. Ошентип жүрүп отуруп нефть тармагынын гүлдөп-өнүккөн мезгили XX кылымга келип такалат.

БУЛА, ЖЕЛИМ, БОЁКТОР...
Нефтехимиялык өндүрүштүн өнүгүшү менен “кара алтындан” күйүүчү майга катар отун энергиясын алуу да алдыңкы орунга чыккан. Андыктан нефть өндүргөн өлкөлөр башка мамлекеттерди көгүлтүр от менен да камсыз кыла башташкан. Ошондой эле нефтини башка тармактарда кеңири колдонууга болору билинген. Айтсак, нефтиден синтетикалык каучук, була, желим, тазалоочу каражаттар, боёктор, DVD, CD дисктери, жогорку активдүү заттар жана башкалар алынат.
Ал эми биз колдонуп жүргөн жаратылыш газы дагы нефти менен бирге чыгары белгилүү.

АДАМДЫН ГАНА ЭМЕС, ЖЕРДИН ДА ДЕН СООЛУГУНА ЗЫЯН
Нефтини жашоодо кеңири пайдаланып, зыян жактарын унутуп калгандайбыз. Миллиарддаган байлык алып келүүчү бул зат жер түбүнөн чыгары менен эле жаратылышка зыянын тийгизип баштайт. Нефть чыккан жерде жаныбарлар менен өсүмдүктөр жокко эсе.
Ал эми адамдарга тийгизген зыянына келип токтололу. Нефтиден бензин, солярка, керосин, асфальт алынат эмеспи. Булардын баары жогорку уулуу заттардын катарын толуктайт. Дайыма жолдордо күзөттө турган МАИ кызматкерлери, айдоочулар, май куюучу жайларда иштегендер, авто оңдоочуларга зыяны жогору. Бул адамдар бронхиалдык астма, рак, аллергия, нерв клеткаларынын ар кандай илдеттерине кезигип, азап тартышканы байкалат. Ошондуктан бул тармактарда иштегендер маал-маалы менен дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп туруулары керек.
Ал эми жалпы элге кандай зыяны бар? Машиналардан чыккан бензиндин түтүнү абага көтөрүлүп, суунун буусу менен коргошунду пайда кылат. Ал адамдарга аба менен дем алуу органдары аркылуу кирип, ар түрдүү ооруларды чакырат. Коргошун адамды алсыздандырып тез чарчоого, психикалык өзгөрүүлөргө, уйкусуздукка, көңүлдүн чөгүүсүнө жана гормондук алмашуулардын бузулуусуна алып келет. Ошондуктан автоунаалар быкпырдай кайнаган мегаполистин жашоочуларынын ден соолугу кадимки айылда, кең талаа-түздө жашап, иштегендерден алда канча начар болот.

НЕФТЬ ӨНДҮРҮҮДӨГҮ АЛДЫҢКЫ КОМПАНИЯЛАР
Дүйнө жүзүндө нефть өндүрүү боюнча 1-орунда Сауд Арабиясынын “Saudi Aramco” компаниясы, 2-орунда Ирандын “NIOC” компаниясы, 3-орунда АКШнын “Exxon Mobil” компаниясы турат. КМШ аймагынан “Роснефть” компаниясы 16-орунда.
Ал эми нефтинин жардамы менен миллиардерлерге айланган адамдар да жалпыбызга белгилүү. Тарыхты алып карасак, биринчи миллиардер Жон Рокфеллер нефть аркылуу байлыкка жеткен.
Азыркы кездин да нефти магнаттары Рокфеллерден кем калышпайт. Алардын бири Сауд Арабиясынын падышасынын баласы – Мухаммед вин Фахт. Анын ишканасы суткасына 12 миллион баррель нефть өндүрүп турат. Бул нефтинин баасы 7 миллиард долларды түзөт.

БУЛ ДАГЫ НЕФТЬ ЖӨНҮНДӨ

  • Адамзат тарабынан ушул кезге чейин 210 миллиард тонна нефть өндүрүлгөн.
  • Болжолдор боюнча жердеги нефтинин запасы дагы 50 жылга чейин жетет.
  • Дүйнөдө нефтини эң көп керектеген өлкөлөр – Кытай менен Индия.
  • Нефтини байыркы заманда өлгөн денени бальзамдоо үчүн да колдонушкан. Ошондой эле “кара алтындан” бензин, керосин, мазут, асфальт, битум, парафинден сырткары нефтинин курамындагы компоненттер маргарин майында жана шоколадда да жолуктурса болот.
  • Баррель деген сөз англис тилинен алынып, “чоң идиш” (бачок) деген маанини берет. Анын көлөмү 158 литрди түзөт.
  • 1 тамчы нефть 25 литр сууну жараксыз кылат.
  • Бензинди күндүз сатып алууга караганда кечинде алган оң. Анткени аба температурасы төмөн болгондо бензиндин тыгыздыгы жогорулап, бензин көбүрөөк болуп калат.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АВТОУНААГА КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ?

Бахтира, 23 жашта, студент:
– Автоунааларсыз күнүм өтпөй калат го. Азыр студентмин, жалаң маршруткада жүрөм. Кышында сууктарда көпкө күтүп же кеч калып калганда машинам болсо деп кыялданып кетем. Буюрса, биринчи орунда машина алууга аракет кылам.

Урмат, 43 жашта, кызматкер:
– Өтө деле көз каранды эмесмин. Буга чейин ата-бабаларыбыз машинасыз деле жашап келишкен. Азыркы жаштар бир кадам жерге да жөө басышпайт. Жакшысы, Европа өлкөлөрүндөй болуп велосипедге көнсөк, ден соолук үчүн деле жакшы болмок.

Зейне, 63 жашта, пенсионер:
– Шаар жергесинде кааласаң-каалабасаң да автоунааларга көз каранды болот экенсиң, ботом. Айдоочулук күбөлүктү сатып алып айдап жүргөндөрдүн айынан кырсыктар көп. Ушундан улам эки неберемди өз алдынча окууга жибергенден коркуп өзүм жеткирем.

Талант, 28 жашта, сатуучу:
– Бир нече жылдан бери машина айдап жүрүп, катуу көнүп алыптырмын. Бузулуп калса тим эле чолок болуп калгандай, иштерим бүтпөй жүдөй берем. Бир жолу машинам бузулуп жөө калып, кайсы маршрутка кайда барарын билбей кыйналгам.

Бактыбек, 39 жашта, зоотехник:
– Менимче, азыркы жашоодо автоунаанын ролу абдан чоң. Бирок бензиндин күн санап кымбаттап жатканы кооптондуруп жатат. Эгер ошол чын болсо, машиналарды короого токтотуп, кайрадан троллейбустарга тыгылышмай башталат да.

Мээрим, 18 жашта, студент:
– Азыр мен эки бутума көз карандымын. Окууга жөө барам. Ата-энемди кыйнап, күндө акча сурай бергим келбейт. Мага окшогон студенттер аз эмес. Бирок суук күндөрү кыйналасың. Мамлекет студенттерге жол кирени арзандатып берсе жакшы болмок.

Дүйшөн, 50 жашта, айдоочу:
– Эл көз каранды болбосо да мен автоунаага көз карандымын. 20 жылдан бери рулдамын. Үй-бүлөмдү да ушул машинамдын жардамы менен багып жатам.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 370, 4-10-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан