Санжар Мыкыев: «ЖИНИМ КЕЛСЕ ДА КАШКА ТИШИМДИ КӨРГӨЗҮП КАЛП КҮЛГӨНДҮ ҮЙРӨНДҮМ»

«Тамашоудон» чыккан тапан жигит Санжар менен кобурашып отуруп, келечеги кеӊ, мыкты инсан болоруна ынандым. Анткени өзүнүн кичине мамлекетине карамдуу келип, туура жолго сала алган мырза Кыргызстаныбызга салым кошо алат деп ойлоймун.

– Санжар, бешик боо бек болсун! Ата болгондогу сезимдериӊ менен бөлүшө кетсеӊ?
– Рахмат! Ата болуу өзгөчө, айтып бере алгыс сезимдер экен. Мурун ата болгондор айтып койсо болмок экен (күлүп). Кызымдын жытына тойбой мас болуп жүрөм.
– Бала жытына мас болуп, жубайыӊа көӊүл бурбай калган жоксуӊбу?
– Кызымды жакшы көрүп жатам, бирок жубайымды да унутпайм. Кичинекейимди бул жарык дүйнөгө алып келген апасы да. Учурда экөөбүздүн эрмегибиз эле бала болуп калды. Кызымды жуунтканда да бирге жуунтабыз. Анткени апасы «колумдан түшүрүп алам» деп коркот. Анын үстүнө менин колум чоӊураак, алаканыма салып кармап берип турам. Наристе жуунтат. Кызыбыз сууну аябай жакшы көрөт. Балалуу болгонго чейин кичинекей ымыркайларды бирөөгө такыр окшото алчу эмесмин. «Атасына окшош экен» деп калышса, «мунун эмнеси атасына окшош» деп койчу элем. Өзүм балалуу болгондон кийин балекеттей эле окшоштуруп калдым. Кызымдын көзү, мурду, айтор, менин эле көчүрмөм. Биринчи небере көрүп жаткандыктан атын атам койду. Мен айдан, анан гүлдөн башталган ысым болбосун дегем. Ошондуктан Фатима деген ысымды тандаптыр.
– Үйлөнгөндөн кийин мырзалар толуп кетчү эле, эмнегедир сенин толгонуӊду байкаган жокмун?
– Үйлөнгөндөн кийин 10 килограмм салмак кошком. Курсагым чыгып, көйнөктөрүм батпай кеткен эле. Жаӊы телевизиондук долбоорлорду алып бармакмын. Режиссёр Канат Култаев мени көрүп, «арыкта, болбосо камерага жарабай каласыӊ» деди эле, бат эле арыктап, мурдагы калыбыма келип алдым. Эч кандай диета кармаган жокмун. 7 маал тамактанчумун, арыктоо үчүн күнүгө 3 маал тамак жеп калдым (күлүп). Андан сырткары машыгуу залына барып турам.
– Өзгөчө чач жасалгаӊ менен да элдин эсинде калсаӊ керек, сыр болбосо канча лак коротосуӊ?
– Чач жасалгамдын аты андеркат деп аталарын жакында эле билдим. Студент кезимде, "Тамашоунун" биринчи сезону башталганда чачымды кырып салган болчумун. Таз болгондуктан баары мени «лысый» дешчү. Андан кийин телеге алып баруучу болуп келгенде «бул таз башты өстүрүш керек» дегенинен өстүрдүм. Чач өскөндө жүдөп баштадым эле, эки четин кырып салдым. Чач узара баштаганда оӊ жакка, андан кийин сол жакка жаткызып көрдүм, акыры лактап тургуза баштадым. Ошондо «короз» деген атка кондум. Чач жасалгамдын автору Наристе деп койсок да болот. Негизи кийинүү стилимди жубайым түзүп берет. Ачыгын айтсам, мен Алайдан келген тоолук жигитмин. Анын үстүнө лицейде жалаӊ эркектер менен окугам. Ошондуктан стиль, мода дегенге кызыккан эмесмин. Ал эми чачыма 2 жумага жарым литр лак коротом. Эртеӊ менен ойгонсом, чачтарым кирпинин ийнелериндей тикчийип калат.
– Калп айтпасам, жубайыӊ Наристе сулуулук салонун иштетчү беле?
– Ооба, кайындарымдын 4 сулуулук салону бар. Аларды кайненем, кайнежем иштетет. Декретке чыкканга чейин Наристе да ошол салондордун биринде администратор болуп иштечү. Наристенин кош бойлуу экенин билгенде эле иштетпей койгом. Салондогу ар кандай жыттар балага зыян да. Үйдө зерикпесин деп бир күнү тоого чыгып, эртеси көлгө барып, айтор, ар бир күнүн кызыктуу кылып өткөргөнгө аракет кылып жаттым. Маанайы түшпөсүн деп киного, боулингге да алып бардым. Ушинтип камкор күйөө, камкор ата болдум десем болот.
– Акча табуу жагынан деле тыӊ болсоӊ керек, үйдүн капчыгын ким кармайт?
– Студент кезден эле акча жакшы табам. Наристе үйдүн гана эмес, тойлорду, иш-чараларды өткөргөн "Тамадалар GROUP" аталышындагы компаниямдын дагы бухгалтери. Үйлөнгөнгө чейин акчамдын каякка кеткенин билбей калчумун. Азыр баары орду менен. Жада калса кайрымдуулук кылганга да каражат бөлүп жатам. 2006-жылы Бишкекке келгенде туугандарым жок, кыйналган учурларым болгон. «Ыйык Ата Журт» кайрымдуулук фонду мага стипендия бөлүп берчү. Көрсө ал акчаларды бизнесмен байкелер берип турчу экен. Эми ал байкелерге ыраазычылыгымды билдирип, жакшылыгын кантип кайтарарымды билбейм. Анткени аларда баары бар. Ошондуктан мен дагы алардын жолун жолдоп, ай сайын студенттерге кайрымдуулук жасап, стипендия бөлүп турам.
– Сенин тойлорду заманбап алып барарыӊды билебиз. Мааракелерде кандай өзгөчөлүктөрдү киргизип жатасыӊ?
– Конокторду эки саат сүйлөтпөй оюн-зоокко көбүрөөк убакыт беребиз. Меймандар концертке келгендей эс алып кетишет. Биздин штатта 15 кызматкер иштешет. 300дөй кишини көзөмөлдөп жатып эки тонна көмүр түшүргөндөй чарчайсыӊ. Анткени ар бири энергияны соруп алат.
– "Аябай кызуу кандуумун" деп калчу элеӊ. Сабырдуу болууну үйрөндүӊбү?
– Мурун катуу жинденгенде өзүмдү көзөмөлдөө оор болуп калчу. Кыйкырып жиберем, сөгүп же бир нерсени сындырып салам дегендей. Азыр сабырдуу болгонду үйрөнүп жатам. «Аябай жиниӊ келсе көк чөпкө отур» деген жакшы кеӊеш уктум. Азыр жиним келсе сыртка чыгып кетип эле көк чөпкө отура калам. Эс алып каласыӊ, анткени адам жинденгенде пайда болгон терс энергия чөпкө өтүп кетет экен. Кышында көк чөп жок болгондуктан, муздак сууга жуунуп алып жатам. Ойлонуп көрсөм, мурда болбогон нерсеге эле жиндене берчү экем. Азыр чоӊойдумбу, акыл кирдиби, ичимден жиним келсе да кашка тишимди көргөзүп, калп күлгөндү үйрөнүп алдым.
– Кызыктуу маек курганыӊа рахмат!

"Менин стилистим – келинчегим Наристе".

"Тамашоу" карьерамдын башаты болду".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ата болгондон бери жумшагыраак болуп калдым" дейт Санжар Мыкыев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
LadyD
2015-02-24 11:34:00
жакшылап карасан Наристе сулуу деле эмес экен..... просто озун аябай тыкан алып журот экен, макияжы да дайым жакшынакай, вкусу да бар, тыкан жарашыктуу кийинет...Санжарды да тыкан кийинтип... просто эле "ухоженнная" экен
+1
admin_superstan
2015-02-24 11:41:10
LadyD, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
-1
admin_superstan
2015-02-24 11:41:14
Ibraxim, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Ayperi94
2015-02-24 16:24:14
Бешик боосу бек болсун!
0
akzuura
2015-02-24 17:28:49
ОЗУ адамдарга эч нерсе жакпайт суйруда жалпакда анан ошол суйру Адам чет олкодон 1-орунду алып келсе баары жактырып калышат)
-1
altyn_kyz
2015-02-24 19:14:43
Ар кимдин вкусу ар кандай да..ага башыныздарды оорутуп не кыласыздар? Санжар байкеге ийгилик,уй-булосу мн бактылуу болсун!
-1
jama9210
2015-02-25 11:03:27
Буюрса иним уйлонсо ушу жигитти тамадалыкка чакырбасам.... аябай жакшы алпарат ай.
-1
kanat84
2015-02-25 17:01:02
Сонун маек болуптур, Санжар иним сага ийгилик каалайм.
-1
Janusia
2015-02-26 13:33:22
Азамат, бактылуу болгула
0
admin_superstan
2015-02-26 15:35:33
345nazik_jurok, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-1
ms.miss.kaprizz95
2015-02-27 02:02:53
Дагы жакшырак мактанса болмок
+1
nuria.2015
2015-02-27 05:28:38
уй булосу менен бактылуу болушсун!
0
bema_bema
2015-02-27 16:38:24
Кичине адамды котормолоп алга дебестен,буттан тартып ылдый коздой суйрошот


Ишине ийгилик,Кыргызстанда чыгаан уулдарыбыз кобойо берсин!
-1
Ayka1994
2015-03-01 11:23:29
Бешик боосу бек болсун!Ылайым омуру, ырыскысы,бак-таалайы менен берген болсун! Кызынын атын эмне учун АЙ жана Гул деген атоодон болбосун дептирго эмне учун каалабады экен
0
orhidea83
2015-03-02 08:46:41
А вкусах не спорят ар кимдин оз иши кайдан кулак чыгарса, ийгилик ден соолук!!!
-1
admin_superstan
2015-03-02 12:15:31
оштук, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 15 күн БАН!
-1
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан