ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ УЛУУНУН ДА, КИЧҮҮНҮН ДА ДОКЕси эле...

Дооронбек Садырбаев... Нукура кыргыз жыттанган инсан. Чебер режиссёр, көрөгөч саясатчы, курч калемгер. Калтырган өнөрү, баскан өмүрү менен келечекке өрнөк боло турган улуу инсан. Улуу-кичүүнүн Докеси. Жыл өтүп эскиргени менен, Докенин жаркын элеси элинин эсинен эскире элек. Анын кыргыз деп күйгөнүн, курч сөздөрүн, чынчыл, калыстыгын, тамашакөйлүгүн али да замандаштары тамшанып эскеришет.

• Садырбаев Дооронбек Садырбаевич
• Туулган жылы, күнү
– 1939-жыл, 13-февраль
• Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Апыртан айылы
• 1957-жылы – Орто мектепти аяктап, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Медициналык институтка окууга тапшырган. 4-курсту аяктап жатып бул окуусун таштап, «Кыргызтелефильмге» жумушка орношкон.
• 1969-жылы – Ленинград шаарындагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүрүп келген.
• Тарткан тасмалары – «Топчу», «Арман», «Кайран эл», «Акбаранын көз жашы», «Махабат дастаны» жана башка бир нече көркөм фильмдерди тарткан.
• 1992-1995-жылдарга чейин Түркияда "Ихлас фильм продакшн" киностудиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген.
• 1995-2007-жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинин депутаты болгон. 1999-жылы "Кайран Эл" партиясын түзгөн.
• 2004-жылы ноябрда «Ата Журт» деген оппозициялык кыймыл түзгөн. (Анын уюштуруучуларынын бири – мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева болгон).
• 2008-жылы 28-майда оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Алган наамдары
• Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси.
• 2010-жылы ага (каза болгондон кийин) Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган жана Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектин мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

Сонунбүбү Көлбаева, жубайы: «БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАСАК БАШКАГА ҮЙЛӨНСҮН ДЕП УРУКСАТ БЕРГЕМ»
Доорош экөөбүз байлык жыйнаган жокпуз, бирок бактылуу өмүр кечирдик. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө Дооронбек жатаканага келер убакта кийинип, даярданып турчумун. «Чакырып жатат» дегенде жөн баспай чуркап барчумун. Экөөбүз студент кезибизде баш коштук. Айылына алып барганда жакындары жакшы кабыл алышканы менен, айылдаштары «жалгыз бала болсо чүйлүк аял алабы?» деп сөз кылышты. Кайненем «балам өзү сүйгөн кызга үйлөнсүн, мен каршы эмесмин» деп бизге батасын берип, туш кийизди көшөгө кылып тарткан. Түштүктүктөр жуурканды аябай чоӊ жасашаарын ошондо билдим. Улам жыйсам эле кайра кулап калат. Кайненем «түбүн кенен жыйсаӊ кулабайт» деп үйрөттү. «Эмне үчүн үч эле жуурканыӊыз бар?» деп сурасам, кайненем «Дооронбек окуп жүргөндө бар дүйнөмдү сатып бербедимби» деп жооп берген. Көрсө, кайнатам каза болордо «балам, апаӊ сага «Жыпарканды алып берип тракторист кылам» десе макул болбо, шаарга барып окуу жайын бүтүрмөйүн келбе. Өзүӊ сүйгөн кызга үйлөн» дептир. Жыпаркан Доорошума кудалап койгон кыз болгон экен.
Ошентип, үйлөнүп шаарга келгенден кийин чогуу жашообуз башталды. Ал 4-курсунда окуусун таштап, «Кыргызтелефильмге» ишке орношту. «Мен дагы академиялык өргүү алайын» десем, «экөөбүз теӊ окуубузду таштаганыбыз туура эмес, мен сенин атаӊа окутам деп сөз бергем» деп болбой койду. Анда эшек араба жакшы транспорт эле. Мен батирден көчөрдө эшек арабаны таап, ээси менен сүйлөшүп, жүгүбүздү жүктөп, койкоюп отуруп алчумун. Доорош эшек арабага жүктү жүктөп баруудан тартынчу.
Сабактан чыккандан кийин жумушуна келип күтүп турчумун. Бир күнү режиссёр Балташ аке (ред. Кайыпов) «Сонун, Дооронбек жакшы жигит, эч кимдин көзүн карабайт, кызганбай эле кой» деди. «Балташ аке, биз бакыт күнүн өткөрөлү деп күтүп жатам» десем, «азаматтар, бактылуу болгула!» деген эле. Ал жумуштан чыгары менен кинотеатрга барып кино көрүп, чогуу тамактанып алып үйгө кетчү элек. Троллейбуста баратканда орустар кыргыздарды «баран» десе, атырылып барып жакадан алып мушташа кетчү. Жашаганыбызга беш жыл болгондон кийин кайын журтума барып, «Доороштун артында туяк калышы керек. «Төрөп бербедиӊ» деп карыганда мага күнөө койбогула, дарыланганымдан жыйынтык болбой жатат» дедим. Дооронбек ажырашып кетишибизге макул болгон жок. Кийин Кудайга үнүбүз жеттиби, кыздуу болдук. Тилекке каршы, ал 11 жашында чарчап калды. Андан кийин уулдуу болдук. Мен «карыганда уулдуу болдук, атын Картаӊбек коёлу» десем, Доорош «Чоӊойгондо кыздар менен кантип таанышат? Зарыгып жүрүп көрдүк, атын Зарылбек коёлу» деди. Балабыз көп сүйлөгөндү жактырбайт. Уулубуздун экинчи баласы Шерболотту өзүбүзгө жаздырып алганбыз. Доорошум «сен Шерболотту окутуп, үйлөндүрүп, анан менин жаныма кел» деп айткан. Шерболотубуз азыр түрк лицейинде 7-класста окуп жатат.

Гүласал Садырбаева, Жогорку Кеӊештин депутаты, карындашы: «КЫРГЫЗДЫ БАСЫНТКАН АДАМ МЕНЕН МУШТАШЫП КЕТЧҮ»
-Биздин атабыз аябай эрте каза болгон. Алты бир тууганбыз. Атам өтүп кеткенде Дооронбек агам 14тө, мен 2 жарым жашта экенбиз. Атабыз башкарма, башкы эсепчи болуп жүргөн, төбөсү көрүнгөн адам болчу деп айтып калышат. Ал рак илдетинин айынан оо дүйнөгө кетиптир. Агама атамдын оорудан каза болгону ушунчалык таасир эткен экен, «мен ошол айыкпайт деген дартты айыктырган дарыгер болом» деп медициналык окуу жайга тапшырган. Бирок 4-курска чейин окуп, кийин кино тармагына өтүп кетти.
Агам кайыр сурап турган кишинин жанынан жөн өткөнүн көргөн эмесмин. Сөзсүз акча берчү. Шайлоочулары менен жолукканда кимдир бирөөнүн уну жок экенин же азык-түлүгү калбай калганын укса, акчасын берип каралашып кетчү. Алган айлыгын элге таратып берип койгон күндөрү да болгон. Дүнүйө-мүлк деле топтогон жок. Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коюп, элин басынткан адам менен мушташып жатып калчу. Аябай кызуу кандуу, тайманбаган киши эле. Анан аябай келишимдүү болчу. Чачы коюу, капкара болуп тармалданып, көркүнө көрк кошуп турчу. Жаш кезинде эмес, кийин деле «байкеӊ менен тааныштырчы» деп ага ашык болгон кыздар мага кайрылышар эле. Андайда тамаша менен кутулчумун. Агам ушунчалык принципиалдуу адам болгондуктан, өмүр бою жеӊемди сүйүп өттү. Жеӊемди биз «азыркынын Каныкейи» деп коёбуз. Абдан мыкты адам.

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЖОК, КЕЧ БОЛУП КАЛДЫ ДЕП КОЙДУ»
Дооронбек чыгармачыл чөйрөнүн алпы болчу. Алгач кино тармагына аралашканда артында арабасы бар мотоциклине аппаратурасын жүктөп алып, күнү-түнү тынбай иштеп жүрчү.
«Акбаранын көз жашы» киносун тартып жатканда мен Базарбайдын аялынын ролун жараткам. Базарбай жинденип келип аялын ыргытып ийген жери бар эмеспи. Ошол эпизодду «улуу кишиге кантип кол көтөрөм?» деп Дүйшөн такыр аткарбай, жер карайт. Дооронбек Дүйшөндү ары жакка алып барып сүйлөшүп, ызалантып келди окшойт, келип мени желкеден алып тезектин арасына ыргытып жиберди. Башым менен катуу тийсем да эч кимге билгизген жокмун. Дооронбек «азамат, катуу тийсе да билгизген жоксуӊ» деп айтты. Кечкисин тартуу иши бүткөндө баарыбызды чогултуп алып коӊур үнү менен ырдап берчү. Саясатка аралашкандан кийин көп байланышпай калдым.
Бир ирет аянтта митингден Докемди жолуктуруп, «Сенин кесибиӊ, колуӊда камераӊ бар, артка кайт. Сенден башка саясатчылар толтура» десем, «жок, кеч болуп калды» деп койду.

Айбек Жангазиев, Д.Садырбаев атындагы «Кыргызтелефильм» студиясынын жетекчиси: «ЭРКЕКТЕРДИН ТАМЕКИСИН ЧЕГЕ АЛБАЙСЫӉ ДЕП ТАМАШАЛАГАН»
Дооронбек агайды көзү өткөндөн кийин «залкар эле, укмуш эле» деп айтып жатышпайбы. Мен үчүн ал жөнөкөй инсан болчу. Ал мейли депутат болсун, селсаяк болсун, баарына бирдей мамиле жасачу. Өзүнөн кичүүлөргө да «сиз» деп ызаат менен мамиле кылчу. «Акбаранын көз жашы» киносун тартып жатканда Базарбайды карышкыр кууган жерин тарткан учурубуз дале көз алдымдан кетпейт. Трактор менен эки тоонун ортосуна тросту тарттырып, ортосуна оператор отура турган орун жасадык. Биринчи оператор бир кадр алгандан кийин Дооронбек байке «ушул жагы жетишет, трос үзүлүп же ат мүдүрүлүп Дүйшөн кулап түшсө, карышкыр талап таштайт, болду, токтот» десе, мен «дагы бир кадр алып коёюн» деп тургам. Айткандай эле трос үзүлүп кетсе болобу. «Мен айтпадым беле» деп кейип калды. Ушундай баамчыл киши болчу.
Түркияда Дооронбек байке тамеки тартып отурса, бир түрк мырза «бул эмне деген тамеки?» деп калды. Дооронбек байке «эркектин тамекиси» деп күлүп койду. Чегип көрүп бир жолу тартып эле какап-чакап жатып калды. «Мен сага айткам, бул чыныгы эркектердин тамекиси, сенде эркектик даремет аз турбайбы» деп тамашалаган эле.

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: «МАГА ДОКЕМДИН ЖОКТУГУ СЕЗИЛИП ТУРАТ»
Дооронбек Садырбаев, Апсамат Масалиевдер саясатта менин жол көрсөтүүчүлөрүм, кумирлерим десем болот. Алар менен парламентте отуруп, ак менен караны ылгаганды үйрөнгөм.
Кезинде Докем Ноокенден, мен Аксыдан депутаттыкка талапкер болдук. Ошондо «Садырбаев Шамалды-Сайдын эли менен жолугат экен» дегенди угуп, атайын өзүмдүн боло турган жолугушуумду жыйыштырып, Докем эл менен кандай сүйлөшөт болду экен деп бардым. Шамалды-Сайдын базарында элдин алдында сүйлөп бүткөндөн кийин барып кол алышып тааныштым. Өтө жөнөкөй адам экен, ээрчиткен жардамчылары деле жок, жалгыз. Анан элдин баарын күлдүрүп сүйлөдү. Барып колун кысып учурашсам, «сен кимсиӊ, балам?» деди. «Дооронбек Садырбаевич, мен дагы Аксыдан депутаттыкка ат салышып жатам» десем, «аа, «Аксыда бир арстан жүрөт, барган атаандаштарынын баарын желкеден алып жатат» деп жатышпады беле, ошол сенсиӊби?» деп тамашалады.
Бир ирет «Доке, «Махабат дастанындагы» сүйүшкөндөрдү бир түнөтпөй жайлап салдыӊыз. Бир түнөткөндөн кийин анан өрттөшсө болбойт беле?» деп тамашалап калсам, ал «кыргыздар эч убакта түнөгөнгө шашкан эмес» деген. Анын ушул сөзүнөн эле кандай бийик адам болгонун билсе болот. Акыркы жолу Каркыранын бир бөлүгү казактарга кетерде Ысык-Көлгө бардык. Бийлик адамдарын даярдап коюптур, тажаалданып тосуп алышты. Ошондо Докемдин бутуна таш тийди. Кайра артка кайттык. Келе жатып Караколдон шам-шум этип алалы деп бир жерге токтодук. Ашкана иштеткен уйгур аял экен. Ашлямфу эле калыптыр, баарыбыз отурганда Докем «бул лагманыӊар муздак го» деп баарыбызды күлдүргөн. Көрсө, чындап эле ашлямфу жеп көрө элек тура. «Мунуӊар менин ашказаныма болбойт» деп жебей койду. Биз тамактангыча тигил келинден «Каркыра, Кырчын деген жайлоолорду билесиӊби? Каркыраӊар казактарга учуп кетип жатыптыр го?» деп сурап жатты. Тигил келин «эми бош жаткан жерлер Ысык-Көлдө толтура да» дей салды. Муну укканда Докемдин чындап жини келди, «Баскыла кеттик, бул көлдүктөргө жээктен эле жер болсо, соодасы жүрсө болду турбайбы. Биз болсо бул жакта таш бараӊга калып жүрөбүз» деп кейиди.
Келгенден кийин элге таарынганын айтып гезиттерге маек берип, аз өтпөй дүйнө салды. Өлүм алдында жатып жеӊебизге «Азимбекти чакырт, керээзимди айтам» деген экен. Бирок жетишпей калдым.
Ооруканага келсем жеӊем ыйлап отуруптур. «Эмне керээз айтты?» деп сурадым. Көрсө, жарыктык киши «Мен өлгөндөн кийин бакиевчилер «мамлекеттик ишмер болчу» деп өлүгүмө ээ болуп албасын. Менин зыйнатымды Азике өзү башкарсын» деп анан жеӊеме «сен экөөбүз бир жерде жаткыдай бололу. Байболов «Байтиктен жер алып берем» деген. Ошол Байтикке койгула. Болбосо мени Ала-Арчага коюп сени башка жакка коюшса, ажырап калабыз. Азимбек Байболовго айтып чечип берет» дептир. Анан жеӊеме «Ала-Арчадан эки кишилик орун алып берели. Жанаша жатпай калабыз деген тура, жанаша жаткыдай болосуӊар» десем макул болду. Ошентип ал жактан эки кишилик орун алдырганбыз. Мага бүгүн да Докемдин жоктугу сезилип турат.

Асылбек Өзүбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «МЕНИ «ЧЫЧЫМ» ДЕП ЭРКЕЛЕТИП КОЙЧУ»
-Мен Докемден көп нерсе үйрөнсөм деп далалат кылчумун. Чыгармачылыкта кандай ынак болсок, саясатка аралашкандан кийин андан дагы жакын болуп калдык. Жогорку Кеӊеште иш бөлмөсү биринчи кабатта эле. Барып эле терезесин тыкылдатчумун, айнегин ачып, «ии, чычым, келдиӊби?» деп жардамчысын чыгарып киргизип алчу. Иш бөлмөсүнө кирсеӊ сүрөт галереясына киргендей болчусуӊ. Дубалга бардык замандаштарынын, бирге иштешкендеринин сүрөттөрүн илип, аларга тамашалуу ырларды, куйкум сөздөрдү кошуп жазып койчу.
«Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араӊ тапкан сүйүүбүздөн»,- деген «Таӊ шоолам» аттуу ырына биринчи обонду мен чыгаргам. Ушул ырды жолуккан сайын «ырдап койчу» дей берчү. Мен «Бул кимге болгон арзууӊуз? Айтып койсоӊуз, кайсы бактылуу аялга чыгарылган чыгарма экенин билип алалы» деп тамашалай берчүмүн. Анда «ээ, кайсы бирин айтайын, кайдагынын баарын эске саласыӊ» деп күлүп кутулчу.
1998-жылы филармонияда концертимди берип жаткам. Ырдап бүтсөм эле Дооронбек байке сахнага гүл көтөрүп келе жатат. Алдынан тосуп чыгайын десем, колу менен «токто» деп ишарат кылды. Менин жаныма келип гүл берет го деп күтүп турсам, гүлдү бутума таштап жиберди. Сүрдөп, эмне кыларымды билбей туруп калдым. Микрофонду алып, «Асылбек, дайыма ушундай болуп таманыӊа гүл төшөлүп турсун. Зал толо элди бир чогултса сен, анан Аскар Акаев чогултат» деп айтып, сахнадан чыгып кетти. Эл туруп алып кол чаап жатат, ал учурда Акаев президент болчу, мен болсо мукактанып туруп калдым.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «МЕН БУЛАРДЫ КӨРҮМӨ АЛА КЕТЕМБИ ДЕП ЖИПТИН АЧКЫЧЫН АЛБАЙ КОЙГОН»
-Бул окуяны Дооронбек аганын өз оозунан уккан элем. 2005-жылдын июль айында ошондогу Президенттик администрациянын жетекчиси байбичеси менен бир койду сойдуруп, жапжаӊы Жип машинасын айдатып алып Дооронбек аганын Чоӊ-Арыктагы үйүнө келишиптир. Ал кызматка келгени беш-алты айдан бери сүйлөшө элек экен. Ага өздөрү ала келген койдун этин салып бериптир. Анан тамак үстүндө администрация жетекчиси жыландын башын кылтыйтып, «Жаш балдарга, Текебаевге кошулуп оппозицияда кыйкырып эмне кереги бар? Насип экен, бийлик бизге келди. Эми ажого «мешайт» этпеӊиз. Инаугурация бүтсө, эӊ биринчи указы менен сизге Кыргыз Эл Баатырын берет, ишенбесеӊиз азыр сүйлөштүрөм» деп чөнтөк телефонун сууруп чыгып, анан чөнтөгүнөн кошо чыккан Жиптин ачкычын сунуптур. Антсе Докем «Мен буларды көрүмө ала кетемби, эл эмне дейт?» деп баш тартып, узатып койгон экен. Баары бир Кудай бар экен, көзү өткөндөн кийин Дооронбек Садырбаев Кыргыз Эл Баатыры болду. Аруу жашап, аруу кетти.

"Дооронбек менен бир күн болсо да жашоо бакыт деп турмушка чыккам".

"Атасы "кызым чоӊойгондо далай жигиттер Алымкан деп ырдашат" дечү. Тилекке каршы, тун кызыбыз Алымкан11жашында эле чарчап калды".

"Түркиядан иштеп келген акчага ушул Волганы сатып алганбыз".

"Зарыгып көргөн уулубуз Зарылбек неберем менен".

Докем классикалык фильмдерди тартуу учурунда.

"Токтогул сүйгөн Алымкан" фильминде Токтогулдун жаш кезин ойногон.

Султан Төрөбеков,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дооронбек Садырбаевдин сүйүүсү жана өлүмү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Titi
2015-02-23 12:41:18
Эх залкар инсан . суроттогудой кылып жасаган эстелигин ала арчада мен коюп Берген элем кран менен. Ошондо жанында бош жер турган кызыгып бул жерге Ким коюлат десем аялы дешкен эле жогорудагы айткан керээзи чын экен корсо.
+1
Bakulya79
2015-02-23 18:56:41
Азыркы депутаттар Дооронбек агабыздай суйлой албайт.Бул киши эч бир нерседен тайманбай,бетке айтчу.мындай адамдар азыр жокко эсе.жаткан жери жайлуу топурагыныз торко болсун.
+1
alishaaa
2015-02-23 23:47:37
Залкар инсан эле.аз жашаса саз жашады.Кылган ишин эли эч качан унутпайт.Мыкты саясатчы оз заманынын алпы эле.
0
vertual
2015-02-24 11:57:50
Докемдей адамдар кыргыз чанда болот!
0
Sheke-brat
2015-02-24 14:02:04
Ошто Дооронбек Садырбаев көчөсү дале Ашкабадская деп айтылып жүргөнүнө ичим ачышты.
+1
jypar.i
2015-02-26 22:06:58
Sheke-brat,Бишкектин деле бир көчөсүнө атын берип койсо болмок. Жөн эле дайны жок коюлган аттар бар, мисалы: ул. 9-января, Оренбург-ская, Лесная, Коммунаров, Гражданская ж.у.с, жазып бүтпөйсүң. Ал эми Ибраимов көчөсү дагы эле Правда, Көлбаев - Ворошилов, буларды да санап бүтпөйсүң. Кыргыздын жакшы-жакшы атуулдарынын атын коюп, борборубуздун көчөлөрүн жаркыратып тазалап оңдоп койсо болот эле биздин мэрибиз
0
alirun
2015-02-27 13:03:17
jypar.i,Аты Бишкектеги Бах кочосуно ыйгарылган, тилекке каршы такталары алмашылбай эле турат "Баха" боюнча.
0
tolik
2015-02-24 19:56:15
Бул инсандын бир гана созумо эсимде калыптыр. Ал колдо каркыра жайлоосун казактарга бербейбиз деп барганда,элдер аларды кубалашкан(Албетте Бакиевдин 100грамына алдангандар). Ошондо ал кыргыз жерине куйуп,ошол элге "КЫРГЫЗ БОЛБОЙ КАЛ,КЫРГЫЗ БОЛБОЙ КАЛ!" деп кыйкырганы эсимде калыптыр. Кыргызымдын жери учун куйгон бул инсанда кетти арабыздан. Ал эми куйбогондор 100граммга ошол убакта раазы болуп,эми окунуп жаткандыр. Жер учун куйбогондор ылайым КЫРГЫЗ БОЛБОЙ КАЛГЫЛА!
+7
makwell
2015-02-25 00:17:49
супер инфо Дооробек Садырбаевдин,ырларын киргизгилечи же китебин..
+1
Compact
2015-02-25 11:01:11
makwell, ырлары бар бекен? Миасалы кандай ыры бар экен? Ырдачу бекен? Мен жазуучу, режиссер, политик деп билчумун.
0
amanatym
2015-02-25 08:47:32
Кыргыздын улуу инсаны, Кыргызга жаны кууйгон, Кыргыз деп кызмат кылгандардын бири. Кудайым куноолорун кечирген болсун.
+1
april
2015-02-25 21:39:49
жаш кезинде аябай келишимдуу болгон экен. тарткан кинолору жагат мага.
+1
Sayragul
2015-02-26 11:07:16
Токтогулдун ролунда ойногон учуру, жаш кези келишимдуу жигит экен.
+1
Sayragul
2015-02-26 11:53:56
Ушунчалык сонун укмуш видеотасма тартыпсынар. Рахмат. Жубайынын эргип суйлогону, Дуйшон Байдоботовдун, Асылбек Озубековдун айтып бергендери тим эле укмуш , ырдаганы. Аябай жогорку дэнгеелде.
+1
Sayragul
2015-02-26 11:55:50
денгээлде деп тузотулуп окулсун.
0
makwell
2015-02-26 15:35:08
Колундагы тамекиси полет трубкага кийгизип алган..жонокой киши анан неге бул киши бай эмес дагы калган депутатар бай...мен бул кишии бир мечит ачылганда коргонмун...
0
jypar.i
2015-02-26 22:12:04
Жубайы ушунчалык жаш баладай,ичинде кири жок адам экен. Азыркы жаштар ушулардан үлгү алса. Болбосо эмне - үйлөнө элек жатышып, ойлогондору байлык, мансап. Мына чыныгы сүйүү деген ушу, материалдык байлык топтобосо да, бири-бирине, мекенге болгон сүйүүсү чыныгы "Махабат дастаны" болуптур. Сонун эжеге узун өмүр, бакыт, балдарынын маңдайында аман болсун.
0
damirbek.seiil
2015-03-01 14:41:27
Аябай келишимдуу жигит болгон екен жубайына узун омур каалайм.Суйуулору чыныгы "Махабат дастаны"екен.
0
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан