БАКТЫЛУУ БОЛОМ ДЕСЕӉИЗ, ЖАШООГО ЫРААЗЫ БОЛУӉУЗ!

"Бакытты күтсөм ал эшикти өзү кагып келет" десеӊиз, жаӊылышасыз. Туура, бакыт күткөнгө келет, бирок аз гана убакытка. Бактылуулуктун эрежелеринин бири – жашоого ыраазы болуу. Жашоого ыраазы адам ийгиликтерди багынтат, ал эми ийгиликтүү адам – ал бактылуу адам!

ЫРААЗЫЧЫЛЫК КИМГЕ ЖАНА ЭМНЕГЕ КЕРЕК?
«Жашоого ыраазы болсом эле кантип бактылуу болуп калмак элем?» деп ойлосоӊуз керек. Ойлонуӊуз, ойлонуу да абдан пайдалуу. Эми талдап көрөлү, «эч нерсеге жетишпейм, менин колумдан келбейт» деген ойдон кандай жыйынтык, ал эми «ыраазымын, менде мындай жакшылыктар болду, колумдан келет» деген ойдон кандай жыйынтык чыгат?
Ой-дитиӊизди жашооӊуздагы жагымдуу көз ирмемдерге гана токтотуп, жагымсыз учурларга маани бербегенге көнүӊүз. Жакшыга гана маани берүү жагымсыз учурларды «игнор» кылуу эмес. Башты кумга катып эч ким маселесин чече албайт. Бирок ар бир маселенин чечилчү убак-сааты болот. Нерв кетирбей позитивдүү маанайда чечсеӊиз, жыйынтыгы сизди канааттандырат.
Тартылуу мыйзамында айтылгандай, адам эмнени ойлонсо, эмнеге тартылса ошол ишке ашат. Эгер күнүмдүк убактыӊыздын кайсы бир бөлүгүн ыраазы болууга жумшасаӊыз, сиз ыраазы болгон жакшылыктар кайрадан сизге тартылышат.

ЫРААЗЫ БОЛУУНУН ЫКМАЛАРЫ:
Жашоодон пайда табыӊыз
Ыраазычылык, алкыш айтуу сезими билинбегени менен жашообузда чоӊ роль ойнойт. Мисалы, үй жыйноо, кир жуу, тамак жасоо, мал жайгаруу, суу ташуу, таштанды чыгаруу, машинаны оӊдоо, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө жана башка күнүмдүк жумуштарды моюнунан байланган иттей болуп араӊ жасайбыз. Ошол жумушту акыр аягы өзүӊүз жасай турган болгондон кийин нерв коротпой жасаӊыз. Таза үйдө жашап, таза кийим кийсеӊиз өзүӊүзгө эле пайдасы тиет.
Ар бир кыймылыӊызды көӊүлдөнүп, өзүӊүздү өзүӊүз мактап, ыраазы болуп жасап көрүӊүз, сиздин ишиӊизди мактагандар чыгат. Менин колумдан келет экен деп өзүӊүздү баалоо сапатыӊыз өсөт.

Ыраазычылык күндөлүгү
Күндөлүк ачып, бир күндө кандай жакшы окуялар болгонун, эмнеге ыраазы болгонуӊузду жазып туруӊуз. Ал күндөлүктү ачкан сайын жазылгандарды окуп, жакшы көз ирмемдерге, сиз ыраазы болгон нерселерге кайрылып баргандай сезимге туш болосуз. Күндөлүк сизди айланаӊызга позитивдүү маанай менен кароого, ар бир кубулушка ыраазы болууга үйрөтөт. Күндө жаӊы окуяларды, ар кандай адамдарга болгон ыраазычылыгыӊызды жазгыӊыз келет. Ыраазы болгондордун тизмеси кеӊейет. Бул учурда да тартылуу мыйзамы ишке ашат.

Күндө сейилдеӊиз
Күнүмдүк сейилдөө ыраазычылык күндөлүгү сыяктуу. Күнүгө тынч жерде жана таза абада сейилдегенге аракет кылыӊыз, бул эӊ негизгиси ден соолукту бекемдейт жана көӊүлдү көтөрөт. Ден соолугу бекем, көӊүлү ток адам жашоого ыраазы болбой койбойт.

Тоскоолдуктан коркпоӊуз!
Жашоодогу тоскоолдуктарга да «боор ооруп», алардын бар экенине ыраазы болуу керек. Алар болбосо жашоо кызыксыз, бир сызыкка тизилгендей болуп калбайбы. Жашоо мектеп болсо, маселе мугалимдин кызматын аткарат. Ал бизге ак-караны таанытат, жамандан качууну, жакшыга жабышууну үйрөтөт, чыйралтат. Ал эми мугалимдерге биз дайыма ыраазыбыз!

Ыраазы болгонго себеп жок болсо эмне кылуу керек?
Кээде жашоо-турмуш татаалдай сезилип, ыраазы болгонго эч нерсе таппай сыйпалап калган учурлар кездешет. Андай учур келип калса төмөндөгүлөргө ыраазы болуу ашыкча болбойт:

  • Ден соолугуӊузга, аман-эсен экениӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Көзүм бүтүк, бутум кыйшык деп келбетиӊизден кемчилик издебей, алты саныӊыз аман экенине ыраазы болуӊуз.
  • Эркиндигиӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Ичип жаткан сууга, тамак-ашка, электр тогуна, жашап жаткан жайыӊызга, жаткан төшөнчү-орунуӊузга, кийип турган кийим-кечеӊизге, телефонго, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенине жана башка...
  • Ушул маалыматты окуп жаткан көзүӊүзгө, кабыл алып жаткан мээӊизге ыраазы болуӊуз.
  • Күн нуруна, караӊгылыкка, жаан-чачынга ыраазы болуӊуз.
  • Унутпаӊыз, дүйнөдө сиз жеткен мүмкүнчүлүккө жетпеген адамдар өтө көп!

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
alhamdulillah
2015-02-24 21:04:05
koldonup korolu
0
Ledi89
2015-02-25 14:55:22
Эн сонун кенеш супер алга!Ушундай кенештерди коп жазсаныздар кыргыз элиме пайдасы чоон тиет. Мен коп жылдан бери ушул ыкма менен жашаймын жакшы ойлоо,кечиримдуулук, ачык маанай менен журом кундо жазыпта турам ийгилике жетуунун эн оной жолу. Рахмат суперге.
0
nuru95kg
2015-02-25 16:14:18
битта Катын алвалсак анан ааа %)
0
iliaz-91-91
2015-02-26 01:10:53
Жакшы кенештер экен.
0
banu.kg
2015-02-26 10:17:27
жакшы кенештер,мумкунчулугу чектелген,козу азиз,буту кыска,же майып адамдарды коргондо 12 мучомду толук жаратканына аллага шугур дешибиз керек.
0
rozka
2015-02-26 11:04:23
Аллахка ыраазымын мен Бактылуумун Альхамдулиллах.
0
Kudi
2015-02-26 18:17:13
Ыраазымын ар бир жашап жаткан мунотко бир коз ирмемге ыраазымын
0
mirlaane
2015-02-27 15:31:05
сабыр кылууну билсек бары жакшы болмок
0
jask
2015-02-27 18:13:10
Менда бактылуумун иншшАллах!
0
sumaya
2015-02-28 02:35:22
Аллахым мусулман пенде кылып жаратканына ыраазымын.
0
Leili
2015-03-01 00:34:37
Жакыш кенеш экен тоба кылыш керек
0
anyay
2015-03-01 00:42:11
ой азамат!
0
datka83
2015-03-01 19:50:18
Жашоо кузгу.сен жашоону кандай карасан ал да сени ошондой карайт деп бекеринен айтылган эмес да.
0
aikarus8384
2015-04-22 19:03:24
Эн жакшы кенештер экен, мага учурда ушул сыяктуу кенештер аябай зарыл болуп жатты эле.
0
acer7250
2015-08-23 15:25:12
Эн негизгиси мусулманбыз! Ошон учун Аллахка шугур кылышыбыз керек!
+1
№ 642, 20-февраль-26-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан